Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Ирак: парламент спикер шайлоого даярданууда


Ирак. Тикриттеги согушкерлер.
Ирак. Тикриттеги согушкерлер.

Ирактын жаңы парламентин спикерин шайлоо бүгүнкүгө калды. Жекшембидеги жыйын жарым саатка жетпей жыйынтыксыз аяктаган эле.

Ирактын жаңы парламенти бүгүн спикерин кайра шайлоого аракет кылат. Парламенттин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Махди-ал-Хафид 13үндөгү жыйынды үч кызмат ордуна талапкерлердин тизмесин тактоодо бир пикир болбогондуктан токтоткон. Ирактыктар «парламент спикерди, президентти жана өкмөт башчысын тандаса, анан жаңы өкмөт түзүлүп, суннилер баштаган согушкерлерге каршы аракеттер такталат эле» деп үмүттөнүшүүдө.

Апрель айында шайланган парламент 1-июлда алгачкы жыйынын өткөрүп, бирок аталган кызматтарга талапкерлерди тандай албай койгон.

Өлкөнү 2006-жылдан бери башкарып келаткан Нури ал-Маликиге кызматынан кетүүгө кысым күч алууда. Анын өкмөтү Ирактын түндүк аймактарын басып алган исламчыл сунни согушкерлерине каршы таасирлүү чара көрө алган жок деп сындалууда. Иракта учурдагы кырдаалга байланыштуу, анын өлкөнүн биримдигин камсыз кылып, кризистен чыгара алаары күмөн туудурууда.

Маликинин атаандаштары эле эмес, көптөгөн шериктери да ага бийликти бир колго топтоо менен суннилерди нааразы кылды деп кине коюшууда.

Малики ошондой эле өз талапкердигинен баш тартууга да макул болбой келатат. Ал апрелдеги шайлоодо анын мамлекеттик мыйзамдуулук блогу добуштардын көпчүлүгүн жеңип алгандыгын бетке кармоодо.

Малики Күрдистан автоном аймагынын борбору Эрбилге халифат курдук деп жаткан исламчылардын таянычына айланды дегенден кийин, анын орун басары Роз Нури Шавез парламентке бойкот жарыялаган эле:

- Биз өкмөттүн алдыдагы жыйындарына катышпайбыз, биз мындай жүрүм-турумду, билдирүүлөрдү көтөрө албайбыз.

Дүйшөмбүдө Күрдистан жумуриятынын президенти Масуд Барзани Анкарада Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен өз-өзүнчө жолугушары кабарланган. Барзани алдыдагы айларда Ирактын Күрдистанында көз карандысыздык маселеси референдумга коюларын айтканы маалым. Анын сөзү боюнча, сунни исламчыл согушкерлери Ирактын бир топ жерлерин басып алгандан бери, Ирак иш жүзүндө бөлүндү болуп калды.

Ак үйдүн билдиришинче, АКШнын вице-президенти Жо Байден 12-июлда Барзани менен телефондон жаңы өкмөтү түзүүнүн зарылдыгын жана аймактык көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен жөнгө салууну талкуулады.

Багдадда бул күнү башкы сунни коалициясы сабырдуу исламчы саналган депутат Салим ал-Жабурини спикерликке көрсөттү.

12синде ошондой эле шийи согушкерлери колдогон Ирак аскерлери Багдаддан 90 чакырымдай аралыктагы Мукдадия шаарынын сыртындагы аскер турагынын бир бөлүгүн өз көзөмөлүнө алгандыгы кабарланды. Багдаддан батышта өкмөт Рамади шаарына төрт миңдей ыктыярчыларды учак менен жеткирди. Бул шаар азыр согушкерлердин кол салуусуна дуушар болууда.

XS
SM
MD
LG