Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Иран макулдашуусунун мөөнөтү келди, бирок түзүлгөн жок


Венадагы сүйлөшүүлөр. 24-ноябрь, 2014-жыл.
Венадагы сүйлөшүүлөр. 24-ноябрь, 2014-жыл.

Бүгүн Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча туруктуу макулдашуу түзүү үчүн мерчемделген мөөнөт аяктоодо.

Көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн дээрлик бир жумадан бери Венада жүрүп жаткан азыркы айлампасында макулдашуу жетишилбеген соң тараптар мөөнөттү 2015-жылдын 1-июлуна чейин узартышты.

Венага азыр Иран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө тартылган АКШ, Британия, Франция, Кытай, Орусия, Германия тышкы иштер министрлери түгөл чогулду.

Австрия борборунан түшкөн кабарларда азыр башкы пикир келишпестик Ирандын уран байытуу программасынын көлөмүнө жана масштабына барып такалып жатканы айтылат.

Байытылган уран энергия өндүрүүчү өзөктүк реактордо отун катары, ошол эле учурда өзөктүк бомба жасоодо да колдонулуучу зат.

Ирандын ырастоосунда, ал байытылган уранга энергия алуу үчүн муктаж, Батыш өлкөлөрү болсо Тегеран байытылган уранды өзөктүк бомба жасоо үчүн керектейби деп шек санайт.

АКШ президенти Барак Обама Эй Би-Си телеканалы менен жекшемби күнкү маегинде жаңы келишим Иранда уранды өзөктүк курал жасоого жарагыдай деңгээлге чейин байыткыдай мүмкүнчүлүк болбошун кепилдөөсү керектигине токтолду:

- Эгер биз Иран уран байытууда мындай кубаттуулукка ээ болбогонун кепилдеп, текшере ала турган келишимге жетишсек, мен мунун тууралыгына Конгрессти эле эмес, Американын элин да ынандыра аларыма ишенем.

Америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, президент Обама расмий Тегерандын негизги талаптарынын бирин аткарууга барчудай эмес.

Маселен, Тегерандын көз карашында, туруктуу макулдашуунун алкагында Иранга каршы буга чейин киргизилген санкциялар дароо жана биротоло жоюлушу керек.

АКШ баштаган Батыш мамлекеттери болсо санкциялар жетишилген макулдашуулардын аткарылуусуна жараша баскыч-баскыч менен алынуусу керек деп эсептешет.

Мамлекеттик катчы Жон Керри жана Иран тышкы иштер министри Мохаммад Зариф
Мамлекеттик катчы Жон Керри жана Иран тышкы иштер министри Мохаммад Зариф

Баяндамачылардын пикиринде, Иран менен сүйлөшүүлөргө башынан эле скептикалык көз караштагы Конгрессти ынандырбаган келишимди алып келүү Обама администрациясы үчүн анын өзүнө карата кысымдын күчөшүн шарттайт.

Быйыл жазда Конгрессте Иранга каршы жаңы санкциялар демилгеленгенде, ал Обама админстирациясынын каршылыгынан жана Сенатта демократтар үстөмдүк кылуусунан улам токтоп калган. Ноябрдагы өткөөл шайлоонун аркасында эми январдан тарта Конгресстин кош палатасын тең оппозициядагы республикчылар көзөмөлдөмөкчү.

Республикачылардын бири, Тышкы иштер комитетинин мүчөсү Илеана Рос Лехтинен өткөн аптадагы угуу учурунда:

- Конгресс бул администрациядан санкциялар боюнча укукту кайра алып, макулдашуу жумшак болуп калбаш үчүн колдон келгендин баарын жасаш керек. Мен ачык эле айтайын, алты өлкө эмне кылып жатканына карабай, Конгресс биздин улуттук коопсуздук кызыкчылыктарыбызга коркунуч туудурган макулдашууга мүмкүндүк бербеши абзел жана биз буга чейин келген зыянды мүмкүн болушунча тезинен жоюуну көздөйбүз.

Талдоочулардын баамында, эгер кандайдыр бир туруктуу макулдашуу жетишилсе, бул Обаманын Иран менен карым-катнаш түзүү саясатына карата ишеним маселесин жаратат.

Анткени 1979-жылы АКШнын Тегерандагы элчилиги басылып алынгандан кийинки 35 жылдан бери эки өлкө бийликтери ортосунда кастыкка жакын мамиле өкүм сүрүп келгени белгилүү.

Ирандын бул Арак өзөктүк жайындагы реактордун болочогу Тегеран менен алты держава ортосундагы сүйлөшүүлөрдөгү башкы маселелердин бири.
Ирандын бул Арак өзөктүк жайындагы реактордун болочогу Тегеран менен алты держава ортосундагы сүйлөшүүлөрдөгү башкы маселелердин бири.

Ирандын президент Хасан Роухани баштаган байистүү саясатчылары үчүн болсо макулдашуу алардын туруму чыңдалышына салым кошот.

Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш институтунун талдоочусу Алекс Ватанка “Азаттык” радиосу менен маегинде:

- Хассан Роуханинин 2013-жылы президенттикке шайланганда берген башкы убадасы - Ирандын тышкы саясатын толугу менен кайра кароо эле. Кокус макулдашуу түзүлсө Роухани, эгер сүйлөшүү жүргүзсөңүз, жок дегенде мамилелердин нормалдашуусун көздөй баскыч-баскыч менен кадам жасай аласыз деп айта алат.

Дүйнөнүн алты державасы менен Тегеран кандай макулдашууга жетишерине Ирандын коңшуларынан аны менен касташып жүргөн Израил жана атаандашы Сауд Аравия да байкоо салууда.

Израил кезинде Ирандын өзөктүк жайларына абадан сокку уруу мүмкүнчүлүгүн ишара кылган. Сауд Аравия жакында Иран уран байытуудан баш тарпаса, мындай кадам ал да барарын айткан болчу.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG