Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Der Spiegel: Деспот менен достошуу


Der Spiegel-Online АКШнын дипломатиялык документтерине арналган кезектеги макаланы жарыялады.

Der Spiegel-Online табигый ресурстарга бай же Вашингтон үчүн геосаясий мааниси бар экс-советтик республикаларга арналган америкалыктардын жаңы стратегиясы жөнүндөгү макалалардын түрмөктөрүн жарыялоону улантууда.

"Америкалыктар мунай үчүн баарына кайыл. Азербайжанда алар деспотко жана анын акчага тойбогон кланына жасакерлик кылганга аргасыз болуп жатышат", -деп ырастайт басылма өзүнүн кезектеги материалында.

Бакудан жөнөтүлгөн дипломатиялык жабык отчеттор макаланын авторуна улуу державанын өкүлдөрү алыскы бир банан өскөн өлкөдө калып, ичтеги өктөөсүн жалаң мыскылдуу каттардан чыгаргандай таасир калтырган.

"Бирок тогуз миллиондой калкы бар, Каспийдин кылаасында, орустардын таасир зонасында турган бул мамлекет энергетика чөйрөсүндө АКШнын стратегиялык маанилүү өнөктөрүнүн бирине кирет: Азербайжанда кара майдын далилденген запасы 7 миллиард баррелге, газдын кору 1,3 триллион кубометрге жетет. Баку менен түрктөрдүн Жейхан портунун ортосун жаңы курулган куур туташтыргандан бери Батышка жыл сайын миллиондогон баррел кара май агып калды", -деп жазат басылма.

XIX кылымда "орустар менен британдыктар Каспийдин алабы менен Орто Азияны өздөрүнүн таасирине табын кылганы катуу таймашып", ал тарыхка "Үлкөн оюн" деген ат менен киргенин эске салып, макаланын автору "күрөшкө эми АКШ да шымаланып киришти, бул оюндун байгеси мурдагыдан алда канча ашып түшөт" деп жазат.

Бирок бул оюн үчүн дипломаттар төлөп жаткан кун акы да оңор эмес. "Мамлекеттик департаменттин шардана болуп кеткен документтери муну ырастап турат", - деп көрсөтөт басылма.

"Кеп мында: Азербайжан, жалпы эле Каспий алабындагы мунайлуу башка мамлекеттер – менен достошуу уяла турган иш, - деп улантат макаланын автору. – Эркин басма сөз деген жок, диссиденттер сары сүргүнгө, кызыл куугунга алынат. Диктатор Гейдар Алиев көзү өтөрдөн саал мурда бийликтин тизгин-чылбырын улууна өткөрүп берген, анын башкаруу усулу атасынын усулунан айрымаланбайт".

Дипломатиялык документтер ким менен досондо, ким менен куданда болуп жатканын америкалыктар эң жакшы билерин тастыктап турат.

"Бакудагы байкоочулар көп учурда Азербайжанды орто кылымдарда Европада феодализм үстөмдүк кылган мамлекетке салыштырышат. Биринчи үйбүлө менен туугандык жагы бар үркөрдөй топ өлкөнүн бүтүндөй бир аймактарын жана экономиканын тармактарын өз менчигиндей көзөмөлдөп турат",-деп айтылат дипломатиялык отчеттордо.

Азербайжандагы Либералдык партиянын жетекчиси Лалы Шовкет мунайды элдин шоруна бүткөн касирет деп эсептейт. "Бирок бул америкалыктарды таптакыр чочутпайт, - деп жазат автор сөз соңунда. – Вашингтон коргонуу чөйрөсүндө Азербайжан менен кызматташтыгын кеңейткенге кызыкдар".

Der Spiegel апталыгы WikiLeaks сайты шардана кылган АКШ мамлекеттик департаментине тийиштүү дипломатиялык жабык документтердин урунттуу учурларын жалпылап, ушуну менен бир нече макала басты.

Өткөн жумадагы көлөмдүү материалда АКШнын Борбор Азиядагы "талкан достору" тууралуу кең-кесири сөз болгон эле. Азырынча аталган өлкөлөрдөн бул макалаларга не ак деген, не көк деген жооп айтылган жок.

XS
SM
MD
LG