Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37

Иран менен алтылыктын сүйлөшүүсү аяктоо алдында


Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф

Ирандын ядролук программасы боюнча дүйнөнүн алты державасынын сүйлөшүүсү акыркы баскычына келди. Корутунду келишим боюнча жыйынтык бүгүн жарыяланып калышы мүмкүн.

Иран менен дүйнөлүк алты державанын Тегерандын ядролук программасы боюнча Венадагы сүйлөшүүсү бир жаңсыл боло элек. Корутунду келишимге жетишүү мөөнөтү буга чейин үч жолу артка жылып, акыркысы 12-июлга белгиленген эле. Бирок бул күнү эч кандай жарыя болгон жок.

Болгону Reuters маалымат агенттиги Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зарифке таянуу менен корутунду келишим боюнча жекшембиде эч кандай билдирүү жасалбасын жазып чыкты. Зариф бул тууралуу АКШ мамкатчысы Жон Керри менен акыркы жолу жолугушуп чыккан соң айткан. "Биз дагы эле иштеп жатабыз жана жекшембиде эч нерсе жарыялабайбыз", - деп айткан Зариф Венадагы сүйлөшүүлөр дүйшөмбүдө аякташы керектигин, анын мөөнөтү мындан ары узартылбасын, бирок айрым бир чечилбеген маселелер калып жатканын кошумчалаган.

Айрым дипломаттардын маалыматына караганда сүйлөшүүнүн жыйынтыгы дүйшөмбү күнү жарыяланышы ыктымал. Мунун алдында сүйлөшүүлөр эң оор баскычка келгени кабарланып жаткан.

АКШ мамлекетик катчысы Жон Керри ошол учурда журналисттерге буларды айткан эле:

- Биз айрым бир реалдуу чечимдерди кабыл алабыз деп ойлойм. Бирок ал үчүн бир канча оор кадамдарды жасашыбыз керек. Бирок мен баары жакшы болоруна үмүт артам.

Ирандын президенти Хасан Роухани ISNA агенттигине келишимге жетүүгө бир канча кадам калганын айткан:

“Акыркы сүйлөшүүлөр биз тоонун чокусуна чыкканыбызды көрсөтүшү мүмкүн. Бирок биз жасашыбыз зарыл болгон дагы бир канча кадамдар турат” – деп айткан Иран президенти.

Сүйлөшүүгө катышып жаткан башка дипломаттар да акыркы чечүүчү сааттар калганын айтышкан. Алардын сөзүнө караганда, 11-июлдагы эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң келишимдин тексти 98 пайызга даяр болуп калды.

Сүйлөшүүдөгү Ирандын өкүлү Реза Мируосефи 12-июлда аны аягына чыгарууга “техникалык жактан мүмкүн” болбогонун айткан. “Биз катуу иштеп жатабыз, бирок бүгүн аны аягына чыгарууга жетишкен жокпуз. Акыры бул жүз беттен турган документ го”, деп жазды ал Твиттерге.

Канткен менен бул сүйлөшүүдөгү эң маанилүү делген эки-үч маселе акыркы сааттарда чечилиши мүмкүндүгү айтылууда.

Иран жана Британия, Кытай, Орусия, АКШ, Франция жана Германия кирген топтун өкүлдөрү жаңы келишимге жетишсе, Тегеран ядролук программасынын негизги бөлүгүнөн баш тартат жана бул үчүн өзгөчө мунай экспортун бутага алган санкциялар жеңилдетилмекчи. Бирок Израил жана АКШ Конгрессинин айрым мүчөлөрү санкциялардын алынышына караманча каршы. Алардын оюнча, санкциялар алынса Ирандын экономикасы өнүгүп, андан түшкөн каражат өлкөнүн региондогу агрессиясын улантууга жумшалышы мүмкүн.

Ирандын ядролук программасы боюнча Тегеран менен Батыш ортосундагы талашка 12 жылга аяк басты. Жогоруда аталган алты чоң держава Тегеран ядролук программасын согуш максатында пайдаланышы мүмкүн деп кооптонушат. Иран өз кезегинде атомдук курал жасоого умтулбаганын айтып жүрөт.

АКШда буга чейин эгер Иран менен мунаса табылып, жыйынтык келишим жетишилсе, санкцияларды жоюудан мурда Конгресске келишимди бир ай ичинде кайра карап чыгууга укук берген мыйзам да кабыл алынган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG