Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:27

Мосулду бошотуу операциясы аяктап баратат


Ирактык жоокер үй-жайын таштай качкан үй бүлөнүн кызын кучактап турат. 26.05.2017
Ирактык жоокер үй-жайын таштай качкан үй бүлөнүн кызын кучактап турат. 26.05.2017

Ирак күчтөрү Мосул шаарында “Ислам мамалекети” террордук тобунун көзөмөлүндө турган аймактарды бошотуу операцияларын жыйынтыктап жатат.

АКШ колдогон ирак күчтөрү Мосулдун батышындагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун көзөмөлүндөгү акыркы райондорду кайра ала баштады.

27-майда коопсуздук күчтөрү Тигр дарыясынын батыш жээгиндеги “бошотула элек аймактарга” чабуул коюп жатканын аскерий жетекчилик билдирген.

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис эл аралык коалиция “Ислам мамлекети” тобуна каршы кармашта жаңы ыкмага өткөнүн айтты.

“Биз эми Ирак менен Сириянын кайра алынган аймактарында мурдагыдай [согушкерлерди] кысып эле отурбастан, чет элдик жоочуларды өз үйлөрүнө Түндүк Африкага, Европага, Америкага, Азияга чыгарып ийбеш үчүн, аларды курчап туруп жок кылууга өттүк” – деди CBS телеканалына берген маегинде.

АКШ коргоо министри (ортодо).
АКШ коргоо министри (ортодо).

Мындай жаңы ыкма Мосулдун батышын жана Сириянын Раккасын бошотууда колдонулуп жатканын айткан Пентагондун башчысы ушул тапта эл аралык коалиция Ракканы толугу менен курчоого алганын, Ирак армиясы менен бирге шаарга кирип тазалоо операциясына катышарын да кошумчалады.

Ага чейин Ирактын аба күчтөрү шаардын эски бөлүгүндөгү калк жыш жашаган аймактардан элди чыгып кетүүгө чакырган баракчаларды асмандан таштаган.

Аскерий жетекчилик «куралдуу күчтөр Ал-Шифаа конушуна жана республикалык ооруканага, Ал-Зинжилинин федералдык полициясына жана терроризмге каршы күчтөр Ал-Саха-ал-Ула конушуна чабуул коюшканын” билдирген.

Билдирүүдө шаардын эски бөлүгүндө кармаш жүрүп жатабы же жокпу так айтылган эмес.

“Ассошиэйтед пресс” маалымат агенттиги ирактык эки аскерий офицерге шилтеме берип, жекшембиде өкмөттүк күчтөрдүн алга жылышы согушкерлердин снайперлери менен жанкечтилеринин “маал-маалы менен жасалган” чабуулунан улам жайлап калганын кабарлады.

Кагылышкан тараптардын жоготуулары боюнча эч кандай маалымат беришкен эмес.

Мосул.
Мосул.

Мосул толугу менен ирак күчтөрүнүн колуна өтсө, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна катуу сокку болот. Мосулда террордук уюмдун лидери Абу Бакр ал-Багдади өз башкаруусундагы “халифатты” үч жыл мурун жарыялаган.

Ирактын аскер жетекчилиги жакынкы күндөрү Багдади халифатын жарыялаган Ал-Нури мечитин алууга бел байлап турушат.

Эски шаардын тургундары кырдаал чыдагыс болуп баратканын “Рейтер” агенттигине телефондон айтып беришкен.

“Биз кайсы маалда болбосун бомбадан же ачкадан өлүүгө даярбыз” деген карапайым тургун “чоңдор күнүгө бир маал ун же жасмык чалынган ботко жеп” атышканын айткан.

Улуттар Уюму баштаган гуманитардык мекемелердин расмий маалыматы боюнча шаардын согушка чейинки тургундарынын үчтөн бири - 700 миң киши качып чыкса, 200 миңдин тегерегиндеги адамдар курчоодо турат.

Кошмо Штаттар менен эл аралык коалиция абадан колдогон ирактык күчтөр өткөн жылдын октябрь айында Мосулду бошотуу операцияларын баштаган.

Мосулдун чыгышынын бир бөлүгү ушул жылдын башында бошотулса, шаардын калк жыш отурукташкан батыш тарабында өкмөттүк армия “Ислам мамлекетинин” каттуу айбатына кабылган.

Террордук уюмдун согушкерлери байыркы Мосулду 2014-жылы Ирак менен Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршылык көрсөтүп турган маалда басып алган.

АКШ башында турган коалициялык күчтөр “Ислам мамлекети” радикал тобунун таянычы саналган Сириянын Ракка жана Ирактын Мосул шаарларын бошотууда илгерилеп баратат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG