Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Медиачөйрөнү өзгөрткөн WikiLeaks


"ВикиЛикстин" негиздөөчүсү Жулиан Ассанж швейцариялык мурдакы банкир Рудольф Елмер берген жашыруун маалыматтары бар эки CDни Лондондогу маалымат жыйынында көрсөтүүдө. 2011-жылдын 17-январы. AFP.
"ВикиЛикстин" негиздөөчүсү Жулиан Ассанж швейцариялык мурдакы банкир Рудольф Елмер берген жашыруун маалыматтары бар эки CDни Лондондогу маалымат жыйынында көрсөтүүдө. 2011-жылдын 17-январы. AFP.
WikiLeaks интернет барагынын өкүлү Кристин Графнссон “Азаттыкка” берген маегинде сайт кайсы бир материалдардын түп нускасынын көчүрмөсүн жарыялагандыктан, аны башка маалымат каражаттары сыяктуу баланстап, же экинчи жактын пикири менен коштоп берүүнүн зарылдыгы жок дейт.

“ВикиЛикс” сайты былтыр жайда АКШнын Ооганстандагы согушуна байланыштуу жашыруун аскерий документтерди, ошондой эле америкалык дипломаттардын Мамдепартаментке жөнөткөн купуя каттарын жарыялап, эл аралык деңгээлде ызы чуу салган.

Сынчылар бул интернет барагын кош стандарт саясат жүргүзөт деп сындашат. Себеби, “ВикиЛикс”өзү ири корпорациялар менен өкмөттүк мекемелерден өз ишмердүүлүгү боюнча маалыматтарды жаап-жашырбоосун талап кылып жатып, маалыматтарды кайдан алганын жана кандай негизде жарыялаганын ачык айтпайт; ал материалдар үчүн өзүнө моралдык жоопкерчилик да албайт, дешет сынчылар.

“ВикиЛикстин” өкүлү Кристин Графнссон “Азаттыкка” курган маегинде бул интернет барак эмне материалы болсо, анын баарын жарыялаарын, демек ачык-айкын
"ВикиЛикстин" өкүлү Кристинн Графнссон. 8-февраль 2011
иштээрин белгилеп, коопсуздук чараларына байланыштуу айрым кызматкерлери жашыруун иштегенин айтты:

- Айрым кызматкерлерибиздин өз аты жөнүн жашырып иштегени чындык.

Муну түшүнсө болот: уюмга коркутуу жана чабуул жасоо коркунучу бар.

Ал адамдар үй-бүлөсүнүн, бала-чакасынын коопсуздугун ойлошот. Ошон үчүн айрымдар биз менен толук убакыт иштешпейт.

“ВикиЛикстин” анча-мынча жашыруун иштегенин аскерий уюмдардын же бийлиги кубаттуу өкмөттүн же чоң корпорациянын жабыктыгы менен салыштыруу өтө кыйын.

Графнссондун айтышынча, “ВикиЛикс” сайтына “The New York Times” же башка гезит-журналдар сыяктуу купуя материалдарды басып жатканда экинчи тараптын түшүндүрмөсүн кошо берип, аларды медиа органдар сыягы теңсалмактоонун (баланстоонун) зарылдыгы жок.

- Биз жарыялаган материалдар өзү үчүн өзү сүйлөп тургандыктан аларды төгүндөөнүн кереги жок. Бул чын материалдар, эч ким аларды жалган деп калпка чыгарган эмес. Жарыялаган материалдарды адамдар өздөрү баалай алат. Сиз чыныгы материал менен иштегениңизде ага жарыяланганы үчүн жооп берүүнүн кереги жок.

Эзелтен “ВикиЛикс” британдардын «The Guardian», америкалыктардын “The New York Times”, француздардын “Le Monde”, испандардын “El Pais” гезиттери жана неместердин “Der Spiegel» журналы менен кызматташып келген.

Азыр сайт, Графнссондун айтымында, Латын Америкасы, Азия, Европанын ондогон медиа булактары менен иштешет. Сайт жетекчилиги “ВикиЛикс” баалуу материалдарды хакерлик же уурулук жолдор менен, ошондой эле адамдарды купуя сырларды басууга кызыктырып албайт деп эсептейт.

“ВикиЛикс” хакерлик кылбайт, маалыматты алуу үчүн активдүү иштер да жүргүзүлбөйт. Биз келгенин алабыз. Кээ бирөөлөр айткандай мазмуну бүйүр кызытчу гана материалдар менен иштебейбиз.

Биз келген материалды алып, анын чындыгын текшеребиз. Аны ким бергенин көрсөтчү изди жоготобуз да, коомчулукка чыгарабыз же биздин сайтка жарыялайбыз.

Акыркы бир нече айда материалдарды талдоо үчүн негизги басылмалар менен кызматташып, ошол талдоонун негизинде болгон окуяларды жарыялап жатабыз”, -
дейт “ВикиЛикс” өкүлү Кристин Графнссон.

XS
SM
MD
LG