Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

FH: “диктаторлорду” чочулаткан каатчылык


Тажикстан президенти (солдон оңго) Эмомали Рахмон, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов.
Тажикстан президенти (солдон оңго) Эмомали Рахмон, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов.

"Фридом Хаус" уюму мурдагы советтик республикалар, Чыгыш Европа жана Балкандагы саясий-экономикалык абал боюнча жаңы баяндамасын жарыялады.

Баяндама өткөөл доорду башынан өткөрүп жаткан 29 мамлекетти камтыган. Анда экономикалык кризис “диктатордук режимдердин” туруктуулугуна коркунуч келтирип жатканы белгиленген. Кыргызстан “диктатор” өлкөлөрдүн катарына киргизилбесе да, оппозицияны мамлекеттик органдар аркылуу каралоо көбөйдү деп жазылган.

"Фридом Хаустун" жаңы баяндамасында “бекемделип алган диктаторлордун туруктуулугуна экономикалык кризис коркунуч туудурууда, мигранттар кризиси болсо Чыгыш Европада популизмдин “чырагына май тамызды”, ал эми Балканда реформалардын артка кетүү мүмкүндүгү күчөдү" деп белгиленген.

Он жылдан ашуун мезгилден бери бир киши бийликте турган Орусия, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда абал өзгөчө терс сүрөттөлгөн.

Мунайга баанын арзандашы жана АКШ, Европа биримдигинин Орусияга каршы санкцияларды киргизүүсү региондун экономикасын “кыйырга” алып келди дейт "Фридом Хаус".

Бул уюмдун Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр долбоорунун жетекчиси Нэт Шенкан региондогу экономикалык абалды мындай баалады:

- Орусия быйыл рецессияда кала берет. Региондогу экинчи чоң экономика болгон Казакстанда рецессия уланат же 0% өсүш болушу ыктымал. Башка мамлекеттер төмөндөөнүн ылдыйкы деңгээлине жетип, балким 1-2% өсүш болушу мүмкүн. Ал мамлекеттер ансыз деле өтө жакырлардын катарына кирет.

Мунайга баадан көз каранды эмес Кыргызстан, Тажикстан, Беларус жана Өзбекстан да 2016-жылы рецессияга кабылышы ыктымал. Анткени бул өлкөлөргө Орусиядагы эмгек мигранттарынан которулуп жаткан акчанын көлөмү да азайды деп айтылат "Фридом Хаустун" баяндамасында.

"Көптөгөн мигранттар жумуш таппай мекенине кайтууда. Жумушсуз жаш адамдар өз өлкөлөрүндө нааразылыкка чыгууга даярлардын катарын толуктайт эмеспи", - дейт Шенкан.

Орусияда авторитаризм күчөп, бейөкмөт уюмдардын иши катуу көзөмөлгө алынса, Москванын этегин кармаган башка өлкөлөр да анын артынан баратат. 12-апрелде Кыргызстанда да бейөкмөт уюмдарды “тыңчы” атай турган мыйзам долбоору экинчи окууга сунушталды.

Шенкан региондогу лидерлер бийлигин бекемдөө айласын кылып жатат дейт:

- Региондогу лидерлер кандай өзгөрүү болуп жатканын көрүп турушат. Алар экономикада кризисти байкап, бирок бийлигин бекемдөө жолдорун карап жатышат. Кошуналарга караганда салыштырмалуу эркин болгон Кыргызстанда да бийлик мамлекеттин рычагдарын колдонуп, атайын кызматтар аркылуу оппозицияны каралоо, аларды “так текеге” айлантууга аракеттенүүдө. Оппозициянын митинг, акция уюштуруусуна жол бербей жатат.

"Фридом Хаустун" баяндамасында, Тажикстанда оппозицияга каршы катаал чаралар көрүлгөнү белгиленген. Белгилүү болгондой, расмий Душанбе оппозициялык партияга тыюу салып, алардын активисттерин абакка отургузду.

Украинада гана демократияны орнотуу мүмкүнчүлүгү өзгөчө чоң экени аталган. Украин өкмөтү 2015-жылы реформа жүргүзүүдө айрым ийгиликтерге жетишти, бирок Орусиянын Крымды ээлеп турушу, Чыгыш Украинада жикчилдер менен чатак, коррупция прогресске жолтоо болуп жатканы белгиленген.

Балкан регионунда Сербия жана Черногория Европа Биримдигине кошулуу жараянын баштаган, Албания жана Македония талапкер өлкөлөр, Босния-Герцоговина жана Косово талапкер болууга умтулган мамлекеттер.

Чыгыш Европа мамлекеттеринде популизмге мигранттар кризиси май тамызды деген "Фридом Хаус", мисал катары Венгрия өкмөт башчысы Виктор Орбандын тарапташтары көбөйө баштаганын белгилеген.

Кайра баш көтөргөн улутчулдук, эркиндикке келип жаткан коркунучтар Чыгыш Европада демократиянын канат-бутак жайышына жана Европа долбооруна коркунуч келтирүүдө деп белгиленген баяндамада.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG