Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Эрдоган орусиялык учкучтун үй-бүлөсүнөн кечирим сурады


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын каты эки өлкөнүн алакасын калыбына келтирүүгө жасалган алгачкы кадам катары сыпатталууда.

27-июнда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусия президенти Владимир Путинге кат жолдоп, анда "учкучтун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, дагы бир жолу аза кайгысын тең бөлүшөм. Алар бизди кечиришсин” деп жазган.

Эрдогандын басма сөз катчысы Ибрагим Калын Түркиянын президенти кечирим сураганын ырастады:

- Орусия менен Түркия көпкө созбой, эки тараптуу мамилелерин калыбына келтирүү үчүн керектүү чараларды көрүү тууралуу сүйлөшкөндүгү бизди кубантпай койбойт, - деди Анкаранын өкүлү.

Ал эми орус президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков Эрдогандын катынан үзүндүнү коомчулукка жарыялады:

- Мен дагы бир жолу орусиялык учкучтун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Орусиялык учкучтун үй-бүлөсүн биз түрк үй-бүлөдөй көрөбүз. Кайгыны жана келтирилген зыяндын салмагын жеңилдетүү үчүн биз ар кандай демилгелерге даярбыз".

CNN Turk маалымдагандай, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Орусияга иш сапары менен 1-июлда бармай болду. Ал Карадеңиз экономикалык кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешине катышмакчы. Ошол эле жерден кесиптеши Сергей Лавров менен да жолугушары айтылууда.

Түркия орустардын Су-24 аскер учагын "өлкөнүн аба мейкиндигин бузду, эскертүүнү уккан жок" деп, өткөн жылдын ноябрында атып түшүргөн. Орусия буга нааразылык билдирип, эки өлкөнүн мамилеси кескин сууган. Орусия бир катар экономикалык санкцияларды киргизип, Түркиядан ташылган товарларды чектеген. Эки өлкөнүн маданий байланыштары да начарлаган.

XS
SM
MD
LG