Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Ирактагы террорчулардын тузагы


Жарылма түзүлүштөрдү табууга итин үйрөтүп жаткан жоокер. Мосул, 10-август, 2017-жыл.

Ирактын согуш жүргөн аймагын кайра калыбына келтирип, элди отурукташтыруу аракеттери жүрүп жатат. Анын ичинде салгылаш болгон айылдар жана шаарлар жарыла турган куралдардан тазаланууда. Террорчулар ээлеп турган аймактан адамдар топ-тобу менен көмүлгөн чуңкурлар табылды.

Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаары.

Урандыга толгон авто токтотуучу жайда каз-катар тизилип, акырын басып бараткандар "Токто!" деген командирдин үнүн угары менен артка чегиништи. Мында мина же кол граната катылган болушу ыктымал.

Анан аны кылдаттык менен иликтеп, зыянсыздандыруу башталат. Жоокерлердин жаңылганга акысы жок. Бир олдоксон кыймыл өмүргө тете болушу ыктымал.

- Кооптуу тилкелер тууралуу кабар түшөрү менен аларды колго жасалган жарылма заттардан, миналардан тазалоо биздин милдет. Азыр биз тазалаган аймак коомдук авто токтотмо, – деди иш бүткөндөн кийин сапёрлор тобунун башчысы Давуд Салим.

Мосулда тынчтык өкүм сүрүп турганда үч миллион эл жашачу. Бул шаарды "Ислам мамлекети" террордук тобу басып алып, 2017-жылы гана бошотулган. Жарылма тузактар же жарылбай калган снаряддар ошондогу айыгышкан салгылаштан калган "мурас".

Андан өткөн кара так кыйылган адам өмүрлөрү. Мосул эле эмес башка шаар, провинциялардан ушу тапта адамдын сөөгү көмүлгөн чуңкурлар табылып жатат. "Рейтер" агенттигинин видеотасмасынан кагыраган башты, сөөктөрдү, чириген чүпүрөк, бут кийимдерди көрүүгө болот.

- Биз Ирактын Найнава, Киркук, Анбар провинцияларынан адамдар топ-тобу менен көмүлгөн 202 көрүстөндү аныктадык. Балким алардын саны мындан да көп болушу мүмкүн. Ал эми бул көрүстөндөрдө көмүлгөндөрдүн санын так аныктоо кыйын болуп жатат. Көрүстөндөрдүн эң кичинесинде сегиз адамдын сөөгү жашырылса, эң чоңунда миңдеген адамдар болушу мүмкүн, - деди шейшембиде БУУнун өкүлү Равина Шамдаасини.

Адистер бул чуңкурларда болжолу 6 миңден 12 миңге чейинки кишинин сөөгү жатканын айтышууда. Шамдаасини айым белгилегендей, мындан башка да адамдар жапырт көмүлгөн мүрзөлөр табылышы ыктымал.

Статистикага алынып, жүздөгөн, миңдеген делип жаткандардын ар биринде азап тартып өлгөн маркумдар жатат.

- Биздин отчетко камтылган, адамдар жапырт көмүлгөн жерлер - ошол адамдардын азаптуу өлүмүнүн, чыдагыс кыйноо көргөнүнүн, тирукмуш зулумдуктун далили, – деди Равина Шамдаасини.

Ирак өкмөтүн алдыда ошол сөөктөрдүн тек-жайын тактап, туугандарына берүү сыяктуу машакаттуу иштер күтүп турат. Жоголгон тууганын издеген тургундар кеминде беш мамлекеттик мекемеден сурактан өтөрүн Улуттар Уюму баяндамасында белгилеп, Ирак өкмөтүн жагдайды жеңилдетүүгө чакырууда.

Согуш учурунда чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргызстандан да жүздөгөн адам “Ислам мамлекети” тобуна кошулган жана айрымдары ажал тапкан. Демек, табылган сөөктөрдүн арасынан башка жактыктар да чыгышы мүмкүн. Алардын тагдыры эмне болору азырынча белгисиз.

“Ислам мамлекети” террордук тобу Ирактын бир бөлүгүн 2014-жылдын орто ченинде басып алып, 2017-жылдын аягында бул аймакта талкаланган жана куулган.

Улуттар Уюму ушул убакыт ичинде террорчулардын колунан 33 миңге чамалуу карапайым адам өлүп, 55 миңден ашууну жараат алганын билдирген. Дайынсыз кеткендер да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG