Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Apple эми ден соолукка кам көрөт


Нью-Орлеандагы Окснер ооруканасы Apple компаниясынын жаңы программасын орнотуп, эки жүзгө жакын тез өтүшүп кетүүчү тобокелдиги жогору илдеттерге колдонуп жатканы белгилүү болду.
Нью-Орлеандагы Окснер ооруканасы Apple компаниясынын жаңы программасын орнотуп, эки жүзгө жакын тез өтүшүп кетүүчү тобокелдиги жогору илдеттерге колдонуп жатканы белгилүү болду.

Apple компаниясынын cаламаттыкты чыңдоого көмөктөшкөн жаңы программасы АКШнын бейтапканаларында чоң кызыгуу жаратканы кабарланууда.

Apple Inc. жаңы эле ишке киргизген, интернет аркылуу доктурлар бейтап менен аралыктан туруп иштей ала турган программаны океандын ары жагында бир катар чоң ооруканалар колдоно баштаганы белгилүү болду.

Программа иштелип чыккандан кийин компания бир канча медициналык эксперттерден турган атайын топ түзүп, бул жаңы системаны өлкөнүн ооруканаларында жана медициналык борборлорунда жайылтып, илдетти алдын алуу боюнча чоң реформага түрткү болот деп көздөөдө.

Алгач ондон ашуун АКШдагы медициналык борборлор компаниянын Health Kit service ден соолук програмасынын пилоттук версиясын ишке киргизген. Бул программа бейтапканаларда адамдын кан басымы, салмагы жана жүрөк кан басымы сыяктуу маалыматтарды жаңылап, сактап туруучу функциясы менен ыңгайлуу.

Мындан сырткары бул жаңы программа медициналык кызматтын баасын бир канча эсе төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт. Анткени мындай система ишке кирсе, бейтап ооруканага барбай эле дарыланып, же ооруну алдын алса болот.

Техастагы ооруканалардын бири. АКШ
Техастагы ооруканалардын бири. АКШ

Health Kit программасы аркылуу доктурлар бейтапты ооруканага келтирбей туруп, аралыктан диабет жана гипертония сыяктуу өнөкөт илдеттерди текшерип, көзөмөлдөп, дарттын өтүшүп кетишинин алдын алат.

Эксперттердин айтымында, бул жаңы технологияны колдонгон система көп ооруларды убагында аныктап, бейтаптын илдетинин күчөп кетүүсүнүн алдын алууга ыңгайлуу.

Атайын смартфонго жүктөлгөн тиркеме аркылуу доктурга бейтаптын кан басымы жана салмагы маалымдалып турат, анан ошол көрсөткүчтөргө жараша дарыгер бейтапка кандай чара көрөрүн айтып, оорунун күчөп кетүүсүнүн алдын алат.

Apple компаниясынын продукцияларын саткан дүкөндө.16-октябрь, 2014-жыл
Apple компаниясынын продукцияларын саткан дүкөндө.16-октябрь, 2014-жыл

Нью-Орлеандагы Окснер ооруканасы Apple компаниясынын бул программасын орнотуп, эки жүзгө жакын тез өтүшүп кетүүчү тобокелдиги жогору илдеттерге колдонуп жатканы белгилүү болду. Алардын көпчүлүгү кан басымы бат өзгөрүүчү бейтаптар болгондуктан, доктурдун такай көзөмөлүндө болуусу зарыл. Эми Health Kit service аркылуу бейтаптар кайда жүрбөсүн дарыгерлер алар жөнүндө онлайн маалымат алып, оору күчөп кете турган фазасына жеткенде, бейтап менен байланышып, алдын алуу чараларын эскертип турат.

Ушул сыяктуу программаны "Самсунг" жана "Гугл" компаниялары да иштеп чыккан. Алар да келечекте альтернативдүү программа катары медициналык борборлордо колдонулат деп болжонууда. Буга чейин смартфондор үчүн адамдын саламаттыгын көзөмөлдөөчү “Гугл Фит” тиркемеси кеңири жайылганы менен ооруканаларда колдонулган эмес.

Эксперттердин айтуусунда, мындай жаңы технологияны пайдаланган көрүнүштөр жакшы, бирок жеке адамдын онлайн сакталган маалыматтарынын купуялуулугу колдонуучулардын арасында чочулоо жаратышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG