Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Олигархтын бизнеси "кара тизмеден" чыкты


Олег Дерипаска.
Олег Дерипаска.

АКШнын Финансы министрлиги ишкер Олег Дерипаскага байланышы бар компанияларды санкциялык тизмеден чыгарды. Бирок бизнесемендин өзүнө каршы чектөөчү чаралар кала берүүдө.

Америкалык Финансы министрлигинин сайтында жарык көргөн маалыматта "Русал", En+ жана "Евросибэнерго" компаниялары Дерипаскага таандык үлүштөрдү азайтып, анын көзөмөлүнөн чыкканы айтылат.

Санкцияларды алуу шарттарынын аткарылышын аныктоо үчүн аудит жүргүзүлмөкчү.

Мекеме өткөн декабрда ал компанияларды «кара тизмеден» чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскерткен.

Конгресстеги демократтардын санкцияларды алып салууга бөгөт коюу аракеттеринен майнап чыккан жок.

Көбү президент Дональд Трамптын шайлоо кампаниясын Орусиянын аралашып же аралашпаганы иликтенип жаткан чакта Дерипаскага байланышкан компаниялардан чектөөлөрдү алуу туура эмес деп эсептешет.

Айрым маалыматтарга караганда, ар түрдүү бизнес-топтор санкцияларды алдыруу үчүн Трамптын администрациясына кысым көргөзгөн.

Финансы министри Стивен Мнучин Конгресс мүчөлөрү менен жолугушууда Дерипасканын компанияларын «кара тизмеден» алуу Американын санкция саясатынын ийгилиги жөнүндө кабар бере турганын айткан жана бул кадам орусиялык бийликке жардам берет деген ырастоолорду четке каккан.

Министр түшүндүргөндөй, санкциялар ал компаниялардын дүйнөлүк алюминий рыногундагы ролуна байланыштуу алынып жатат. Анын үстүнө En+, "Русал" жана "Евросибэнерго" шарттарды аткарбаса, кайрадан чектөөлөргө туш болмокчу.

«Русал» - дүйнөдөгү эң ири алюминий өндүрүүчү жана санкциялар салынары менен дүйнөдө бул металлга баалар кыска мөөнөткө болсо да өсүп кеткен.

Олег Дерипаска, Виктор Вексельберг жана алар көзөмөлдөгөн бир нече компанияларга, дагы башка орусиялык бизнесмендерге каршы жазалоочу чаралар былтыр апрелдин башында киргизилген.

2017-жылы Дерипасканын ысымы америкалык прессада Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал аралашуусуна байланыштуу аталып жүрдү. Ишкер өзү дооматтарды четке кагып келет.

Санкциялар салынганда Мнучин «коррупциялашкан системадан пайда тапкан орусиялык олигархтар менен элита алардын өкмөтү жүргүзгөн дестабилдештирүүчү ишмердиктен бөлүнүп каралбайт» деген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG