Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:00

Түркмөнстан: айлыгын албаган мугалимдер


Түркмөнстандагы мектептердин бири.
Түркмөнстандагы мектептердин бири.

Түркмөнстанда мектеп, бала бакча кызматкерлеринин айлык маянасы кайрадан кечиктирилүүдө.

Ашхабаддык айрым мугалимдер эки айдан бери айлык маянасын алыша электигин айтууда. Бул Түркмөнстандагы кызматкерлердин маянасы кечиктирилген алгачкы учур эмес.

Шаардагы мектептердин биринде иштеген атын атагысы келбеген мугалим “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматына март айынан бери эмгек акысын ала албай жатканын айтып берди.

- Мына апрель аяктап баратат. Ал эми бизге март айынын айлыгын бере элек. Апрель, марттын авансын дагы албадык. Күнүгө жумуштан кийин акчабыз түштүбү деп банкоматты текшеребиз. Бирок, акча жок. Ал эми жума сайын жетекчибизге кайрылсак акчаңарды банк картасына которот дейт, - деди ашхабаддык мугалим.

Бул мугалим үй-бүлөсүн мектептен алган айлыгы менен багат. Эми минтип үйдө тамак-аш түгөнүп, айласы куруп турган чагы. Ал кесиптештеринин дагы абалы ушундай экенин айтууда:

- Бизге айдын 10унда же 15-20ларында акча которулат деп убада кылып келишет. Бирок, убада менен балдардын курсагын тойгуза албайсың да. Жалгыз айлык менен жашаган чоң үй-бүлөлөр азык-түлүк ала албай калды. Тамак-аш көйгөйү болуп жатат.

Агартуучулардын айлыгынын кечиктирилиши Түркмөнстанда жыл башынан бери азык-түлүккө болгон баанын 15-50% чейин кымбаттаган учуруна туш келип отурат. Ал эми расмий органдар бул боюнча комментарий бере элек.

Былтыр жазда да Түркмөнстанда мугалимдердин айылыгы кечиктирилгени маалым. Ошондой эле өткөн жыл ичинде бир катар мамлекеттик ишканалардын, жеке менчик фирмалардын кызматкерлери дагы ушундай маселеге туш болгон. Айрым курулуш ишканаларынын жумушчулары жарым жылдай айлыгын ала албай жүрүшкөн.

Өлкөдө мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасы, пенсия, социалдык жөлөк пулдар, студенттердин стипендиясы жана фермерлердин кирешелеринен бери банк карталарына которулат. Башкача айтканда эмгек акыларын банкоматтардан гана алууга мүмкүн. Ал эми банкоматтар негизинен шаарларда, облустун, райондун борборлорунда гана жайгашкан. Аларда дагы көпчүлүк учурда жетиштүү акча каражаты боло бербейт.

Түркмөнстандын расмий органдары банкоматтардагы мындай абалды, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгынын кармалышынын себебин түшүндүрүшпөйт. Мамлекеттик жергиликтүү медиалар болсо, бул маселе боюнча эч качан үн катышпайт.

Өткөн жылдын аягында Түркмөнстанда банкоматтан акча чыгарууда чектөө киргизилген. Борбор калаада банк карточкасынан бир күндө 1000 манат чыгара алса, аймактарда 100-300 манат гана алууга болот. Ал эми чет өлкөгө чыкканда банк карточкаларынан күнүнө 200 доллар гана ала алышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG