Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

АКШ сириялык оппозицияга жардам берет


Француздардын согуштук учагы ал-Дафра аба базасында, 18.09.2014
Француздардын согуштук учагы ал-Дафра аба базасында, 18.09.2014

АКШ Конгрессинин Сенаты Барак Обаманын “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы согушуп жаткан Сирия оппозициясына көмөк көрсөтүү планын жактырды.

АКШ президенти Барак Обама 18-сентябрдагы билдирүүсүндө Сириядагы оппозицияга көмөк көрсөтүүнү колдогону үчүн Конгресске ыраазычылык билдирди. Обама ошондой эле Францияга дагы Ирактагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөшкө жардам сунуштаганы үчүн ыраазы болду.

- Ирактагы "Ислам мамлекети” уюмуна каршы абадан сокку урган операцияларга Франция дагы катышат. Биздин жакын жана илгертен берки тарапташтарыбыздын бири катары Франция терроризмге каршы күрөштө күчтүү өнөктөш. Француз жана америкалык жоокерлер биздин жалпы коопсуздугубуз жана жалпы баалуулуктарыбыз үчүн кайрадан чогуу аракеттенип жатканына ыраазыбыз.

Дүйнөдөгү кырктан ашуун өлкө “Ислам мамлекетинин” жихадчыларына каршы абадан болчу операцияларга катышууну тастыктаганы кабарланды. Жума күнү француз аскерлери террорчул топ жайгашкан жерлерге абадан алгачкы сокку урду. Президент Олланддын администрациясы Ирактын түндүк-чыгышында согушкерлердин логистикалык кампалары толук жок кылынганын билдирди.

Президент Франсуа Олланд жөө аскерлерин жибербей турганын белгилеп, француздар аба операцияларына гана катышарын эскертти.

- Ирак бийликтеринин абадан болчу операцияларына жардам берүү өтүнүчүн колдоону чечтим. Биздин көздөгөнүбүз террористтердин мизин кайтарып, Ирактагы тынчтык жана коопсуздукка салым кошуу. Биз мындан сыртта кала албайбыз.

Француздар буга чейин “Ислам мамлекети” тобунун күтүлбөгөндөй тездик менен жайылган аракеттерине туруштук берүү үчүн Иракка курал-жабдык жана гуманитардык жардам жеткирген.

Шаршембиде Конгресстин Өкүлдөр палатасы Обаманын жаңы планын колдоп, аны ишке ашырууга 500 миллион доллар бөлүүгө макулдук берген. Документ президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. План боюнча Пентагон декабрдын ортосуна чейин сириялык оппозицияга курал-жабдык берип, козголоңчуларды Сауд Арабиядагы базаларда даярдыктан өткөрөт. Бирок америкалык аскерлер өздөрү түздөн түз согуш операцияларына катышпайт.

Конгресстин колдоосунан кийинки сөзүндө Обама “бейкүнөө адамдардын канына зобун болгон “Ислам мамлекети” туудурган коркунуч америкалыктарды бириктиргенин” белгилей кетти.

Обаманын шаршембидеги сөзүнө улай Австралиянын полициясы Сидней менен Брисбенде исламчыл радикалдарга каршы таңкы рейддерди уюштурду. Анда 15 киши камакка алынып, бир киши ноябрга чейин абакта калмай болду.

"Кеминде алтымыштай австралиялыктар “Ислам мамлекети” тобуна жана башка Жакынкы Чыгыштагы радикал топторго аралашып жүргөнү белгилүү. Бери дегенде жүздөй австралиялыктар аларды колдоорун билебиз” деген Австралиянын премьер-министри Тони Эбботтун айтканы боюнча анын өлкөсүндө тамырлашкан террористтик топтордун мүчөлөрү бар. Андыктан премьер "полиция менен коопсуздук күчтөрү ар кандай топтордун мизин алдын ала кайтарууга даяр болушу керектигин" белгиледи.

XS
SM
MD
LG