Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

"Дортмунд": Тагдыр чечкен эки мүнөт


"Дортмунд" - "Малага" беттешүүсү аяктагандан кийин. 9.04.2013
"Дортмунд" - "Малага" беттешүүсү аяктагандан кийин. 9.04.2013
Кечээ Чемпиондор Лигасынын жарым финалисттери белгилүү болду. "Реал Мадрид" Стамбулда "Галатасарайга" утулуп калганы менен эки оюндун жыйынтыгында баалуу утрофей үчүн күрөшүн уланта бермекчи.

"Боруссия Дортмунд"- "Малага" беттешүүсү да ушундай эле эсеп менен немистердин пайдасына ооп, 15 жылдан бери Чемпиондор Лигасында ойноп жаткан "Дортмунд" алгачкы жолу жарым финалга чыкты. Эки клубдун биринчи матчы голсуз аяктаган.

"Дортмунддун" коргоочусу Невен Суботич командасынын таржымалы Голливуд фильмин элестетээрин айтып, "финалы да ошондой бактылуу болот деп ишенем" деди.

Чындап эле өз талаасында "Малагага" 0-1 эсебинде утулуп жатып, кийин эсепти теңегени менен баары бир жыдый турган абалга кептелген "Дортмунд" матчтын эң аягында, арбитр кошкон 4 мүнөттүн ичинде катары менен 2 гол киргизди. Ал күнү Футбол фортунасы Германиянын клубуна чың ыкласынан жылмайды окшойт.

Фантастика! Боруссиялыктардын машыктыруучусу Юрген Клоп акыркы секундага чейин жеңишке өзү да ишенбесе керек. Испаниялык футболисттер болсо матчтан кийин көз жашын жашырышкан жок. Бирок клубдун тарыхында алгачкы жолу Чемпиондор Лигасына илинген "Малаганын" чейрек финалга жетишин футбол адистери чоң ийгилик катары баалашууда.

Футбол фортунасы кечээ "Реал" Мадридди көздөй да оогонсуду. Мадридде "Галатасарайды" 3-0 эсебинде уткан испандар Стамбулдагы беттешүүгө ишенимдүү киришти. Көпчүлүк бул беттешүү жөн гана формалдуу оюн болот, "Реал" баары бир жеңет деп ойлосо керек. Айткандай эле, 7-мүнөттө баягы эле Роналдо биринчи гол киргизди. Бирок түрк клубу коргонуп эле олтуруп калган жок. Тескерисиниче, гол аларга дем бергенсиди. Матчтын экинчи жарымында "Реалдын" бир нече чабуулу жыйынтыксыз аяктады. Футболдо "сен гол киргизбесең, сага киргизет" деген эреже бар эмеспи. Адегенде Эбуе, андан кийин эки мүнөттүн ичинде Снайдер менен Дрогба... "Реалдын" дарбазачысы Лопеске 3 жолу топту дарбазадан алып чыгууга туура келди.

Ошондо "Галатасарайдын" оюнчулары да, машыктыруучусу Султан Фатих да Мадриддеги "Бернабео" стадионунда бир аз активдүүрөөк ойносок деп ойлошсо керек. Матчтын аягында Роналдо дагы бир гол тээп, мадриддиктер утулганы менен эки беттешүүнүн жыйынтыгында үчүнчү жыл катары менен жарым финалда ойномой болду. Роналдо болсо турнирдин эң көп гол киргизген бомбардири болуп калды.

"Галатасарай" мелдештен чыкканы менен Дрогба анча капа болгон жок. "Бир нече апта мурун айрымдар колунан эч нерсе келбейт деп, күн мурунтан кош айтышып жатты эле. Мен кайтып келүүмө кубанам", - деди Челсинин курамында Чемпиондор Лигасын жеңген котдивуардык футболист.

Бүгүн кечинде "Дортмунд" менен "Реалдын" атаандаштары белгилүү болмокчу. Өткөн жумада 2-2 эсебинде ойногон Барселона өз талаасында Пари Сен Жермен менен жолугушат. "Бавария" болсо буга чейин "Ювентусту" 2-0 эсеби менен жеңген.
XS
SM
MD
LG