Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

"Титаниктин" режиссеру океандын түбүн көрүп келди


Жэймс Камерон кемесинин жанында, Австралия, 25-март 2012-жыл
Жэймс Камерон кемесинин жанында, Австралия, 25-март 2012-жыл

26-мартта Голливуддун белгилүү режиссеру, "Титаник", "Аватар" тасмаларынын автору Жэймс Камерон Тынч океандагы эң терең ойдуңга түшүп келди.

Камеронга чейин Гуам аралынан 300 километрдей алыс орун алган Мариан ойдуңунун түбүнө АКШ армиясынын лейтенанты Дон Уолш жана швейцариялык изилдөөчү Жак Пикар гана чөмүшкөн.

50 жылдан кийин Оскар сыйлыгынын бир нече жолку жеңүүчүсү Камерон видео жана жөнөкөй сүрөт тартууга ыңгайлаштырылган батискаф же суу астында сүзүүчү аппаратта океан алдында 3 сааттан көп убакыт болду.

Экспедиция алдында ал бала кезинен бери фантастиканы жакшы көргөнүн, эми ушинтип кыялы ишке ашып жатканын мындайча айткан:

- Жак Кусто бир ирет: “Ал жакта эмне бар экенин билсек, барууга зарылдык жок болмок”, - деп айткан. Биз ал жакта эмне бар экенин билбей баратабыз. Биздин билимибиз үстүрт эле. Биз ал жактан өтө таң калычтуу жаныбарларды көрөрүбүздү билебиз. Бирок илим мындай түпкүрдө балык жашайбы-жокпу билбейт. Биз да билбейбиз.

Камерон сөз кылган Жак Кусто – же капитан Кусто франциялык белгилүү изилдөөчү-океанограф, океандын ажайып сырларын ачып берген бир нече даректүү тасмалардын автору, акваланг жана суу астындагы изилдөө жүргүзүүчү чакан кемени ойлоп тапкандардын бири. Кусто командасы менен бирге Атлантика, Индия океандарын, Кызыл, Кара, Аравия деңиздерин изилдеп чыккан.

Камерон өзү айткандай, анын миссиясы жалаң илимий максаттарды көздөйт. Саякатты уюштурууга кеткен чыгымдарды режиссер өзү, саат чыгарган “Ролекс” фирмасы жана National Geografic телеканалы каржылашкан.

Соңку кездери океандарга кызыгуу барган сайын өсүүдө. Окумуштуулар суу түбүндө жандыктардын улам жаңы түрлөрүн таап, улам жаңы ачылыштарды жасап жатышат. 1995-жылы жапон, 2008-жылы америкалык суу астында сүзүүчү пилотсуз кеме Мариан ойдуңуна жиберилген.

Арийне, бул Камерондун океан алдындагы алгачкы саякаты эмес. “Титаник” тасмасын тартып жаткан кезде режиссер кеме чөккөн жерге 12 жолу түшүптүр. Ар бир жолу суу астында 10-12 сааттан жүргөнүн эске алганда, жалпысынан кемеде "Титаниктин" аман калган жүргүнчүлөрүнөн көп убакыт өткөрүптүр.

Баса, бир нече күндөн кийин - 14-апрелде "Титаниктин" чөккөнүнө туура 100 жыл болот. Ошол датага карата Камерон 1998-жылы америкалык киноакадемиянын 11 Оскар сыйлыгына татыган тасмасын 3Д форматында кайра жасап, анын бет ачары 6-апрелде болмокчу. Жаңы форматка которуу иши 60 аптага созулду. Режиссер ал фильм 1997-жылы тартылган “Титаниктен” айырмаланбасын, көркөмдүк жагынан бардыгы өзгөрүүсүз калганын белгиледи.

Камерондун 3Д форматында тартылган “Аватар” фантастикалык тасмасы да 2010-жылы 3 Оскарды алган.

XS
SM
MD
LG