Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Жаңы технологиялар кол жазманы бузду


Батыш адистери ар бир үйдө компьютер пайда болгон азыркы чакта адамдардын кол жазмасы таптакыр бузулуп, калемсап менен жазууну эп көрбөгөн өзүнчө муун пайда болгонун айтышууда.

Мисалы, жаңы технологиянын мекени саналган АКШда мектептердин 80% окуучулар кол менен жазууну эскиче көрүшүп, жаңы технологиянын жардамы менен билим алышат.

Бул өлкөдө ар бир үйдө компьютер турат, көпчүлүгү Айпад, смартфон пайдаланышат. Мындай учурда калем алып, анан дептерге түшүрүп, аны кийин барактап отурууну көпчүлүгү эп көрбөйт.

АКШнын Чикаго шаарынын тургуну Мередит Медер айым эшиктин алдына жазып кеткен катын компьютер менен өскөн өспүрүм уулу түшүнбөй калганын баяндап берди:

- Мен "үйгө келгенде мага телефон чалып кой" деген мааниде кат калтырган элем. Анан ал телефон чалып, "апа, бул жерге кат таштап кетипсиз, толук окуй албай турам, айтчу сөзүңүздү телефондон эле айтыңызчы", - дейт. Жазуунун жарымын түшүнүп, жарымын түшүнбөй калыптыр.

Ошентип азыр дүйнөдө көпчүлүк жаштар калемсаптын ордуна клавиатураны тандап алышты. Батышта же Европада гана эмес, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында да сабакта калемсап менен дептерди колдонбой калган студенттер миңдеп саналат.

Биз Фейсбук баракчасы аркылуу узаткан сурообузга жаштардын көбү калемсап колдонуу ыңгайсыз болуп баратканын, баары компьютерге биротоло көнүп калышканын жабыла жазышты.

Чын эле көп жылдан бери компьютер, же Айпад, Айфонго көнүп калгандардын баары кол жазмасы бузулуп, калемсап менен жазганды эстен чыгарышабы? Блогчу Мирсулжан Намазалиев:

- Калемсапты мен кол койгондо гана колдончу болдум. Бирок кол жазмам тайраңдап кетти деп деле айталбайм. Азыр бардык жумуштар компьютерден, же Айпад, чөнтөк телефондон эле бүтөт. Бул жакшы көрүнүш деп ойлойм. Кол жазмасы сулуу же сулуу эмес деген бул эң негизги баалуулук эмес да. Анын үстүнө ручка менен жазганда эки гана манжаң иштеп, кол чарчап калат. Айпад же компьютерде бардык манжаларың иштеп, бир чети физикалык жаткан да машыгуу болуп турат.

Бирок Намазалиевдин мындай пикири оогандардын бир макалына таптакыр каршы келет экен. Ооганстанда баарына белгилүү “сулуу кол жазма - билимиңди аныктап турат” деген макал бар.

Мирсулжан Намазалиев
Мирсулжан Намазалиев
Компьютер турганда кол жазманын кимге кереги бар деп таң калган муунга тилчилер капа. Биз макаланы даярдап жатып Ош мамлекеттик университетинин Сырттан жана дистанттык окуу боюнча проректору Олжобай Шаимкуловго телефон чалганыбызда, ал өз үстөлүндө катага жык толгон арыздар жатканын айтты:

- Кол жазманын сулуулугу мындай турсун, жаштар элементардык сөздөрдү туура жазалбай атат. 1980-жылдарга чейин мектептерде кол жазмага жакшы көңүл бурулчу, андан кийинки бүтүрүүчүлөрдүн кол жазмасы өлдү. Сабаттуулук жок. Бир бет арызды туура жаза албагандар толтура. Жаңы технологиялар канчалык өнүккөн сайын кол жазмага көңүл бурулбай эле калып жатат. Керек болсо интернетке азгырылган муун китеп окубай коюшту. Бул жакшы көрүнүш эмес.

Батыш педагогдору жашоосу жаңы технологиялар менен чырмалышып калган жаштар кийин чоң энеси калтырган катты деле окуй албай калышы мүмкүн дешет. Кол жазма мындай турсун, испан окумуштуулары интернетте достору өтө көп адамдар өзүнчө эрдемсип, интернеттеги комментарийлер менен гана жашап, чыныгы жашоодогу достору менен мамиле курууну каалабай калышарын далилдешти.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG