Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Дүйнөдө COVID-19 жуккан эң көп учур катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) акыркы бир күндүн ичинде коронавирус дагы 183 миңден ашык адамдан аныкталганын билдирди. Бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, өпкөнү сезгенткен вируска кабылгандарын жалпы саны дүйнө жүзү боюнча тогуз миллионго чукулдады жана бул оорудан 466 миңден көп бейтап жан берди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, акыркы бир күндө оору жугузуп алгандардын теңинен көбү, тактап айтканда, 116 миңден ашыгы Түндүк жана Түштүк Америкага туура келет.

Оорудан эң көп жабыркаган Бразилияда соңку 24 сааттын аралыгында COVID-19 55 миңден көп адамдан табылды жана мындай көрсөткүч менен рекорддук чекке жетти. Бул өлкөдө жалпысынан коронавирустан 50 миңдей бейтап көз жумду. Айрым байкоочулар ооругандар менен ажал тапкандардын саны мындан да алда канча көп болушу ыктымал экенин айтышат.

Азербайжан, Баку
Азербайжан, Баку


Ал арада Түштүк Кореяда COVID-19ду жугузуп алгандар көбөйө баштады. Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун башчысы Чжон Ен-Кёндугн коронавирустун экинчи толкуну адистер болжогондон алда канча эрте башталганын айтты:

"Башында биз оорунун экинчи толкуну күзүндө же кышында, күн сууктап, адамдар жабык жайларда көбүрөөк топтолгон маалда башталат окшойт деп божомолдоп жатканбыз. Борбор калаада оорунун биринчи толкуну февраль айынан мартка чейин орун алган. Андан кийин илдеттин жайылышы басаңдаган. Азыр болсо май майрамдарынан кийин башталган оорунун экинчи толкунун көрүп жатабыз".

Түштүк Корея.
Түштүк Корея.


Түштүк Кореяда жекшембиде оору 17 адамдан аныкталды, анын алдындагы эки күн катары менен COVID-19 жугузуп алган ондогон учур катталган. Бул өлкөдө ооруну 12,5 миңдей жаран жугузуп алды, 280 бейтап көз жумду.

АКШ менен Германияда тамак-аш, азык-түлүк өндүргөн жайларда оорунун жаңы очоктору катталды. Арканзас штатында тоок фабрикасында иштегендердин 12 пайызынан оору аныкталды. "Tyson Foods" фабрикасынын жетекчилиги жумушчулардан буга чейин оорунун белгилери байкалбаганын, тест аркылуу гана белгилүү болгонун айтты. Бул жагдайга байланыштуу Кытай АКШдан тоок этин импорттоону убактылуу токтотту.

АКШда соңку 24 сааттын ичинде илдет 36 миңден ашык жарандан табылды.

Германияда эт комбинатынын жумушчулары арасында ооругандардын саны 1331ге жетти.

Убагында оору очогуна айланган Европада бир катар мамлекеттер карантин чараларын жумшартууну улантууда.

Испания үч айлык карантинден кийин өзгөчө абалды жойду жана Европанын бир топ өлкөлөрүнүн туристтери үчүн ички чек арасын ачты. Ошондой эле сырттан келгендер эки апталык карантинге алынбай турган болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG