Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Жапон императору тактыдан баш тартты


Жапон императору Акихито жубайы Митико менен.
Жапон императору Акихито жубайы Митико менен.

Жапонияда жаңы доор башталууда. Шаршембиге караган түнү император Акихито кызматынан расмий кетет. Анын ордун 59 жаштагы уулу Нарухито басат. Дүйнөдөгү эң байыркы монархиялык династиянын тарыхында мындай окуя 200 жылдан ашуун убакыттан бери болуп көргөн эмес.

30-апрелде Мацу-но-Ма сарайында император Акихитонун тактыдан баш тартуу жөрөлгөсү өттү. Салтанаттар залына бул үчүн императордун символдорун – ыйык күзгү, кылыч жана магатама деген шуруну алып келишти.

Болгону 10 мүнөткө созулган аземдин аягында 85 жаштагы монарх элге кайрылуу жасады. Премьер-министр Синзо Абэ сөз сүйлөп императорго ыраазычылык билдирди.

Жаанга карабай императордук сарайдын жанына көптөгөн жапондор, чет өлкөлүк туристтер чогулушту. Акихито ар кандай илдеттерден, апааттардан жапа чеккен адамдарга кам көрүп, жардамды көп бергени менен айырмаланган. Жапондор аны ушундай кайрымдуулугу, мээрими үчүн жакшы көрүшөрүн айтышат.

Жубайы Митико экөө мындан ары өз милдеттеринен бошотулганы менен шейшембинин түн ортосуна чейин Акихито расмий түрдө император бойдон кала бермекчи.

Расмий салтанатка чейин монарх Токидогу сарайда жайгашкан храмда императордук үй-бүлөнүн пирин, ата-бабаларын эскерип, кудайларга тактыдан кетип жатканын жарыялады.

Ханзада Нарухито
Ханзада Нарухито

Уулу, ханзада Нарухито тактыга эртеси, 1-майда отурат. Ошону менен Жапонияда 30 жыл өкүм сүргөн «Хэйсэй» доору аяктап, «Рейва» же «Тартип жана Гармония» деген жаңы доор башталат.

Акихито – дүйнөдөгү эң байыркы падышалык династиянын өкүлү, Жапониянын 125-императору. Ал тактыны 1989-жылдын 7-январында, атасы Хирохито көз жумгандан кийин мурастап алган.

Акихито 126-императорго жолтоо болбош үчүн жадакалса уулунун тактыга отуруу салтанатына да барбайт.

Мындай окуя Күн чыгыш өлкөсүндө 200 жылдан ашуун убакыттан бери болуп көргөн эмес. Акыркы жолу тактыдагы император 1817-жылы өз ыктыяры менен кеткен.

2016-жылы Акихито улгайганын жана ден соолугу начарлаганын айтып, кызматын мындан ары аткара албасын билдирген. Парламент атайын мыйзам кабыл алып, 2017-жылы ага тактыдан баш тартууга расмий уруксат бериген.

Император жапон Конституциясы боюнча мамлекеттин, улут биримдигинин символу, саясий күрөшкө, өлкөнү башкаруу маселелерине аралашпайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG