Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Грозный: атышуудан 10 полициячы мерт болду


Грозный шаарындагы пресс-борбордун имараты өрттөнүүдө.
Грозный шаарындагы пресс-борбордун имараты өрттөнүүдө.

Андан тышкары Чеченстандын баш калаасындагы операцияда 28 полиция кызматкери жарадар болду. Тогуз согушкер жок кылынып, тирүү калгандарын издөө улантылып жатканы кабарланды.

Рамзан Кадыров Грозныйдын борборунда контртеррористтик операция режими алынганын Интерфакс агенттигине айтты. Чеченстандын лидери тогуз согушкер жок кылынганын жана тирүү калгандарын издөө улантылып жатканын кошумчалады. Улуттук антитеррордук комитеттин маалымат борбору куралчан согушкерлер «Грозный шаарында бир катар террордук чабуулдарды» пландаганын билдирет. Аскерий операция маалында 10 полиция кызматкери набыт кетип, 28и жарадар болду.

4-декабрга караган түнү куралданган топ жолдогу текшерүү бекетинде үч полиция кызматкерин атып салгандан кийин Басма сөз үйүнө жашынганы маалым болгон. Бул имаратта республикалык гезиттер, интернет агенттиктер жана федералдык медиа каражаттары жайгашкан. Куралдуу топко каршы атайын операция маалында алты согушкер жок кылынып, имарат өрттөнгөн.

Окуяга күбө болгон Грозныйдагы укук коргоочу мобилдик топтун мүчөсү Сергей Бабинец атайын операциянын жүрүшү тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:

- 4-декабрга караган түнү саат 12 жарымдарда көчөдөн катуу жардыруунун үнү чыкты. Андан соң полициянын машинесинин үнү угулуп, атышуулар башталды. Түнү бою ок атышуулар тыйылган жок. Автоматтын үнү менен катар эле оор техниканын дагы үнү жаңырып турду. Добушуна караганда артиллериялык системадан аткылап жатышты окшойт. Балким шаарда танктардан дагы аткылап атышы мүмкүн. Бүгүн күндүз Грозныйдын борборундагы белгилүү Путин проспектиси менен катар Роза Люксембург көчөсүндө дагы кармашуу болду. Люксембург көчөсүнүн кесилишинде үч-төрт кишини гана байкадым, куралданган аскерлер кимдир бирөөлөрдү аткылап атышты окшойт. Биз бардык маалыматты интернеттен алып жатабыз. Байланыш үзүлгөн жок. Күбөлөр видеолорду тартып, интернетке коюп жатышат. Көчөдө көп сандагы полиция кызматкерлери жүрөт, эшикке чыккандарды кайра үйлөрүнө киргизип атышат. Айлана-тегеректе баары жабык.

“Азаттыктын” орус кызматынын журналисти Марина Исаева болсо согушкерлердин саны жөнүндө ар кандай маалыматтар айтылып жатканын, атайын штаб “10-11 согушкер гана кол салганын, калганы көбүртүп-жабыртылган сөз" деп билдиргенин айтат:

- Согушкерлердин саны боюнча ар кандай сөздөрдү айтышууда. Айрымдар алардын саны 200 десе, кээ бирлери андан аз деп атышат. Интернетте пайда болгон видеодо өзүн чечен согушкеримин деген киши “бул ишти биз жасадык, анткени биздин мусулман кыздардын намысы тепселгени үчүн ушуга бардык” деп айтат. Анын сөзүнө караганда, бир ай мурдагы окуяны айтып жаткандай. Бир ай мурун Чечен Республикасынын жетекчиси Рамзан Кадыров жыйында чечен кыздары вахабилердей кийинип жүрбөшүн айтып, андайлар текшерилет деп эскерткен. Андан кийин чындап эле полиция кара хижаб кийинген кыз-келиндерди текшерип, аларга орой мамиле жасалып жатканы тууралуу сөздөр айтыла баштаган.

Орусиянын Түндүк Кавказында аракеттенген исламчыл согушкерлер колдонгон "Кавказ Центр" интернет сайтына коюлган видео кайрылууда сүйлөгөн адам кол салууну Аслан Бютукаевдин буйругу менен жасаганын айтат. Чечен исламчылардын лидери деп саналган Аслан Бютукаев өз жактоочулары арасында Эмир Хамзат деген ысым менен белгилүү.

Күбөлөр ар кандай видеолорду интернетке чыгарууда:

Бул атышуулар Грозныйда акыркы бир нече жыл ичиндеги эң ири кол салуу болуп саналат. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, атышуулар бир нече унаа менен келген куралчандар кечээ көзөмөл бекетте МАИнин кеминде үч кызматкерин өлтүргөндөн кийин башталган.

XS
SM
MD
LG