Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

"Барсанын" биринчи скрипкасы оркестрге дем берди"


Месси "Миланга" экинчи гол киргизгенден кийин, 12-март 2013-жыл
Месси "Миланга" экинчи гол киргизгенден кийин, 12-март 2013-жыл

Чемпиондор Лигасынын бул жолку матчтары Испания футболунун триумфуна айланды. “Малага” тарыхта биринчи жолу чейрек финалга чыкса, кыйын абалга кептелген “Барселона” дагы бир жолу мыкты команда экенин далилдеди. Бул эки клубдан тышкары чейрек финалга Түркиянын “Галатасарай” клубу менен Германиянын “Бавариясы” чыкты.

“Малаганын” чабуулчусу Иско “Мындай эрдикти бир нече саат мурун элестетүү да кыйын эле”, - деп комментариялады матч аяктагандан кийин. Биринчи беттешүүнү испаниялыктар Португалиянын “Порто” клубуна 0-1 эсебинде уттуруп койгонун эске алсак, албетте, алардын жеңиши оңой болгон жок.

Биринчи голду киргизген Иско “Ошондон кийин бизди квалификациядан бир эле топ ажыратып турганын түшүндүк,”- дейт.

Эми андалузиялыктар дароо чейрек финалга даярданышаарын айтып, анда "эч ким эч кимге белек тартуулабайт, беттешүүлөр курч болот" дешет.

Англиянын “Арсенал” клубу да шаршембиде чыныгы эрдигин көрсөттү. Бирок гезиттердин бири жазгандай, ал - “пайдасыз эрдик” болду. Мюнхенде "Бавария" менен каршылашкан англиялыктар 2-0 жеңгени менен эки матчтын жыйынтыгында күрөштөн чыгып калды.

Чемпиондук наам үчүн жарышты бул оюнда өзүн көрсөтө албаган мюнхендиктер улантмакчы. Себеби биринчи матчты "Бавария" атаандашынын талаасында 3-1 эсеби менен уткан.

Оюн башталгандан 3-мүнөттө “Арсенал” гол киргизгенден кийин Мюнхендеги “Альянц Арена” тым тырс болуп калды. Коноктор дал ошондо жеңиш мүмкүн экенине бекем ишенсе керек. Былтыр “Арсенал” Миланда 4 гол менен утулуп, кийинки матчта 3 топ киргизген. Ошондо да алар чейрек финалга чыкпай калган. Бирок анда англиялыктардын шанстары 0 процентке тете болсо, бул ирет жок дегенде 2 процент бар эле.

“Арсеналдын” экинич голунан тартып арбитрдин финалдык ышкырыгына чейин стадиондо көрөрмандар оюндун тезирээк бүтүшүн тилеп отурушту.

Англиянын акыркы үмүтү - “Арсенал” эми Чемпиондор Лигасынын жаңы сезонуна даярдана берсе болот. 1996-жылдан бери биринчи жолу Англиянын бир да клубу баалуу трофей үчүн ат салышкан мыкты сегиздин катарына кирбей калды.

Ал эми Стамбулдун “Галатасарай” командасы мыктылардын арасына илинип, түркиялык гезиттердин кооз эпитеттерге бай алкыштарына арзыды: “Тарыхый жеңиш”, “Галатасарай Европанын тарыхына кирди”, “мыкты оюн”. Vatan басылмасы атүгүл “клуб чемпион болот, бул – куру кыял эмес” деп куштарланат. Гезиттердин бардыгы бир добуштан “Галатасарай” 2001-жылдан бери чейрек финалга чыга элек болчу деп эскеришет. Германиянын “Шалке” командасын түркиялыктар 3-2 эсебинде жеңип алышты. Биринчи оюн 1-1 эсебинде аяктаган.
Өзгөчө мактоолорго клубдун машыктыруучусу Фатих Терим арзыды. “Европаны багындырган” Фатих 2005-2009-жылдары Түркиянын улуттук командасын жетектеп келген. 2000-жылы “Галатасарай” УЕФА кубогун жеңгенден кийин маалымат каражаттары аны “Султан” деп атап алышкан. Баса, Фатих деген ысымдын түркчө “багындыруучу” деген мааниси бар.

Ал эми аптанын эң күтүлгөн, эң интригалуу матчы шейшембиде Каталониянын борборунда өттү. Миллиондогондордун сүймөнчөгү – айтылуу “Барса” мындан 3 жума мурун "АС Миланга" 2-0 эсеби менен утулуп калган. Испания чемпионатында, Падыша кубогу үчүн 2 таймашта тең түбөлүк атаандашы “Реал” Мадридге жыдыган. Ошондон бери клуб кризиске баттыбы деген суроолор көп берилип келди.

“Жок, Барселона тирүү”, “тарыхый кайтып келүү – remuntada historica”, “Биринчи скрипка оркестрге дем берди” – испан маалымат каражаттары да эпитеттерин аяган жок. “Биринчи скрипка” ким экени айтпса да белгилүү.

Месси миландыктардын дарбазасына эки гол киргизгенден кийин “каталониялыктар бары бир чейрек финалга чыкпайт” дегендер ойлонуп калышса керек.

Давид Вийянын голу жеңишке алып келсе, Хорди Алба бул футбол драмасына акыркы чекит койду.

Ким билет, балким миландыктардын чабуулчусу Мбайе Ниянг тепкен топ устунга тийбей дарбазага кирсе, матч башка нукка бурулмак.

“Миландын” машыктыруучусу Массимилиано Аллегри “дүйнөнүн эң мыкты командасы” менен беттешкенин моюнга алды. “Милан” – жаш команда. Колубуздан келгендин бардыгын жасадык. Шави менен Мессинин оюнунан үлгү алса болот, - деген Аллегри “чаалыкпаган Иньестанын матчтын 90-мүнөтүндөгү дриблингтерине” суктанганын жашырган жок.

“5 дебютант ойногон команда “Барселонадай” атаандаш менен ушундай маанилүү матчта беттешкенде, албетте каталар болбой койбойт. Бирок мындай утулуштар да өсүү үчүн керек. Футболдо кээде бир нече сантиметр матчтын тагдырын чечип коет эмеспи. Биринчи жарымда Ниянгинин чоң мүмкүнчүлүгү бар эле”, - деди Аллегри.

“Барсанын” жеңиши азыр Нью-Йоркто рактан дарыланып жүргөн устаты Тито Вилланова үчүн чоң белек болду окшойт. Каталониянын телеканалына берген интервьюда клубдун кеңешчиси Вилланова Испанияга 25-мартта кайтып келээрин айтты.

Чейрек финалда ким ким менен беттешээри жума күнү Швейцариянын Нион шаарында аныкталмакчы.
XS
SM
MD
LG