Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Ариэл Шарондун сөөгү жерге берилди


Бүгүн Израилге Ариэл Шаронду акыркы сапарга узатуу үчүн 21 өлкөдөн жогорку даражадагы өкүлдөр жана дипломаттар келишти.

Израилдин мурдагы премьер-министри Ариэл Шарон Газа тилкесине чектеш жерге жакын жайгашкан Негев аймагында үй-бүлөлүк фермада жубайынын жанында жерге берилди.

Жекшембиде Ариэл Шарондун сөөгү салынган табыт коштошуу үчүн Израилдин парламентине коюлган. Табытты коштошгон топ Иерусалимден батышты карай басып, Латрун деген жерде бир жолу токтоду. Бул жерде Ариэл Шарон 1948-жылы араб-израил согушунда жарадар болгон. Армиянын генералы Шарон Израил баштаган төрт согушка катышкан.

Ариэл Шарон 2006-жылы жүрөгүнөн инсульт кармап, эс-учунан тангандан кийин жасалма дем алдырууга туташтырылган. Жаңы жылдан кийин Тел-Авивге жакын жердеги "Тел а-Шомер" ооруканасынын башкы дарыгери Зеев Ротштейн “Шарон өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканын” билдирген.

1928-жылы Беларустан тарыхый мекенине кайтып барган үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген Шарон 14 жашында “Гадна” деп аталган жаштардын аскерий уюмуна кошулган. 1948-жылдан берки Израилдин эгемен тарыхындагы бардык орчундуу окуяларга түздөн-түз катышкан. Жөөт армиясында кезегинде эң жаш полковник болсо кийин генералдык наамга жеткен. 1967-жылы алты күндүк согушта танк дивизиясын жетектеген жана Мисир аскерлерине катуу сокку урган. 1973-жылы Суэц каналы үчүн кармашта өзгөчөлөнгөн.

25 жыл армияда кызмат өтөгөндөн кийин, 1972-жылы Либералдык партияга мүчө болгон. Саясатка аралашкандан тарта айыл чарба министри, коргоо министри, өнөр жай министри жана тышкы иштер министри болуп иштеген.

2001-жылдын февраль айында шайлоодо Эхуд Баракты ишенимдүү жеңип, өкмөт башчылыкка келген. 2005-жылы жөөт конуштарын Газа тилкесинен көчүрүү боюнча буйрукка кол койгон. Андан соң Газа тилкесинин бошотулганына каршы чыккан Израилдин көптөгөн саясатчылары Шаронду чыккынчылыкка күнөөлөп, акырында ал "Ликуд" партиясынан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

2005-жылы Шарон жаңы “Кадима” партиясын негиздеп, кезексиз жарыяланган парламенттик шайлоодо утуп чыгууну көздөгөн. 2006-жылдын башында 77 жаштагы Шарон мээсине кан куюлуп, эс-учун жоготкон. Төрт ай ооруканда жаткан соң ден соолугу начар болгондуктан, мамлекеттик кызматка жараксыз деп табылган. Парламенттик шайлоодо утуп чыккан “Кадима” партиясына жетекчи болуп дайындалган Эхуд Олмерт Израилдин кийинки премьер-министри болуп калган.

Сегиз жылдай эсине келбей, өмүрүнүн соңку жылдарын арасат абалда ооруканада өткөргөн Ариэл Шарон Жакынкы Чыгыштагы өтө таасирдүү жетекчилердин бири катары тарыхта калды. Эки жолу үйлөнгөн Шарон эки уулдун атасы.

XS
SM
MD
LG