Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Социалдык тармактардын таржымалы


Интернеттеги Майспейс, Твиттер, Фейсбук өңдүү социалдык тармактар Кыргызстандагы интернет колдонуучулар арасында кеңири жайылууда. Анткен менен бул тармактардын таасиринен кооптонуп, анын болжолдуу кесепеттеринен күмөн санаган адистер аз эмес.

Интернет баракчаларындагы социалдык тармактар - бул бир максаттагы интернет колдонуучулардан түзүлгөн коомчулук.

Алардын эң негизги өзгөчөлүгү интернет аркылуу, дүйнөнүн ар кыл бурчундагы досторду, тааныштарды табуу жана алар менен коомчулук түзүп, маалымат алмашуу болуп саналат. Бул тармактарда ар бир колдонуучу маалымат алат же жайылта алат.

Дүйнөдө социалдык тармактарындын алдыңкы орундарын Майспэйс (MySpace), Фейсбук (Facebook) жана Линкедин (LinkedIn), Твиттер (Twitter) сайттары ээлеп турат.

Акыркы беш жылда белгилүүлүккө ээ болгон Фейсбук сайтынын азыркы тапта кеминде жарым миллиард колдонуучусу болсо, Майспейс сайтында чейрек миллиарддай адам бар.

Бир катар блогчу жана жаңы медиа адистеринин маалыматтары боюнча, учурда Кыргызстандык интернет колдонуучулар Фейсбук, Твиттер, Менин дүйнөм, Классташтар өңдүү социалдык тармактарга көбүрөөк киришет.

Бул тармактарды өзгөчө жаштар маалым алып, көңүл ачуу максатында колдонушат.

Блогчу Тимур Токтоналиев билдиргендей, социалдык тармактар интернет колдонуучуларынын маалымат алуу муктаждыгын камсыз кылып жаткандыктан ага тартылып кызыккандардын саны артууда:

- Биринчи орунда албетте байланышуу үчүн, достошуу, талкуу үчүн колдонушат. Бул деген жеке маселелер боюнча сүйлөшүү, сүрөттөр, өз ой пикирлери менен бөлүшүү болуп саналат. Экинчи орунда бул жерде Твиттер менен Фейсбукту айта кетсе болот го. Бул деген маалыматты таркатуу боюнча. Анткени азыркы убакта маалыматты таркатуу, аны алуу абдан маанилүү. Бул тармактар маалымат алмашууда көп мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Тимур Токтоналиев азыркы тапта адамдардын көбүнүн убактысы тар болуп, бат маалымат алмашуу үчүн социалдык тармактар жардам берип жатканын белгилейт. Анын айткандарына бир катар интернет колдонуучулар да кошулушат:

- Мээрим: Мен үчүн "Фейсбук" абдан маанилүү. "Фейсбук" аркылуу алыскы жерде жашаган досторум менен пикир алыша алам. Ар кандай сүрөт, видеолорду киргизип алар жөнүндө пикир алыша алам.

-Тилебалды: Мен көп досторум "Фейсбук", "Классташтарды" колдонушканынан мен да колдоном. Досторумдун көбү чет өлкөлөрдө алар менен байланышам.

- Айбек: Социалдык тармактардын көптөгөн жакшы жактары бар. Алар кат алышууда, маалымат алмашууда көп жардам берет.

Социалдык тармактар кеңейип, өсүп жатканы менен аларга ишеним артпай, кооптоону менен мамиле кылгандар бар. Буга чейин белгилүү болгондой Германиянын кардарлардын укуктарын коргоо министри Илза Айгнер жарандарды социалдык тармактардан алыс болууга чакырган. Ал бул тармактарда миллиондогон адамдар туурасында маалымат топтолгонун, ал маалыматтар керек болгон учурда кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн колдонулушу мүмкүн экендигин билдирген.

Айрым адистер социалдык тармактардын колдонуучуларынын көбөйүп, адамдардын маалымат желесинде байланыша башташы көзмө-көз табигый баланышты жок кылып жатканын айтып кооптонушат.

Алардын санааркоосуна караганда, мындан улам бул тармактар көбөйө турган болсо, чоң шаарларда жүзмө-жүз баарлашуу дээрлик жоголуп анын ордун интернеттеги байланыш ээлеп калышы мүмкүн.

Байланыш (коммуникация) тармагы боюнча түркиялык адис Йасемин Кылычарслан Кыргызстан жаңы гана интернет тармагы менен байланышып жаткандыктан бул тармактын таасири учурда анча билинбей жатканын, айрым чет өлкөлөрдө адамдар дээрлик социалдык тармактар аркылуу гана байланышып калганын билдирет:

- Учурда интернеттин жана чат сайттарынын бетме-бет баарлашууну жок кылуучу, адамдар ортосундагы жер аралыгын азайтуучу жана адамдар арасындагы көзмө-көз табигый мамилени жок кылуучу өзгөчөлүгү бар. Натыйжада адамдар бири-бирин көрбөгөн, кайгы капаларын бөлүшө албаган жагдайда өз ара кабарлашып жатышат. Бул адамдар арасындагы таптакыр супсак, жасалма мамилени пайда кылды.

Айрым маалыматтарга ылайык Кыргызстанда кеминде жети жүз миңдей интернет колдонуучу бар. Алардын саны жыл өткөн сайын өсүп, интернеттеги социалдык тармактардын колдонуучулары да көбөйүп бара жатат. Ошол эле учурда айрым адистер социалдык тармактарды чеги менен колдонууга, баарлашуунун башка салттык түрлөрүн да унутта калтырбоого чакырышууда.
XS
SM
MD
LG