Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Мери Бекешова: Интернетти көзөмөлдөө кыйын


Эл аралык жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттары түштүктөгү окуяларды кандай чагылдырганы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна “Журналисттер” коомдук бирикмесинин координатору Мери Бекешова жооп берди.

- Чет элдик жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттары түштүктөгү коогалаңдуу окуяны кандай чагылдырганы тууралуу “Журналисттер” бирикмеси иликтөө жүргүздүңөрбү?

Мери Бекешова: “Журналисттер” коомдук бирикмеси түштүктөгү коогалаңды чагылдыруу боюнча бир катар макалаларды, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын материалдарын чогултуп, атайын экспертизага берген эле. Ушул макалалар журналисттик этикага туура келеби, же бузуу болуп эсептелеби деген экспертизанын тыянагы максат болгон. Жакында ушул экспертиза жыйынтыгын берип, атайын жыйында аны менен тааныштырды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча көбүнчө «Московский комсомолец», «Деловой Кыргызстан», «Деньги и власть», кыргыз тилиндеги «Асман пресс» деген гезиттердин макалалары журналистикалык этиканы бузган деп чыкты.

- Жергиликтүү талдоочулар түштүктөгү окуяны чагылдырууда чет элдик массалык маалымат каражаттары бир тараптуу Кыргызстанды каралаган материалдарды чагылдырып жатат десе, чет элдик байкоочулар кыргыз тилдүү маалымат каражаттары бир айдан бери абдан улутчул маанайдагы материалдарды байма-бай жарыялап жатат дешүүдө. Буга сиздин пикириңиз кандай?

Мери Бекешова: Жергиликтүү басылмалар улутчул маанайдагы маалыматтарды чыгарып жатат дегенге мен кошулам. Себеби кыргыз тилинде абдан көп чыгып атат. Бирок жергиликтүү эл аралык массалык маалымат каражаттары, мисалы, «Азаттык» тең салмактуу материалдарды берүүгө колунан келишинче аракет кылып жатат.

Ал эми чет элдиктер бир тараптуу кыргыз элин каралаган, бир тарапка тарткан материалдарды абдан көп берди. Биздин жергиликтүү материалдар дүйнөгө чыкпайт да, ал эми чет элдик ММКлар орус, англис тилинде кыргыз элин каралап, Кыргызстанда болуп аткан окуялар боюнча бүт дүйнө жүзүнө тескери маалымат берди. Ал эми кыргыз гезиттери анчалык күчкө ээ эмес болгондуктан алар көрүнбөй, биздин ичибизде эле кала берди.

- Сиздер интернет сайттарга чыгып аткан макалалар боюнча иликтөө жүргүзүп, кандайдыр бир жыйынтык чыгарасыздарбы?

Мери Бекешова: Интернет сайттарга абдан көп материалдар чыгып атат. Анткени азыр жеке эле адамдар барып, интервью алып, өзүнүн иликтөөсүн жүргүзүп, ар кайсы социалдык сайттарга, блогдорго чыгарып атат. Аны көзөмөлдөө, теске салуу өтө кыйын. ММК деп эсептелинген «Азаттык», «Би-Би-Си» өңдөнгөн сайттарды гана иликтесе болот. Менин байкашымча «Азаттыктын» өзбек сайты өтө бир тараптуу иштеп атат, ал эми кыргыз бөлүмү болсо колунан келишинче эки тараптуу иштегенге аракет кылып атат. Бирок менин байкашымча көбүнчө өзбек тарапты кыргыз сайттары көбүрөк берип коюп атат.

- Убактылуу өкмөт апрелде Бишкектеги жана июнда түштүктөгү окуяларда эл аралык медиа классында маалымат согушунан уттурганын мойнуна алды. Андан кийин деле бийликте медиа тармагындагы саясаты өзгөрдүбү?

Мери Бекешова: Медиа тармагындагы саясатты өзгөртүүгө аракет жасашты, бирок андай деле байкоосу билинген жок. Менин билишимче жаңы өкмөттүн басма сөз кызматы май, июндагы окуялар учурунда канча өзбек, канча кыргыз өлдү деген маалыматтарды элге таратпай, туура саясатын жүргүздү. Элдин араздашуусун күчөтпөгөн маалымат бергенге аракет кылды. Ошол жагын катуу көзөмөлгө алышты. Бирок андан тышкары чет элдик сайттарга туура эмес, бир тараптуу маалыматтар чыгып атат. Ошонун бардыгына атайын реакция берип, аларды жокко чыгарып, оперативдүү иштеш керек эле. Бул жагынан өтө эле аксап, өзүнүн профессионалсыздыгын көрсөтүп койду.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG