Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Бакыда жазуучу Рафик Таги көз жумду


Жазуучу жана журналист Рафик Таги белгисиз бирөөлөрдөн денесине бир нече жолу бычак жегенден кийин 4 күн ооруканада жатып көз жумду.

19-ноябрдын кечинде Бакыда Рафик Тагиге белгисиз бирөөлөр кол салып, 7 жолу бычак сайган. Журналисттин 2 кабыргасы сынып, ашказан, өт, боор эти катуу жабыркап, көп кан жоготкон. Шаардагы №1 клиникалык ооруканага жаткырылып, операция маалында дарыгерлер көк боорун алып салып, кан куюшкан.


Операциядан кийин абалы жакшырып, «Азаттыктын» азербайжан кызматына «Абалым оор болгону менен бир калыпта. Бирок өтө жаман эмес» деп айтып, чакан маек берген.

Журналистти дарылаган Низамиддин Асгаров бейтап дем ала албай калып мерт болгонун, доктурлар Таги көз жумаардан 10 мүнөт мурун эле абалын көрүп кетишкенин «Анын абалы дурус эле болчу. Биз дем жетпей калгандыктан көз жумду деген тыянактабыз. Ал кускан, анан ага чакап, кызыл өңгөчү бүтөлүп калган. Мындан башка өлүмдүн себебебин көрбөй элебиз», деп "Азаттыкка" билдирди.

Ага чейин жазуучунун жакындары ооруканада коопсуздук чаралары жоктугун айтып, өкмөттү атайын шарт түзүүгө чакырган. Бирок Таги өзү "Азаттыкка" сүйлөгөндө эч кандай кооптонуу жоктугун айткан.

Журналист кол салууну ушул ай башында "Азаттыктын" азербайжан кызматынын интернет сайтында жарык көргөн «Иран жана глобализация айкындыгы» деген макаласы үчүн деп боолгоп турганын айткан. Аталган макалада иран өкмөтү катуу сындалып, Тегерандын Азербайжанга каршы акылга сыйбаган коркутуулары ачык жазылган.

2006-жылы чыккан «Европа жана биз» деген макаласы Бакыдагы исламчыл маанайдагылардын нааразылыгын жаратып, жүздөгөн адамдар журналисттин өлүмүн талап кылган. Бул макаласы үчүн жазуучу "улуттар ортосуна чок салды" деген кине менен 3 жылга абакка кесилип, 8 айдан кийин президент Алиевдин мунапысы аркылуу эркиндикке чыккан.

Ал эми Ирандагы улуу Аятолла Фазел Ланкарани журналистти өлүмгө буюрган фатва чыгарган.

Шаршебиде Ирандын Бакыдагы элчилиги Рафик Тагиге кол салууга иран бийлигинин эч кандай тиешеси жоктугун айтып, билдирүү таратты.

«Азербайжан Республикасында айрым медиа каражаттары менен кээ бирөөлөрдүн Рафик Тагинин өлүмүнө Иран Республикасын аралаштыруу аракети негизсиз айыптоо, биз мунун четке кагабыз», деп айтылат билдирүүдө.

Рафик Таги менен соңку маек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00


61 жаштагы Рафик Таги Бакыда медициналык институтту жана Москвада Сеченов атындагы мединституттун ординатурасын аяктаган. Кесиби терапевт-кардиолог.

60-жылдардан тарта чыгармалары жарык көрө баштаган. Рафик Таги Азербайжандын Жазуучулар союзунан чыгарылып, бул уюмга атаандаш болгон «Эркин жазуучулар коломтосу» деген чыгармачыл бирикмеге мүчө болуп жүргөн. Маркум 6 прозалык жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG