Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

“Салык бозгуну” Депардье


Франциялык актер Жерар Депардье буга дейре кинодо аткарган ролдору аркылуу белгилүү болсо, соңку апталарда анын ысымы дүйнөлүк маалымат каражаттарынын бетинен түшпөй келатат.

Адегенде ал президент Владимир Путиндин колунан орус паспортун алса, бир нече күндөн кийин мас абалында мотоцикл айдагандыгы үчүн сотко чакырылып, бирок Париж сотуна барбай койду.

Кайсы бир мамлекеттин жарандыгын алуу, албетте, оңой-олтоң иш эмес. Бирок сиз дүйнөнүн чар тарабында, майда кыштактардан баштап чоң мегаполистерге чейин таанылган актер, Венеция кинофестивалы же Алтын глобустун лауреаты, миллионер-бизнесмен болсоңуз, башка өлкөлөрдүн паспортун алуу маселеси бир нече саатта эле чечилчүдөй.

Француз өкмөтү байлардын салыгын көтөрүүнү сунуш кылгандан кийин айтылуу Жерар Депарьде кошуна Бельгияга кетип, Франция жарандыгынан баш тартаарын айтып коркуткан. Бирок ал Бельгия бийлигине кайрыла электе эле президент Владимир Путин орус жарандыгын ыйгарып, паспортун өз колу менен тапшырды. Атүгүл Мордовия жумуриятынан ага маданият министри болуу сунушу түштү.

Депардье өзү салыктардан качканын танып келатат.

"Менде президент Путин өзү тапшырган орус паспорту бар. Мен – Франциянын жаранымын. Бирок орус паспортуна ээ болуу – мен үчүн чоң сыймык. Француз жарандыгынан баш тартпай эле Монтенегронун да же мурда пландагандай Бельгиянын же дагы бир башка өлкөнүн паспортун алалам. Бирок орус паспорту жетиштүү. Мен элчи болууну, мамлекеттер ортосунда ортомчулук кылууну каалайм. Мен муну материалдык кызыкчылыгым үчүн эмес, силердин өлкөңөрдү жакшы көргөнүм үчүн жасамакмын", - деди Монтенегронун борбор шаары Подгорицада жаңы фильм фестивалын уюштурууну пландаштырып жаткан актер.

Франциянын социалист президенти Франсуа Олланд бийликке келээрде эле кирешеси 1 миллион евродон ашкан адамдардын салыгын 75 процентке чейин көтөрүүнү убада кылган. Бул сунуш расмий киргизилгенден кийин Депардье бийликти аны “ийгилиги, чыгармачылыгы жана таланты” үчүн жазалаганы жатат деп айыптаган. Көп узабай, актер Франциянын чек арасына бир нече километр жакын жайгашкан бельгиялык Нешен деген айылга көчтү. Премьер-министр Жан-Марк Эро аны уяткарганда, Депардье премьерге ачык кат жолдоп, экөө кер-мур айтыша кетти.

Киийн Конституциялык сот өкмөттүн чечимин жокко чыгарганы менен, актер Бельгиядан кайтуу ниети жоктугун айтууда. Баса, ошол кыштакта бир топ бай француздар жашап келатат.

Ал тапта Париж шаардык соту Депардьенин ишин карай баштады. Ал былтыр ноябрда мас абалында мотоцикл айдагандыгы үчүн айыпталууда. Жол кырсыгына кабылган актерду полиция кармап, анын канындагы алкоголь уруксат берилгенден 3 эсе көп болуп чыккан. Бирок актер соттун дүйшөмбү күнкү жыйынына барбай койду.

Ал күнү бейкапар Депардье Цюрихте эң мыкты футболчуга Ballon d`Or сыйлыгын тапшыруу аземине катышып, эң сыйлуу коноктордун катарында ФИФАнын төрагасы Зепп Блаттердин жанында жүрдү.

- Мен кылмышкер эмесмин, уктап кетип, скутерим тайып кетти. Канымда алкоголь көп болуп чыкканы болсо... Билесизби, уксус көп кошулган салаттан көбүрөөк жеп койсоң, текшергенде, албетте көбүрөөк көргөзөт, туурабы? Бул маселе чечилди. Францияга барганда, эч кандай проблема чыкпайт.

64 жаштагы Депардье Ален Дэлон, Жан-Пол Белмондо жана Пьер Ришар менен катар постсоветтик аймакта эң таанымал франциялык актерлордун бири. Аны биздин көрөрмандар “Жолу болбогондор”, “Папашалар”, “Безип кеткендер”, “Сирано де Бержерак”, “Астерикс менен Обеликс” жана башка фильмдерден билишет.

Салык качкындарын мекенинде жактагандар да, сындагандар да четинен жолугат. Маселен, киножылдыздар Катрин Денев менен Брижит Бардо Депардьенин эмиграция чечимин анын өз эрки деп коргошсо, актердун мурдагы продюсери Жан-Луи Ливи Le Monde гезитинде жарык көргөн макаласында жазгандай, актер күмөндүү режимдерге жакын. Бир кездери Кубанын лидери Фидель Кастро менен достошсо, азыр Путиндин тушундагы Орусияны демократия деп атоодо. Баса, Депардье өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримова менен жакында жаңы ыр жаздырды.

Депардье ийгиликтүү бизнесмен катары да белгилүү. Анын бир нече кафе-ресторандары, кымбат мейманканалары, гектарлаган жүзүм талаалары, вино чыгарган заводдору бар. Маселен, азыр сатыкка коюлган отелдердин бири эле 150 миллион еврого бааланууда.

XS
SM
MD
LG