Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Иран сүйлөшүүлөрдү кайра баштады


Роуханинин каршылаштары Ирандын кызыкчылыктарын эске албай жатканын айтып сындашууда.
Роуханинин каршылаштары Ирандын кызыкчылыктарын эске албай жатканын айтып сындашууда.

Нью-Йоркто ири алты державанын өкүлдөрү менен Ирандын ядролук программасы боюнча эксперттердин бир аптага созулган сүйлөшүүлөрү башталат. Мурдагы түзүлгөн убактылуу келишимге ылайык, 20-июлга чейин Иран менен узак мөөнөттүк макулдашууга жетишүүсү абзел.

Иран, Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана Кошмо Штаттардын өкүлдөрү 20-июлда кол коюла турган узак мөөнөттүк макулдашуунун алдында бир топ маанилүү суроолорду чечип алууга чогулушту. Бул мөөнөт өткөн жылы убактылуу макулдашуунун алкагында белгиленген.

4-майда расмий Тегеран эл аралык изилдөөчүлөрдүн өлкөгө кирүүсүнө мүмкүнчүлүк бергенин айтты. Бул макулдашуулар жакшы өтөөрүнө үмүт чачкандай болду.

Ирандын Ядролук программасын өкүлү Бехруз Камалванди Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттигинин изилдөөчүлөрү уран кенине жана уран иштеткен ишканага 5-6-майда бара алышаарын билдирген.

Текшерүүдөн кийин Иран менен БУУнун ортосунда февраль айында макулдашылган келишим канчалык аткарылганы белгилүү болот.

2-майда Германиянын канцлери Ангела Меркел Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө "Эгер Иран макулдашылган келишимдерди аткарбай жатса, биз анда башка жаңы санкцияларды кабыл алышыбыз керек. Бирок мен бул жолку сүйлөшүүлөр өз жыйынтыгын берет деп ойлойм", деп айтты.

Ири алты держава менен Иран ортосунда түзүлгөн биринчи келишим боюнча Тегеран уранды өндүрүүнү 20% чейин кыскартууга жана уранды 5% ашык байытпоого, алты ай ичинде буга чейин 20% байытылган урандын кычкылын 5% түшүрүүгө макул болгон. Ал эми Батыш өз учурунда айрым санкцияларды жеңилдетүүгө сөз берген.

Ал арада Иран президенти өз өлкөсүндө АКШ менен сүйлөшүүдө ядролук келишимдерге жеңил-желпи макул болуп жатканы үчүн каршылаштарынын катуу сынына кабылууда.

Өткөн ишембиде Тегеранда АКШнын мурдагы элчилигинин имаратында өткөн жолугушууда өздөрүн “Биз кооптонуудабыз” деп атап алышкан депутаттар жана оңчул активисттердин тобу өзөктүк программа боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдө Ирандын улуттук кызыкчылыктары эске алынбай жатканын айтышты.

Активисттердин бири Фатима Алия “Элдин пикиринде АКШ толугу менен Ирандын ядролук программасын жок кылууну көздөп жатат. Студенттер, профессорлор, аналитиктер кооптонуп жатышат. 13-майда биздин дагы үнүбүз угулат деген ишеничтебиз” деген оюн айтты.

Алия кошумчалагандай, өткөн жылдын ноябрь айында макулдашылган келишим боюнча Тегеран ядролук программасын басаңдатты, бирок Батыш санкцияларды жеңилдеткен жок.

Президент Роухани болсо Иран дүйнөлүк державалар менен жетишкен келишимге жогору баа берип, өлкө жетекчилери бул келишим Ирандын яролук программасын сактап калуу укугун тааный тургандыгын белгилеп келет:

“Санкциялардын алынып салынышы биздин элди кубандырат. Бирок албетте, нааразы болгондор дагы бар. Анткени алардын кызыкчылыктарына туура келбей калышы мүмкүн. Алар ушул учурдан пайдаланып, бийликти каралап атышат” - деген Роуханинин саясаты элдин колдоосу жок ишке ашпайт деп эсептейт оңчул оппозиция.

Таасирдүү жазуучу, заманбап ойчулдар патриясынын лидери Амир Мохебиан Британиянын “Гардиан” гезитине берген маегинде “Ирандын руханий лидери Роухани менен Зарифке ишенет. Бирок чектен ашпоо керек. Биз өзүбүздү маскаралаганга жол бербейбиз. Иран албетте, ийкемдүү болушу керек. Бирок радикалдардын сөзү акыркы эмес. Ошондуктан Батыш өз каалаганын кыла албайт" - деп билдирген.

Дүйшөмбүдө Нью-Йоркто башталган сүйлөшүүлөр 13-майда Венада министрлердин деңгээлинде өтө турган жолугушууларга алдын ала даярдык көрүү болуп калат.

XS
SM
MD
LG