Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Албанияны сынаган парламенттик шайлоо


Албанияда жекшембиде жаңы парламентти шайлашты. Өнөктүк Евробиримдикке кошулуу боюнча ыктымал сүйлөшүүлөр алдында демократиялык сыноо катары каралууда.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы 2,9 миллион калктуу өлкөнүн мыйзам чыгаруу органында бийликтеги социалисттер же демократтар көпүчүлүктү алабы деген суроого жооп бермекчи.

НАТОго кирген Албания 2014-жылы Евробиримдикке талапкер статусун алган. Бирок реформалар, анын ичинде шайлоо чөйрөсүндөгү оң өзгөрүүлөр жай жүргөндүктөн, мүчөлүк сүйлөшүүлөрү да кечеңдеп жатат.

Оппозициядагы Демократиялык партия шайлоонун адилет жүрүшүн камсыздоо үчүн премьер-министр, социалист Эди Рама кызматынан кетүүгө тийиш же болбосо өнөктүккө катышпайбыз деп талап кылып келген.

Кошмо Штаттар менен Еврошаркет май айында тараптардын мунаса табуусуна көмөктөшүп, оппозицияга шайлоо процессине көбүрөөк көз салуу мүмкүнчүлүгү берилген.

52 жаштагы өкмөт башчы Эди Рама кызматтагы экинчи мөөнөт үчүн ат салышты. “Албаниядагы бул шайлоо сүйлөшүүлөр үстөлүнөн орун алууга, Евробиримдикке эшикти ачат же кайрадан өзүбүз аны жаап салабыз", - деди добуш берүү алдында премьер. Буга чейинки сурамжылоолор анын партиясы бул шайлоодо жеңет деп көрсөтүп келген.

Экономиканын абалына басым жасаган Рама жылдык өсүш деңгээлин азыркы 3,5дан 5 процентке көтөрүү максатын койгон. Ал эми мамлекеттик карызды ички дүң өндүрүмдүн 60 процентине чейин төмөндөтүү убадасын берип келатат.

Атаандашы, оңчул-борборчул демократтардын лидери, 43 жаштагы Лузлим Баша салыктарды азайтаарын жана коррупцияга каршы күрөшөөрүн айтууда. Анын партиясы бийликке келсе, салыкты 9 процент кылып кармоого, мектептерде бекер тамак берүүгө, медициналык системаны жаңылоого сөз берүүдө.

- Бүгүн Албания үчүн өтө маанилүү күн. Бүгүн өлкө жарандары өздөрү үчүн чечим кабыл алышууда. Ар бир албаниялыкка кайрылгым келет: чечүүчү күнү активдүү болгула. Албания силердин добушуңар аркылуу гана өзгөрөт, - деди добуш берип жатып Баша.

Бирок анын партиясы да, социалисттер да буга чейинки парламенттик шайлоодо - 2009 жана 2013-жылдары көпчүлүккө ээ болуу үчүн 70 мандат жеңе алган эмес.

Кечээки шайлоо жыйынтыгын алдын ала сурамжылаган экзит-поллдун маалыматтары боюнча, өкмөт башчы Эди Раманын партиясы добуштардын 45-49 процентин алышы мүмкүн. Эгер андай болсо, премьер-министрдин партиясына 140 орундуу парламенттен 71-75 мандат тийиши мүмкүн. Бул өз алдынча көпчүлүктү түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ал эми алдын ала сурамжылоолор 43 жаштагы Лузлим Башанын партиясы добуштардын 30 процентин алганын көргөзүүдө.

Ал эми расмий жыйынтык 26-июнда чыгарылмакчы.

Рама менен Баша экөө тең бир кездери борбор шаар Тирананын мэри болуп иштеген.

Албаниянын эки негизги партиясы Батышчыл катары каралып келет жана глобалдуу терроризмге каршы күрөшкө колдоосун билдирип жүрүшөт.

Баша АКШ президенти Дональд Трампка суктанаарын жашырбаса, премьер Рама Орусиянын таасиринин артышынан чочулайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG