Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Кытайдагы “кара дүйшөмбүнүн” эпкини


Биржанын көрсөткүчтөрүнө байкоо салуу. Бээжин 25-август.
Биржанын көрсөткүчтөрүнө байкоо салуу. Бээжин 25-август.

Кытайдагы “кара дүйшөмбү” дүйнөнүн баалуу кагаздар базарын кыйсыпырга түшүрдү. Кытайдыкы менен кошо артка кеткен Азиянын жана Европанын биржалары бүгүнкү соодада бир аз кайра жанданганы байкалды.

Кечээ АКШда негизги биржалык индекстердин бири 2009-жылкы кризистен берки эң төмөнкү чекке түшкөн.

Кытайдын өзүндө “кара дүйшөмбү” атыккан 24-августан кийинки - бүгүнкү соодада да негизги биржалык индекстер 7% ашуун ылдыйлады. Кечээ болсо төмөндөө 8,5%га чейин жеткен.

Мындан улам айрым аналитиктер Кытайдын баалуу кагаздар базарындагы азыркы көрүнүштү “көбүктүн жарылышы” катары да мүнөздөшүүдө.

BGC компаниясынын талдоочусу Майк Инграм "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде буларды белгиледи:

- Силер бүгүн баалуу кагаздар базарында күбө болуп жаткан кыйсыпырдын жана өткөн аптада башталган төмөндөө уланышынын системалык мааниси бар. Кытайдын бийликтери экономикада тең салмактуулукту ийгиликтүү камсыздай албаганы даана көрүнүп турат. Байлык эффектисин жаратуу максатында баалуу кагаздар базарына жасалма түрдө акча салуу же ал дүркүрөп өнүгүп жатат дегендей түр көргөзүү стратегиясы болгон. Бирок бул стратегия иштебей калды. Бийликтер төмөндөөнү токтото алган жок. Шанхай биржасындагы акциялардын 70% бир түндө эле 10%га нарксызданды.

Кытайдын баалуу кагаздар базарындагы төмөндөө өкмөттүн мамлекеттик пенсиялык кордун акчасын фондулук биржага инвестициялоо чечимине карабай орун алууда.

Бул инвесторлор карамагындагы баалуу кагаздарын сатып жатат дегенди билдирет.

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары баалуу кагаздар базарындагы кырдаалга арналган комментарийлеринде инвесторлорду дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, бул күтүлгөн нерсе экенине, инвесторлор менен аналитиктердин тынчыздануусуна карабай, экономикада эбегейсиз потенциал бардыгына көңүл бурууда.

Кытайда акциялардын арзандашы Азия –Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн баалуу кагаздар базарын да артка тартты. Маселен, дүйнөнүн үчүнчү ири экономикасы саналган Жапонияда негизги биржалык көрсөткүчтөрдүн бири - Никкей шейшемби күнү да 4%га төмөндөдү.

Токио биржасы. 21-август, 2015-жыл.
Токио биржасы. 21-август, 2015-жыл.

Жапониянын каржы министри Таро Асо Токиодогу басма сөз жыйында Кытайда улуттук өндүрүштүн өсүү ыргагы чынында бийлик берген расмий көрсөткүчтөн төмөнбү деген шек саноолор бардыгын да жашырган жок.

Бирок Жапониядан айрымаланып, Гонконг, Сингапур, Австралия, Түштүк Кореянын биржаларында шейшембиде бир аз жандануу болду.

Өзү балуу кагаздар базарындагы азыркы кыйсыпыр инвесторлордун дүйнөнүн экинчи ири экономикасы - Кытайда өндүрүш басаңдады деп кооптонгонунан улам болуп жатат.

Дүйнөлүк банктын соңку болжолуна караганда, кытай экономикасы быйыл 7,1% гана өсөт.

Талдоочулар арасында, Кытайдын биржаларындагы абалды реалдуу экономика менен тыгыз байланышта кароо туура эмес деп сангандар да бар.

Алар Кытайда биржанын жыйырма жыл ашуун гана тарыхы бардыгын, реалдуу экономика ага анчалык байланбагаын аргумент катары келтиришет.

Британиядагы World First компаниясынын башкы экономисти Жереми Кук мындай дейт:

- Азыр кытай экономикасы үчүн абдан татаал этап. Бул дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү жараяндарга эмес, экономикадагы балансты өзгөртүү, өнөр-жайын өндүрүшүнө таянгандан, кыймылдаткыч күч керектөө болгон экономикага көчүү аракеттерине байланыштуу. Алар Батыштын ар бир экономикасы барган нерсени эле жасашууда, бирок кыйла тез ыргакта.

Талдоочулардын айтымында, кара дүйшөмбүнүн эпкини башка жактарда да тез сезилгени - Кытай азыр дүйнөнүн экинчи ири экономикасы экендигинде.

Нью-Йорк биржасы.
Нью-Йорк биржасы.

Кытай таасири менен Европанын негизги биржаларында кечээ 5%дан ашуун ылдыйлаган индекстер бүгүн кайра 3%га жетпеген деңээлде көтөрүлдү. Адистердин эсебинде, Европанын баалуу кагаздарынын наркы "кара дүйшөмбүдөгү" төмөндөөдөн 450 миллиард евро жоготту.

АКШда Нью-Йорк биржасынын негизги Доу Жонс индекси дүйшөмбү күнкү сооданы 3,6% төмөндөө менен аяктаган. Мындай көрсөткүч Уолл Стритте 2009-жылкы каржылык кризистен бери каттала элек болчу. Ал эми бүгүнкү сооданын башталышында Доу Жонс индекси кайра 2%дан ашыгыраак көтөрүлдү.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG