Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

"Фридом Хаус": сөз эркиндигинин абалы начарлады


"Фридом Хаус" медиа көзөмөл уюму чектөөчү жаңы мыйзамдар жана журналисттерге каршы зомбулуктар былтыр дүйнө жүзүндө сөз эркиндигинин начарлашына алып келгендигин билдирди.

29-апрелде жарыялаган жылдык отчетунда уюм дүйнөлүк сөз эркиндигинин абалы он жылдан ашык мезгилден берки эң төмөнкү деңгээлге түшкөндүгүн эскертти.

АКШда жайгашкан сөз эркиндигин көзөмөлдөөчү "Фридом Хаус" уюму былтыр 18 өлкөдө сөз эркиндиги өзгөчө начарлап кеткендигин кулак кагыш кылды. Алардын ичинде начарлоо Азербайжан, Сербия, Иракта өзгөчө кескин мүнөзгө ээ болду.

"Фридом Хаус" сөз эркиндиги өтө начар 10 өлкөнүн жана аймактын катарында Беларусту, Орусия бөлүп кеткен Крымды, Иран менен Түркмөнстанды жана Өзбекстанды атады.

Отчетко ылайык, коопсуздук же чукул абал мыйзамдарына таянып камакка алуу жана маалымат каражаттарын жабуу ыкмаларын колдонгон Азербайжандын өкмөтү сөз эркиндигин өзгөчө кара өзгөйлүк менен бузгандардын бири болуп калды. Өлкөдө 1-декабрга карата тогуз журналист камакта болду. Ал эми жыл этегинде коррупциялык иштерди иликтеген изкубар журналист Хадижа Исмаилова түрмөгө салынды. Ошондой эле "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Бакы калаасындагы кеңселери жабылып, кызматкерлери суралды.

АКШнын Азербайжандагы мурдагы элчиси, азыр Жорж Масон университетинин Энергетикалык илим жана саясат борборун жетектеген Ричард Каузларих ошол кезде Хадича Исмаилова менен катар, Лейла, Ариф Юнусту жана башка 90дон ашык саясий айыпкерди бошотууга чакырган.

"Фридом Хаустун" отчетунда Орусияда маалымат тармагында мамлекеттин, саясий жетекчиликке жакын турган ишкерлердин жана ишкер кызыкчылыктардын таасири өсүп, өз кезегинде өкмөткө карата сын көз караштар кысымга туш болгону белгиленет.

Отчет жарыяланардан бир күн мурда орус президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда «Чындык жана акыйкаттык» деген медиа-форумда чыгып сүйлөдү.

- Массалык маалымат каражаттары көз карандысыз болуп, алардын көз карандысыз экендигинен эч ким күмөн санабашы керек. Кимдир бирөөнүн медианы өз кызыкчылыгында же коомдук кызыкчылыкка эч тиешеси жок башка кызыкчылыктарга колдонууга дити да барбагыдай болушун камсыздоо зарыл.

Арийне, "Фридом Хаус" уюму Орусияда маалымат каражаттары "көп учурда жалган, ачыктан ачык эле коркуткан, агрессивдүү пропаганда максатында колдонулуп жаткандыгын" сынга алды. Уюмдун отчетунда «мамлекеттин көзөмөлүндөгү улуттук сыналгы каналдары ички оппозицияга, Москванын айдагына көнбөгөн коңшу өлкөлөргө жана жалпы эле кеңири демократиялык коомчулукка каршы багытталган жек көрүүчүлүк өнөктүгүн токтоосуз» жүргүзүп калганы айтылат.

Документке ылайык, Орусиянын коомчулугун Украина менен согушка даярдоодо жергиликтүү медиа чечүүчү роль ойноду.

Мындан тышкары "Фридом Хаус «былтыр август айында кабыл алынган жаңы мыйзам блог, социалдык медиаларга кошумча көзөмөл киргизгенин белгиледи. Анын ичинде күнүгө 3 миңден ашык киши баш баккан бардык интернет сайттары мамлекеттик көзөмөл органдарында «маалымат каражаты» деп катталууга милдеттендирилди.

"Фридом Хаус" Украинада «орус баскынчылыгынын коркунучу астында аз дегенде 15 орус телеканалдарын көрсөтүү токтотулганын» маалымдады. Литва, Латвия, Молдовада да «согушка чакырык, тарыхый фактыларды бурмалоо, плюрализмдин болбогондугу» деген өңдүү кинелер менен орус телеканалдары же токтотулуп, же аларга айып салынды.

Украинада ошондой эле өлкөнүн чыгышындагы жикчилдер менен жаңжалдан улам төрт журналист курман болду. Ал эми Киевде былтыр февралда орусиячыл президент Виктор Януковичке каршы толкундоолордогу кагылыштарда бир журналист окко учуп, аз дегенде 27и жарадар болду.

Борбор Азияда дээрлик өзгөрүү катталган жок. 148-орундагы Кыргызстан, беш өлкөнүн ичинен рейтинги жогору болгон менен, эркин эмес мамлекеттердин катарында кала берди. "Фридом Хаус" кабарчыларга «репрессивдүү өкмөттөр атайылап бут тоскон» аймак катары Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусун мисал келтирди.

XS
SM
MD
LG