Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Champions League: мыктылар иргелүүдө


2-апрелде жана кечээ футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын алгачкы оюндары өттү.

"“Галатасарай” – мыкты команда, бирок биз жакшы ойноого аракеттендик. Менин командам жеңгенде дайыма сүйүнөм, анын үстүнө гол киргиздим”. Экинчи голдун автору, “Реалдын” чабуулчусу Карим Бензема матчтан кийин кубанычын жашырган жок.

Күтүлгөндөй эле, беттешүүнүн фаворити "Реал" 3-0 эсеби менен жеңип, келээрки шейшембиде өтчү экинчи матчка артыкчылык менен аттанууда.

“Галатасарайды” чоң үмүт артып келишкен Дрогба менен Снайдер да сактап калган жок.

Стамбулда күтүүсүз бир нерсе эле болуп кетпесе, Моуриньонун жетектөөсүндөгү клуб ушуну менен 3-жыл катары менен Чемпиондор лигасынын жарым финалында ойномокчу.

Ал эми “Малага” менен “Дортмунддун” беттешүүсү жеңүүчүсүз аяктады. "Бир да гол киргизбегенбиз уят эле болду", - деди матчтан кийин Марио Гөтце. Чынында эле немистер 90 мүнөт бою үстөмдүк кылганы менен, бир да чабуул голго алып келген жок.

Ал эми алдыңкы күнү Германиянын дагы бир клубу “Бавария” 25 секундадан кийин эле “Ювентуска” гол киргизип, матч 2-0 эсебинде аяктады. Ошентип чейрек финалга араң илинген бавариялыктар жарым финалга бир кадам ташташты.

Матчтан кийин мюнхендиктердин бир кездердеги машыктыруучусу, даңазалуу Франц Бэкенбауэр “Ювентустун” жана Италия улуттук командасынын дарбазачысы Жанлуижи Буффонду “пенсионер” деп атады. “Алаба алыстан тепкен топту кармап кала алат эле. Балким ошондой дистанциядан киргизе албайт деп ойлосо керек”, - деди “Бавариянын” жетекчилер кеңешинин ардактуу төрагасы.

Чейрек финалдын эң кызыктуу оюну болсо Париждин Parc des Princes стадионуна туш келди. Месси жана Ибрагимович. "Пари Сен Жэрмен" (ПСЖ) менен “Барселонанын” оюнунда дал ушул эки футболист каарман болду окшойт. Күтүлгөндөй эле, экөө тең бирден гол киргизишти. 38-мүнөттө эсепти ачкан Месси жараатынан улам матчтын экинчи жарымында талаага чыккан жок.

Ал эми Ибрагимовичтин голу бир топ талаш жаратты. “Эки метрден оффсайд кантип эле көрүнбөсүн”, - деп сындады матчтан кийин Дани Алвеш германиялык арбитр Волфганг Штаркты.

Оюн 1-1 бойдон эле аяктайт болушу керек дегендерди арийне алдыда дагы чоң сюрприз күтүп турду. 89-мүнөттө Шави таамай тепкен пеналти “Барселонаны” алдыга сүрүп чыкты. “Барса” жеңишин майрамдап, оюнду көрүп отурган Месси бир аз жылмайя баштаган... Бирок судья мына-мына акыркы жолу ышкырат дегенде Матуиди тепкен топ Виктор Валдестин колдорунан тайып, дарбазага тоголонуп кирди. Parc des Princes, жалпы эле француз баш калаасы ошондо бир жарылгандай болду.

Статистикага ишенсек, өз талаасында 2-2 ойногон команда экинчи мачта утат деген шанстар 17,4 процентке гана барабар. ПСЖ жарым финалга чыгышы үчүн Каталониянын Camp Nou стадионунда 9-апрелде бар күчүн жумшашы керек.

“Бүгүнкү матчтын биринчи 30 мүнөтүндө мыкты ойнодук. Эмки беттешүүдө ошондой темпте жарым саат эмес, андан көп ойноону көздөйбүз. Биз жалаң гана коргонбой, алдыга жылып, гол үчүн бир нече мүмкүнчүлүк түзө алдык. Ийгиликке жете алабыз деп ишенем”, - деди ПСЖнин машыктыруучусу Карло Анчелотти. Баса, италиялык устат 4 башка клубду Чемпиондор лигасынын чейрек финалына жеткирген экинчи машыктыруучу. Андай ийгиликке андан тышкары Жозе Моуриньо гана жетишкен.

9-апрелдеги беттешүүнү “Барса” Месси жана Хавьер Маскераносуз ойнойт окшойт. “Алардын жараланышы матчтын эсебинен да жаман болду”, - дейт Серхио Бускец.

Адегенде испан прессасы Мессинин оң бутундагы жарасын кеминде 3 жума дарылаш керек деп жазып чыгышкан. Бирок Каталониянын радиосу маалымдагандай, дарыгерлер шаршемби күнү текшергенден кийин жарасы анча олуттуу эмес, он чакты күндөй эс алсын деген жыйынтыкка келишти. "Эми ал ПСЖге каршы беттешүүгө катышышы мүмкүн деген үмүт пайда болду", - деп ырасташат “Барселонанын” өкүлдөрү.
XS
SM
MD
LG