Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Польшада кызытмага каршы жыйын башталды


ВАДАнын конференциясы.Катовице, 5-ноябрь 2019-жыл
ВАДАнын конференциясы.Катовице, 5-ноябрь 2019-жыл

Шейшембиде Польшада Допингге каршы эл аралык уюм – ВАДАнын үч күндүк конференциясы башталды. Жыйын Орусиянын спортчулары аралашкан кызытма жаңжалы курчуган маалда өтүп жатат.

Катовице шаарында башталган конференциянын ачылышында ВАДАнын кызматтан кетип жаткан төрагасы Крэг Риди Орусияда 2015-жылы тутанган чатак 20 жылдан бери иштеп келаткан уюмдун чоң баш оорусуна айланганын билдирди.

Төрага спортчулардын тыюу салынган заттарды пайдаланып, көз боёмочулукка барганы мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин, WADA орусиялык атлеттер менен иш алып баруу үчүн көп аракет жумшаганын белгиледи.

ВАДАнын төрагасы Крэг Риди, Катовице, 5-ноябрь 2019-жыл
ВАДАнын төрагасы Крэг Риди, Катовице, 5-ноябрь 2019-жыл

Эл аралык агенттик орусиялыктар спорттун ондогон түрү боюнча кызытма колдонгон миңден ашык учурду каттаган.

Орусия кабыл алган Сочи Олимпиадасында андай учурлар өзгөчө көп болгон.

Атайын комиссия 2011-2015-жылдар аралыгында атлеттердин допинг пайдаланганын жаап-жашыруу үчүн өкмөт өзү аралашканын аныктаган.

РУСАДАнын имараты. 20-сентябрь 2018-жыл
РУСАДАнын имараты. 20-сентябрь 2018-жыл

2015-жылдан тарта Орусия эл аралык мелдештерден четтетилген, ошол эле жылы өлкөнүн Допингге каршы улуттук агенттиги – РУСАДАнын иши убактылуу токтотулган.

Ал эми Москвадагы лаборатория лицензиясынан ажыратылган.

Быйыл сентябрь айында Москвадагы мурдагы лабораториядан алынып, ВАДАнын тергөөчүлөрүнө өткөрүлгөн электрондук маалыматтар бурмаланган же алмаштырылган деген шек пайда болгон.

Кремл маалымат базасы эмне болгонун толук түшүндүрө элек.

Эми Орусия 2020-жылы өтө турган Токио Олимпиадасынан четтетилиши ыктымал. Акыркы шек саноолор дагы текшерилүүгө тийиш жана Катовицедеги жыйында Орусия боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алынбасы ыктымал.

Бул тууралуу 4-ноябрда эл аралык агенттиктин басма сөз катчысы Жэймс Фитцжералд билдирди:

- Орусиянын допингге каршы агенттиги – РУСАДАнын укуктары былтыр сентябрда Допингге каршы кодекске ылайык абдан катаал шарттарда калыбына келтирилген. Негизги шарт катары ВАДАнын инспекторлоруна Москвадагы лабораториядан маалыматтарды жана анализдердин үлгүлөрүн алууга уруксат берүү аталган. Шарт аткарылып, ошондон бери маалыматтар текшерилип жатат. ВАДАнын тергөөчүлөрү айрым маалыматтардын дал келбестигин аныкташкан. Ушу тапта биз эмне, кандай болгонун, дал келбестиктер кайдан келип чыкканын билүү аракетиндебиз.

Фитцжералддын айтымында, Орусиядан айрым бир суроолорго жооп алынды, бул ишке көз карандысыз эксперттер да тартылууда, алар өз бүтүмүн ВАДАнын тиешелүү комитетине тапшырышат.

Андан соң гана Орусияны Токио Оюндарына катыштырып же катыштырбоо маселеси чечилмекчи.

Эл аралык агенттиктин жаңы төрагасы болуп шайланат деген Витолд Банка өткөн жуманын этегинде спортчулардын көз боёмочулугуна, алдамчылыгына кайдыгер карабасын эскертти.

Жакында Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах допингге каршы күрөшүү үчүн 10 миллион доллар бөлүнөрүн билдирди. Каражаттын жарымы Олимпиадаларга чейин алынган анализдерди 10 жыл бою сактоо шарттарын түзүүгө жумшалмакчы. 2008 жана 2012-жылкы оюндарда алынган үлгүлөр кайра текшерилгенде 120 тест позитивдүү болуп чыкты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG