Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Нигерия чемпион, Моуриньо кайда барат?


Жозе Моуриньо - Реал Мадриддин машыктыруучусу
Жозе Моуриньо - Реал Мадриддин машыктыруучусу

Нигерия Африка чемпионатын жеңди. Континенттин эң көп калктуу өлкөсү буга чейин 1980 жана 1994-жылдары эң мыкты аталган. Жозе Моуриньо Челсиге кайтабы же Карло Анчелоттинин ордуна PSG клубуна барабы?

Буркина Фасо биринчи жолу тарыхта финалга чыгып, чоң үмүт пайда болду эле. Бирок Стефен Кешинин жетектөөсүндөгү Нигерия улуттук командасы жекшемби күнкү матчты 1-0 эсебинде жеңип, ушуну менен 3-жолу Африка чемпиону аталды. Баса, машыктыруучу өзү да 1994-жылы Тунисте чемпион наамын уткан. Ага чейин египеттик Махмуд Эл Гохари гана ушундай эле ийгиликке жетишкен. Оюндан кийин Кеши жеңишти буга чейинки баардык машыктыруучуларга арнаарын айтты.

Чемпионат бомбардирлеринин бири - Эммануэл Эменике финалга катышпаганы менен Нигерия Йоханнесбург стадионунда өткөн матчта 90 мүнөт бою үстөмдүк кылды. Бирок жападан жалгыз гол экинчи жарымында гана киргизилди. Анын автору – Сандэй Мба.

Эки команда биринчиликтин башында эле каршылашкан. Бирок анда беттешүү 1-1 эсебинде аяктаган.

Эми континенттин эң калктуу өлкөсү - Нигерия жайында Конфедерациялар кубогунда Африканын намысын коргомокчу. Алар Испания же Бразилия менен ойношот.

Арйине, адистер Нигерия чемпионаттын башынан эле анча сапаттуу футбол көргөзө албаганын белгилешет.

Үчүнчү орунду былтыркыдай эле Мали ээледи.

Финалдык беттешүүнү көрүүнү каалагандар абдан көп болду. Болбосо чемпионаттын калган оюндарында стадиондор жарым жартылай бош калып жатты.

Эмне дегенде Африка улуттарынын кубогу 2015-жылы Ливияда өткөрүлмөк. Бирок ал өлкөдөгү саясий бестабилдүүлүктөн улам, чемпионатты быйыл Түштүк Африкада өткөрүү чечими кабыл алынган. 2010-жылкы Дүйнө чемпионатынын кожоюну мындай ири эл аралык турнир уюштурууда чоң тажрыйба топтоп, анын үстүнө инфраструктурасы да калган. Бирок бары бир чемпионатты уюштурууга берилген 9 ай убакыт тар болуп калды.

Дагы бир проблема – билеттердин сатылышы. Басымдуу бөлүгү интернет аркылуу сунушталган, бирок Түштүк Африкада калктын 10% гана дүйнөлүк желеге кошулуу мүмкүнчүлүгү бар. Анын үстүнө билетке банк карточкасы менен төлөө каралган. Футбол күйөрмандарынын көбүндө болсо андай карточкалар жок.
Ушул өңдүү кемчиликтерден улам, стадиондор кээде дээрлик бош болуп турду. Айрым учурларда оюн ортолоп калганда стадиондорду ачып, каалоочулардын баарын билтесиз эле киргизип жатышты.

Уюштуруучулар дүйнө чемпионатындагыдай футбол майрамы болбой калды деп өкүнүшөт. Эми 2015-жылы Мароккодо өтчү биринчилик африкалык күйүөмарндардын үмүтүн актаар.

Өткөн жолу бир катар белгилүү футболисттердин жаңы контракттары жөнүндө сөз кылган элек. Алар менен катар машыктыруучулардын көбү да бир эле клубда жүрө бербестен, улам орун которуп турушат. Эң мыкты делген машыктыруучулар үчүн да өзүнчө бир чоң күрөш жүрүп, миллиондогон долларлык келишимдер сунушталат. Мышыктыруучулар болсо өздөрүн арзан баалабай, ар бир сунушту шашпай таразалап чыгышат.

Быйыл жайда Реал Мадриддин устаты айтылуу Жозе Моуриньонун контракты соңуна чыкмакчы. Футбол адистери ал Челси жана Paris Sant Germain - PSG клубун караштырып жатканын айтышат. Эсиңиздерге сала кетсек, португалиялык машыктыруучу 2004-2007-жылдары Челсиде иштеп кеткен. Ал ошондон бери лондондук клубдун ээси, россиялык миллиардер Роман Абрамович менен мамилеси жакшырганын айтат.

Моуриньо үч башка клубду Чемпиондор Лигасындагы жеңишке жеткирген алгачкы машыктыруучу катары тарыхка киргиси келээрин жашырбайт. Ал ошондой эле рекорд коюп, 5 башка өлкөнүн чемпионунун машыктыруучусу деген наамга ээ болгусу келет. Буга чейин Португалиянын Порто, Англиянын Челси, Италиянын Интер Милан жана Испаниянын Реал Мадрид клубу менен өлкө биринчиликтерин уткан. PSG клубуна кошулуу ага ошондой мүмкүнчүлүк бермекчи.

Моуриньо бир нече жылдан кийин Сэр Фергюсондун ордун басып, Манчестер Юнайтед менен контрактка кол коюуга кыялданат. Андыктан Манчестер Ситинин сунушун дароо четке каккансыды.

Ал эми PSG клубун азыркы устаты Карло Анчелоттинин келишими 30-июнда аяктамакчы. Келишим узартылбайт көрүнөт. L`Equipe журналына берген интервьюда италиялык экс-футболист сезондун жыйынтыктарына карап, “клубдун ээлери мени калтырып же калтырбоо чечимин чыгарышат” деди.

Моуриньо менен катар анын ордуна Арсеналдын машыктыруучусу Арсен Венгер да ыктымал талапкерлердин арасында аталууда.

Баса жакында PSG Давид Бэкхем менен жарым жылдык контрактка кол койгон.
XS
SM
MD
LG