Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Ливиядагы жардыруудан ондогон полициячы мерт болду


Злитен шаарындагы полициячыларды даярдаган борбордогу жардыруу, 7-январь, 2016
Злитен шаарындагы полициячыларды даярдаган борбордогу жардыруу, 7-январь, 2016

Ливиянын түндүк-батыш тарабындагы Злитен шаарында болгон жардырууну жүк ташуучу машине айдаган жанкечти ишке ашырганы кабарланууда. Өлкөнүн оппозициячыл өкмөтү Ливияда өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялады.

Злитен шаарындагы полициячыларды даярдаган борбордо жардыруу болгон учурда жүздөгөн жаңыдан кызматка алынгандар машыгуудан өтүп жатышкан. Такталган маалыматтар боюнча жардыруудан 60тан ашуун адам мерт кетип, ондогон адамдар жараат алышты.

Ливияда чукул кырдаал жарыяланып, жарадар болгон ондогон адамдар борбор шаар Триполи менен Мисурата шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

Злитен шаарындагы жардыруу, 7.01.2016
Злитен шаарындагы жардыруу, 7.01.2016

Экс-президент Муаммар Каддафинин тушунда бүгүнкү жардыруу болгон жерде аскердик база жайгашчу.

Көптөн бери ич ара атаандашып бириге албай келаткан ливиялык саясий топтор декабрда чогулуп, мунаса өкмөт түзүүнү макулдашкан, ал келишим дале аткарыла элек.

Италиялык жоокер Ливиянын картасын карап жатат, 26.04.2011
Италиялык жоокер Ливиянын картасын карап жатат, 26.04.2011

Террористтер полициянын машыктыруу борборуна жакын жерге ичине жардыруучу зат толтурулган автоунааны токтотуп, ал бейшембинин таңында жүздөгөн жаш полициячылар топтошкон кезде жардырылганы кабарланды. Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир уюм өзүнө ала элек.

XS
SM
MD
LG