Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Москва: нааразылыктын экинчи толкуну


Москва.
Москва.

Москвада полиция таза шайлоону талап кылып акцияга чыккандарды кармады.

Акциянын катышуучулары Орусияга эркин шайлоону кайтарууну талап кылышты.

"Шайлоо укугун кайтарып алабыз" деген аталыштагы акциянын катышуучулары бул жолу бульварга чыгышкан.

"ОВД-инфонун" маалыматы боюнча 685 адам кармалган.

"Азаттыктын" орус кызматынын Москванын борборунан түз көрсөтүп жаткан кабарчысынын маалыматында, көбүнчө кармоолор Пушкинский менен Трубной аянттарында болду. Бүгүнкү акция сейилдөө форматында өтүп жаткандыктан бульвардан да кишилерди кармап кетти.

Макулдашылбаган акциянын катышуучуларынан сырткары өзүн тактаган күбөлүгү бар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да кармалды.

Укук коргоочулар Кыйноого каршы комитеттин жетекчиси Игор Каляпин, шаардык думага талапкер Сергей Цукасов, “Аркадий Коц” группасынын ырчысы Кирилл Медведев жана бир нече муниципалдык депутаттар кармалганын кабарлашты. Белгилүү актер Александр Паль, юрист жана шаардык думага катталбай калган талапкер Любовь Соболь дагы кармалган.

Соболь катталбай калган көз карандысыз талапкерлерди колдогон акцияга баруу үчүн таксиге отурган. Кичи автобус менен келген полиция кызматкерлери Соболду машинеден чыгарып, алып кеткен.

Коррупцияга каршы фонддун юристи коомдук иш-чараны өткөрүү мыйзамдарын бузган деп айыпталууда. Бирок Соболь мыйзамга каршы эч кандай аракет кылбаганын айтып жатат.

Любовь Соболь жыйырма күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Ал 27-июлдагы акцияда Москвада кармалгандарын арасында камалбай калган акыркы көз карандысыз талапкер болчу. Ал бүгүн бульвардагы отургучтардын бирине отуруп, нааразылык акцияга чыккандарга колдоо көрсөтмөк.

Полиция "Коррупцияга каршы күрөш" иликтөө фондунун жетекчиси Григорий Албуровду да кармап кетти.

27-июлда Москвада шаардык думага шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акция өткөн. Полиция ага 3,5 миңдей адам катышканын кабарлаган. Митингге чыккандарды кууп таратуу маалында миңден ашык адам кармалган. ИИМ 1074 киши кармалганын айтса, “ОВД-Инфо” порталы кармалгандардын саны 1400гө жете турганын билдирген. Алардын 150дөйү эки күнгө камалган.

Белгилей кетсек, Москва шаардык думасына болгон шайлоого талапкер катары чыккан Дмитрий Гудковду, Любовь Соболду, Илья Яшинди, Константин Янкаускасты, Иван Ждановду, Юлия Галяминаны, Елена Русакованы жана бир катар башка талапкерлерди шайлоо комиссиясы каттоодон баш тарткан.

Москва шаардык шайлоо комиссиясы графологиялык экспертизанын бүтүмдөрүнө таянуу менен “Алардын кол белгилери жасалма болуп калган. Андан тышкары так маалыматтары айкын эмес”, - деп талапкер катары каттоодон баш тарткан. Талапкерлер “Экспертиза өзү компетенттүү эмес жасалма болгон, ал эми биз чыныгы документтерге кол койгонбуз”, - деп жатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG