Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Чемпиондор лигасы: Германия клубдарынын триумфу


"Бавария" жеңишин белгилөөдө
"Бавария" жеңишин белгилөөдө

Чемпиондор лигасынын финалында ушуну менен 4-жолу бир эле өлкөнүн командалары беттешмей болду. Мюнхендин "Бавариясы" кечээ экинчи жарым финалдык матчта "Барселонаны" 3-0 эсеби менен жеңди. Алдыңкы күнү да Испания менен Германиянын клубдары ойноп, "Реал" Мадрид "Боруссия" Дортмундду утса да, эки оюндун жыйнытыгында, уткуруп койду.

Барселонадагы “Камп Ну” стадионуна чогулгандар, матчты телевизордон көрүп отурган миллиондогон күйөрман Европа футболундагы бийликти өткөрүү жараянына күбө болгонсуду.

Соңку бир нече жылдан бери өзгөчө оюн модели, стили айраң калтырып келаткан “Барса” өзүнөн алда канча күчтүү атаандашка туш болду. Мюнхендеги Альянц Аренада болгон беттешүүдөн 8 күн өткөн соң, “Бавария” ал жолку ири жеңиш мыйзам ченемдүү экенин далилдеди. Германиянын чемпиону каталондорду алгачкы жарым финалдык оюнда 4-0, шаршембиде болсо конокто 3-0 эсеби менен утуп алды.

Бавариялыктар Мессисиз ойногон “Барсага” бир да шанс калтырышкан жок.
Ballon d`Or – “Алтын топтун” 4 жолку жеңүүчүсү талаага чыкса да, 4 гол киргизүү баары бир оңой болбойт эле.

​Мессинин ордун ээлеген Фабрегас, Вийя же Педро алгылыктуу чабуул уюштура алышкан жок. Иньеста менен Шави болсо бул жолу катуу прессингге туш болуп, дээрлик көрүнгөн жок. Педро менен Иньестанын бир жолудан “Бавариянын” дарбазасы көздөй тепкени болбосо, “Барса” атаандашынын бекем дубалынан өтө алган жок.

Анысы аз келгенсип, Пике 72-мүнөттө автогол киргизип алды. Бирок адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек, ага чейин ал 3 ирет голдон сактап калган.

“Дайыма эле оңой жеңиш боло бербейт. Мындай жыйынтыкты күтпөсөк да, жарым финалга чейин жеттик. Биз туш болгон проблемалардын бир нече себеби бар”, - деген комментарийди берди матчтан кийин каталондордун устаты Тито Виланова.

Тагдырдын тамашасы, “Барселонанын” мурдагы машыктыруучусу, клубду Европа футболунун туу чокусуна жеткирген Пеп Гуардиола эмки сезондон баштап “Баварияга” барууда. 25-майда Лондондогу Уэмбли стадионунда өтчү финалда болсо мюнхендиктер Юпп Хайнкестин жетектөөсүндө ойношмокчу.

​“Бавариянын” жана Франция улуттук командасынын оюнчусу Фрэнк Рибери Canal+ курган маегинде сезондун башынан бери жакшы командалык оюнду көргөзүп келатышканын, бул - ийгиликтин сыры экенин белгиледи:

- “Барса” менен беттешкенде адаттагыдан көбүрөөк аракеттениш керек. Алар мыкты ойногон футболисттер, топту кармоо жагынан чыныгы чеберлер. Көбүрөөк ойноого, утууга умтулуп жатабыз. Бул сезон абдан ийгиликтүү болууда. Эми бир эле матч калды. Бул ирет финалды жеңебиз деп ишенем. Дортмунд оңой атаандаш эмес. Алардын стили биздикине окшоп кетет, коргоочулары жакшы ойношот. Мен эки финалды уттуруп койгом. Үчүнчү жолу жеңилгим келбейт.
"Боруссия" финалга чыккандан кийин, 30.04.2013
"Боруссия" финалга чыккандан кийин, 30.04.2013

100 процент германиялык финалдын алдында атаандаштар ушул ишембиде өлкө чемпионатынын алкагында жолугушмакчы. Ал матчтын жыйынтыгына карабай, “Бавария” чемпиондук наамды камсыздап алды.

Немистердин “Билд” гезити баш макаласын “Кылымда бир болчу финалга күбө болобуз” деп атаган. “Кикер” басылмасы “Кыялдагы финал” деген макаласын Германиянын желеги тартылган сүрөттүн жана Made in Germany деген жазуунун коштоосунда сунуш кылат. “Барса” “Бавариянын” алдында алсыз экенин көргөздү”, - деген жыйынтыкка келет “Кикер” интернет сайтында.

Чемпиондор лигасынын финалында ушуну менен 4-ирет бир эле өлкөнүн клубдары каршылашмакчы.

​2000-жылы Парижде “Реал” Мадрид менен “Валенсия” беттешкен. Мадриддиктер ошондо 11-жолу финалда ойносо, “Валенсия” алгачкы жолу Чемпиондор лигасынын трофеи үчүн ат салышкан. Матч 3-0 эсеби менен “Реалдын” пайдасына аяктаган.

2003-жыл. Жарым финалга чыккан төрт клубдун үчөө Италиядан болчу. Миландын “Инетранционале” клубу жарым финалда жердештерине утулуп, финалга “Милан” менен “Ювентус” чыккан. Бирок 90 мүнөт, андан кийинки кошумча убакытта бирөө да гол киргизе алган жок. Матчтан кийинки пеналти урууда миландыктар 3, “Юве” болсо 2 топ киргизишкен. Чечүүчү голду даңазалуу Андрей Шевченко тээп, “Милан” ошондо 6-наамды жеңген.

2008-жылы англиялык клубдардын кезеги келди. Ал жылы жарым финалга чыккан квартетте “Челси”, “Ливерпуль” жана “Манчестер Юнайтед” бар эле. Лужники стадионундагы финалда болсо “Манчестер Юнайтед” менен “Челси” күч сынашкан. Роналдо жана Фрэнк Лампарддын голдорунан кийин 1-1 эсебинде аяктаган негизги убакыттан кийинки пеналти боюнча “Манчестер” 6-5 уткан.

Дагы бир кызыктуу факт: акыркы жолу германиялык клубдар 1980-жылы УЕФАнын кубогу үчүн фианалдык оюнда беттешиптир. Ал кезде Бавариянын учурдагы машыктыруучусу Хайнкес “Боруссия Мөнхенгладбах” командасында ойночу. Финалда анын клубу Франкфурттун “Айнтрахт” клубуна жеңилип калган.
Ким билет, балким, 33 жылдан кийин Хайнкес жана анын командасы жолдуу болот.
XS
SM
MD
LG