Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:10

Коста-Рика: кезектеги сюрприз


Коста-Риканын дарбазачысы Кейлор Навас (жашыл түстө) гректер менен беттешүүдө топту кармоодо, 29.07.2014. (REUTERS/Tony Gentile)
Коста-Риканын дарбазачысы Кейлор Навас (жашыл түстө) гректер менен беттешүүдө топту кармоодо, 29.07.2014. (REUTERS/Tony Gentile)

Коста-Риканын Грецияны жеңиши жана тарыхта биринчи жолу чейрек финалга чыгышы чемпионаттын сюрприздер тизмесин толуктагансыды.

Бразилияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кечээ чейрек финалда ойной турган дагы эки команда белгилүү болду.

Форталезадагы таймашта эң мыкты чабуулдары менен айырмаланган Голландия менен коргонуусу эң күчтүү саналган Мексика беттешти.

1974, 1978 жана 2010-жылкы чемпионаттардын финалында ойноп, бирок үч жолу тең жыдып калган Голландия акыркы мүнөттөргө чейин 1 гол артта келатты.

Бирок бул жолу сенсация жаралган жок.

Мексикалыктардын дарбазачысы Гильермо Очоа Снайдер тепкен топту бул ирет кармап кала алган жок. Көп узабай Хунтелардын пенальтиси Голландияны оңой эмес жеңишке алып келди.

Матчтан кийин мексикалыктардын машыктыруучусу Мигел Херрера арбитрлерге ачууланып, "Бул чемпионатта бардыгы Мексикага каршы болушту" деген нааразылыгын жашырган жок.

Ал эми "Манчестер Юнайтед" клубунун болочок машыктыруучусу, голландиялык Луи ван Гаал "Өз жолубузду уланта беребиз, Голландиянын маалымат каражаттары биринчи айлампадан чыгышпайт деп бизге көп ишеним артышкан жок. Бирок командада жакшы маанай өкүм сүрүүдө" - деп билдирди.

Голландия чу дегенде эле дүйнө чемпиондору Испанияны 5-1, андан кийин 3-2 Австралияны жана 2-0 эсеби менен Чилини жеңип, В тобунда биринчи орунду ээлеген.

Жогоруда айтылгандай, Мексика буга чейин өзүнүн күчтүү коргонуусу менен таанылган. Арийне чейрек финалдагы орун үчүн таймашта мыкты чабуул да көргөзө алышты. Оюндун эккинчи жарымынын эң башында Жованни дос Сантос 25 метрден Голландиянын дарбазасына таамай тепти. Баса, Жованни, бразилиялык футболчу Зизиньонун уулу.

Мексика өз тобунда Хорватияны 3-1, Камерунду 1-0 жеңип, Бразилия менен 0-0- тең чыккан.

Бирок 1970 жана 1986-жылкы чемпионаттардагы ийгилигин кайталап, чейрек финалга чыгуу кыялы ишке ашпай калды.

1994-жылдан бери алар катары менен 6-ирет дал ушул этапта мелдештен чыгып калышты.

Бул жолку Мундиал өзгөчө экенине эң башынан эле күбө болуп келатабыз. Коста-Риканын Грецияны жеңиши жана тарыхта биринчи жолу чейрек финалга чыгышы чемпионаттын сюрприздер тизмесин толуктагансыды.

Мексика командасы өзүнүн жаңы жылдызы Очоа менен сыймыктанса, костарикалыктардын дарбазачысы Кейлор Навасты кечээки беттешүүдөн кийин улуттук каарманга теңесе болчудай.

Голсуз аяктаган негизги жана кошумча берилген убакыттан кийин тебилген пенальти сериясында анын бир жолу өз дарбазасын коргоп калышы командага жеңишти камсыздады.

Андан мурунку күнкү Бразилия менен Чили ортосундагы беттешүүдөн айырмаланып, гректер менен костарикалыктар 11 метрден топ тебүүдө жогорку чеберчиликти көрсөтүштү.

Ал күнү Бразилия Чилини 3-2 уткан. Ал эми күчтүү чабуулчусу Суарес оюндан чыккандан кийин Уругвай Колумбияга жеңилип калды. Колумбия дагы тарыхында алгачкы жолу чейрек финалда ойномой болду.

Колумбия болгондо дагы талаа кожоюну, фаворит катары аталып келаткан Бразилия менен беттешмекчи.

Алар колумбиялык жаш жылдыз Хамес Родригезке чоң үмүт артышууда. Футбол адистери аны Роналдо жана Месси менен салыштыра башташты.

XS
SM
MD
LG