Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Экс-президент Ширак 2 жылга шарттуу кесилди


Париж шаарынын соту Франциянын мурунку президенти Жак Ширакты шарттуу түрдө 2 жылга түрмөгө кести. 79 жаштагы экс-президент баш калаанын мэри болуп турган кезде кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, коомдук каражатты максатсыз сарптаган деп айыпталган. Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин Франциянын мурдагы мамлекет башчысы соттоло элек болчу.

Жак Ширак Париж мэриясын 1977-1995-жылдары 18 жыл бою жетектеген. Айыптоочулардын версиясына ылайык, Ширак жана дагы 9 киши 1990-жылдардын башында кагаз жүзүндө 21 жумушчу орун түзүшкөн. Аларды кийин Ширак 1995-жылкы президенттик үгүт кампаниясы маалында өз кызыкчылыгына пайдаланган. Бул иш боюнча дооматтар ал президент кезинде эле айтылып келген. Бирок мамлекеттин биринчи адамы кол тийбестик макамына ээ болчу.

Өкүм угузулганда Ширак саламаттыгына байланыштуу сот залында болгон жок. Ал буга чейинки отурумдарга да келген эмес. Адвокаттары сотко тапшырган медициналык бүтүмгө ылайык, экс-президент неврологиялык илдетке чалдыгып, анын эс тутуму, нерв системасы жабыркаган. Сентябрда адвокаты Жан Вейл аркылуу жасаган билдирүүсүндө ал “моралдык же юридикалык ката кетирбегенин” айткан.

Ширак менен кошо айыпталгандарды арасында генерал Де Голлдун небереси, мурдагы премьер-министр Мишел Дебренин уулу, дагы бир нече аткаминерлер бар. Күбө катары чакырылыган Франциянын тышкы иштер министри, бир кездери мэрияда Ширактын орун басары болуп иштеген Аллен Жюппе процесске келген жок. 2004-жылы ушул эле иш боюнча ал 14 айга шарттуу кесилген.

Сотко жабырлануучу тарап – Париж мэриясы да катышкан жок. Былтыр августта мэрия өкүлдөрү, Жак Ширак жана бийликтеги “Элдик кыймыл биримдиги” партиясы келишим түзүп, мэрияга компенсация катары соттун кийлигишүүсуз эле 2,2 миллион евро төлөп берүү жөнүндө макулдашышкан. Андан кийинки сотторго жабырлануучу болуп паракорлукка каршы күрөшкөн “Антикор” ассоциация катышып келди.

Уюмдун адвокаты Жером Карсенти соттун бүгүнкү чечимин кубаттап, аны “Франциядагы демократиянын келечеги үчүн маанилүү тарыхый учур” катары сыпаттап, бул процесс “башка саясатчыларга жоопкерчиликтүү болгула деген ишара” береерин белгиледи.

Экс-президенттин адвокаты болсо өкүмдү өкүнүчтүү деп атап, “француздардын Жак Ширакка болгон оң мамилеси өзгөрбөйт” деп ишенерин айтты. Ширактын апелляция берүү укугу бар.

Буга чейин 1945-жылы маршал Филип Петэн нацисттер менен кызматташкандыгы үчүн соттолгон.

1932-жылы Парижде туулган Ширак Франциядагы абройлуу жана тажрыйбалуу саясатчылардын бири. Ал оңчулдардын эки барандуу партиясынын негиздөөчүсү. Президент Валери Жискар д`Эстендин тушунда 2 жыл премьер-министрлик кызматты аркалаган. Кийин социалист Франсуа Миттерандын кезинде да өкмөт башчылыкка дайындалган.

Биринчи жолу президенттикке 1995-жылы шайланып, 2002-жылы экинчи мандатты жеңген. Ширак АКШ баштаган күчтөрдүн Иракка киришине каршы туруму менен дагы белгилүү.

XS
SM
MD
LG