Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

Борбор Азияны чочуткан кибер кылмыш


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (29-апрель - 6-май, 2019-жыл).

Борбор Азияда телекоммуникациялык түзүмдөр өнүгүп, Интернет оңолгондон тартып аймактын акыбалы кескин өзгөрдү. Мындай өнүгүү кибер кылмыштуулуктун бутасына оңой эле илинүүдө. Аймактагы чабал билим берүү жана эксперттердин жоктугу чоң коркунучка жол ачып жатат. Борбор Азия кибер кылмыштуулуктун эң оор соккусуна кабылышы мүмкүн экенин «Global Risk Insight» басылмасы эскертет. «Азыркы тапта өлкөнүн онлайн маалыматтарын коргоо жаатында Өзбекстан менен Кыргызстан гана олуттуу иштерди жүргүзө алды. Казакстанда 2017-жылы Нурсултан Назарбаев маалымат желесиндеги коопсуздук маселесин алгач көтөрүп чыккан. Атайын «Кибер калкан» деп аталган мамлекеттик концепция кабыл алынган. 2016-жылы Казакстанда 20 миллиард кибер чабуул катталган. Бул сан секунд сайын өсүүдө» деген басылма аймак азыркы тапта глобалдык «кибер кылмыштуулуктун бейишине» айланганын кошумчалайт. Казакстанда «Кибер калкан» концепциясы кабыл алынгандан кийин чабуулдар да кескин азайган. Анткен менен коңшу өлкөдө онлайн чабуулдардын 30% гана бети ачылат.

Кыргызстанда банктарга, жеке ишкерлерге таандык 776 веб-сайт 2017-жылы кибер чабуулга кабылган. Орто эсеп менен күнүгө жыйырмадай кыргызстандык веб-сайт кибер кылмышкерлердин соккусуна учуроодо.

Касперский компаниясынын кеңсеси.
Касперский компаниясынын кеңсеси.

Интернет коопсуздугу менен алектенген «Касперский» компаниясынын индекси Казакстан, Өзбекстандагы Интернет колдонуучулардын көбү чабуулдарга каршы кандайдыр чара көрбөгөнүн аныктады. Борбор Азиядагы кибер чабуулдардын көбү банктарга багытталат. Тилекке каршы, билимдүү адистердин аздыгынан жана көпчүлүк мындай соккудан коргой турган онлайн каражаттарды түшүнбөгөндүктөн аймактын банк системасы ири өлчөмдө жабыр тартышы мүмкүн. «Борбор Азиянын бийлиги кибер коопсуздукка келгенде туңгуюкка кептелген. Мамлекеттер IT адистерин көбөйтүп, элге кибер коопсуздук боюнча билим берүүдөн алда канча артта калган. Орусия, Кытай сыяктуу ири өнөктөштөр чөлкөмдү бул билимсиздиктен арылтууга жардам бере алат», деп жазат «Global Risk Insight».​

Уранга каршы акциялар дүйнө басылмаларында

Дүйнөлүк басылмалар Кыргызстандагы уран кенин иштетүүгө каршы акцияларды талдаган бир нече макала жарыялашты. «Global Voices» гезити: «Москванын агрессивдүү атомдук программасынын таасиринен али да кутула албаган Кыргызстан өз келечегин урансыз көргүсү келет. «Борбор Азиянын бермети» деген Ысык-Көлдүн жээгинен уран казууга каршы чыккан бир нече митинг буга далил. 26-апрелде, Чернобыль кырсыгы болгон күнү кыргызстандыктар баш көтөрүп, 200дөй киши уранга каршы баш калаадагы борбордук аянтка чыкты. Кийин бул каршылык акциялары Ысык-Көлдүн өзүндө да болуп, Бишкекке чейин уланды» деп баяндады. Басылма бул окуянын туризм сезону башталарда болуп жатканы маанилүү экенин, ошондой эле айрым саясий топтор, оппозициянын өкүлдөрү элдин каарын өз максатына колдонууга аракет кылышканын белгилейт.

Балыкчыдагы акциялар.
Балыкчыдагы акциялар.

Гезит 30 миңдей киши уран иштетүүгө каршы петицияга кол койгонун, учурунда Кыргызстан Москванын талабы менен уран чыгарып, 1990-жылдары бул ишти токтотконун эске салат. Ал 2017-жылы президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясында өлкөдөгү уран калдыктарын жок кылууга жардам сураганын, бирок негедир азыркы бийлик уранды кайра иштетүү боюнча демилге көтөргөнү кызык болуп жатканын жазды.

Ал эми «Eurasinet» басылмасы советтик доордон калган уран кендерин кайра иштетүүгө каршы бир жуманын ичинде эле бир нече нааразылык акциясынын өтүшү өлкөдөгү башка кен иштетүүчүлөрдү да сестенткенин белгиледи.

Уран казууну көздөгөн «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасына каршы эл апрелдин башында эле көтөрүлүп, «кен казуу токтоду» деген кабарларга карабай каршылык күчөп жатканы баяндалат. «Мыйзам чыгаруучулар уран казууну 2070-жылга чейин токтотууну сунуш кылышканы менен «Бул жагдай чет элдик инвесторлордо кандай маанай жаратат?» деген суроо азыркы бийликтин баш оорусуна айланды», - деп билдирет «Eurasinet».

Ат-Башыдагы мал базар - экономиканын күрөө тамыры

«InDepthNews» басылмасы Ат-Башыдагы мал базардын жергиликтүү экономикага, элдин турмуш-тиричилигине тийгизген таасирин талдады.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте жайгашкан, 11 миңдей эл жашаган Ат-Башы Кытайдын Шинжаң аймагын бөлүп турган Торугартка өтө жакын. Кытайдын гранты менен Бишкек-Торугат жолу оңдолгондон бери Ат-Башынын мал базарына 400 чакырым жол басып барган алып сатарлар да арбыды. Жергиликтүү элдин жалгыз кирешеси, турмуш тиричиликке жараткан каржысы - дал ушул мал багуу. Ушундан улам ар жекшемби сайын таң заардан түшкө чейин иштеген ири базар бүтүндөй Нарын облусу үчүн өтө маанилүү» деген басылма жылкынын, бодо малдын, кой-эчкинин баасына да токтолуп, айрым айылдыктар бул мал базардан арык кой-эчки сатып алып, семиртип кайра сатып киреше таап жатышканын, айрымдары турмуш-тиричилигине акчаны уй, жылкы сатып табарын талдаган.

Жергиликтүү малчылар, алып сатарлар менен да баарлашкан автор мал базар Бишкектеги кафе-ресторандарды эт менен камсыз кыларын да кошумчалаган. Макаланын автору «жаңы Жибек жолу дал ушул мал базар аркылуу байыркы түзүмүн сактап, жергиликтүү элдин жашоосун жеңилдетип жаткандай» деген жыйынтык чыгарат.

Мугалимдерге кол салган ата-энелер көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«The Independent» гезити Британияда мугалимдер менен мектеп директорлоруна кол салган, аларды коркуткан ата-энелер көбөйгөнүн кабарлады. Улуттук мектеп директорлорунун бирикмеси бийликтен чукул чара көрүүнү талап кылууда. Англиянын Уолсолл аймагында иштеген мектеп директору Мишел Шихи жогорку класстарды окуткан мугалимдерди ата-энелер балта менен коркутуп, расисттик, улутчулдук маанайдагы сөздөр менен кемсинтишкенин мисал келтирди.

Мугалимдер ата-энелердин «репрессиясына» кабылабызбы деп коркуп жатышканын айтып чыгышты. Директорлор «бир директорду же мугалимди өлтүрүп кеткиче карап олтура бербей, мамлекет тез арада биздин коопсуздукту камсыз кылсын» деп маселени кабыргасынан коюшту. Ошондой эле мугалимдер Интернет аркылуу кемсинтүүдөн да коргоону суранып жатышат. Британ бийлиги мектептердеги жүрүм-турумду оңдош үчүн бюджеттен кошумча 10 миллион фунт стерлинг бөлгөн эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG