Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Сирия: "кылычташкан" тараптардын майданы


Сириядагы согуш БУУнун эсебинде, 190 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган.
Сириядагы согуш БУУнун эсебинде, 190 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган.

Үч жарым жылдан бери Сирияны аңтар-теңтер кылган согуш президент Башар Асаддын режимине каршы көтөрүлүштөн тутанган. Жалпы аянты Кыргызстандан бир аз гана кичине бул өлкө бүгүн түрдүү күчтөр айгышкан майданга айланды. Алар кайсы топтор жана кайсы күчтөр?

2011-жылдын жазында Башар Асаддын бийлигине каршы көтөрүлүш башталганда Сирия ар кандай күчтөрдүн согуш майданына айланарын эч ким деле боолгобогондур. Азыр Сирияда салгылашып жаткан тараптарды беш чоң топко бириктирсе болот.

1. Эл аралык коалиция жана дүйнөлүк жихадчылар. Президент Барак Обаманын 10-сентябрда билдиришинче, АКШ Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарына каршы күрөшүү үчүн эл аралык коалиция түзөт:

- Америкага өнөктөштөрдүн кеңири коалициясы кошулат. Азыр альянстын учактары биз менен чогуу Ирактын үстүнөн учууда; (алар) Ирактын коопсуздук күчтөрү менен Сирия оппозициясына курал жиберүүдө жана көмөктөшүүдө; миллиарддаган доллар гумжардам берүүдө.

Ошентип, береги эки өлкө глобалдык жихадчылар менен Батыш колдогон күчтөр салгылашкан аянтка айланууда.

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын эсебине караганда, Сирия жана Иракта “Ислам мамлекети” уюмунунун 20 миңден 30 миңге чейин мүчөсү бар.

Wall Street Journal гезити жана NBC телеканалы өткөргөн акыркы сурамжылоо “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарына абадан сокку урууну америкалыктардын 61 пайызы колдогонун көрсөттү. Ал эми Washington Post гезити АВС телеканалы менен бирге жүргүзгөн сурамжылоого караганда, Ирактагы согушчандарга каршы аба соккуну респонденттердин 71%, Сириядагыны 65% жактаган. Мындай маанайга жихадчылардын америкалык эки журналистти мыкаачылык менен өлтүрүүсү себеп болду дешет серепчилер.

2. Сауд Арабия газаватчыларга каршы согушкан козголоңчуларды падышалыктын өзүндө машыктырып бергенге макул болду. Демек, Сирия Эр-Рияд колдогон эки күчтүн беттешкен кан майданы болчудай. Алардын бири “ал-Каида” желдеттеринин катарында согушкан эскичилдер. Бул топтогулар акчаны Саудиянын жеке менчик соопкерчилик фондуларынан алат. Эми Эр-Рияд машыктырчу байистүү козголоңчулар эртең барып “Ислам мамлекети” уюмунун катарындагы саудиялык жихадчыларга каршы салгылашат.

3. Сирияда кызыкчылыктары кайчылашкан үчүнчү топто Перс булуңундагы өлкөлөр менен Иран бетме-бет турат. Алардын бири сунниттер, экинчиси шииттер. Иран алавит жамаатына таянган Асаддын өкмөтүнө миллиардаган доллар жардам берип, жүздөгөн ирандыктар Асаддын армиясын машыктырып жатканын, атүгүл кээ бирлери командирлик кылып жүрүшкөнүн жакында Рейтер агенттиги кабарлаган.

Ирандын жакын союздашы ливандык шииттердин Хезболла уюмунун согушчандары да үч жылдан бери Сириянын өкмөттүк күчтөрү тарапта казатта жүрөт. Саудия Иранды аймактагы негизги атаандашы жана падышалыктын кара майга карк түштүк чыгышын байырлаган шиит азчылыгынын тилектеши катары көрөт.

Бүгүн Ирактын бир кыйла бөлүгүн көзөмөлдөгөн “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарынын көбү сунниттер. Ирактын Тегеран колдогон жаңы өкмөт башчысы шиит. Ошондуктан чөлкөмдөгү жана Ирактагы сунниттер менен шииттер арасындагы карама-каршылыкты жоюу Вашингтон баштаган коалиция үчүн өтө маанилүү.

Жалпы абалдан жакшы кабардар Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаньяху 11-сентябрда болгон терроризмге каршы конференцияда экстремисттердин массалык кыргын салчу куралдарга ээ болушуна жол бербөөнүн зарылдыгын баса белгиледи:

- Менин оюмча, суннит экстремизмине каршы согушуп жатып, шиит экстремисттеринин коркунучун жадыбыздан чыгарбаганыбыз маанилүү. Алар сөлкөбайдын эки жагындай. Биз алардын бирөөсүн алсыратып, экинчисин күчтөндүрбөшүбүз керек... Эң маанилүүсү алардын массалык кыргын салчу куралга жетишине жол бербөө.

4. Сириялык козголоңчулардын өзү да дүниябийлер жана исламчыл экстремисттер болуп былчылдашууда. Ич ара согушта быйыл эле миңдеген адамдар жайран болду. Былтыр радикалдар чабуулун күчөткөндө алар эми Батышка ыктаган Сирия эркиндик армиясына үстөмдүк кылат деген кооптонуулар арбыган. Азыр мерчемделип жаткан контрчабуул газаватчылардын коркунучун азайтышы ыктымал.

5. Сириядагы согуш - Асаддын күчтөрү менен аны кулатууну каалаган жүздөгөн козголоңчу топтордун согушу. Эки арадагы уруш, БУУнун эсебинде, 190 миңден ашуун адамдын өмүрүн жалмады.

Москва болсо президент Обаманын Сириядагы жихадчыларга сокку уруу планына каршы. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү А. Лукашевичтин айтымында, берегидей кадам Сирия өкмөтү же БУУнун макулдугу жок жасалса, “агрессия, эл аралык мыйзамды бузуу” деп саналат.

Ал эми Германияда “Ислам мамлекети” уюмунун ишмердигине тыюу салынды. Бул жөнүндө өлкөнүн ички иштер министри Томас де Мезьер 12-сентябрда Берлинде жарыя кылды. Ага ылайык, жихадчылардын символикаларына, анын ичинде кара байрагын колдонууга уруксат жок.




XS
SM
MD
LG