Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Косово-Сербия чегинде кырдаал курчуду


НАТОнун бейкуттукту камсыздоочу күчтөрү чек арада
НАТОнун бейкуттукту камсыздоочу күчтөрү чек арада

БУУнун Коопсуздук кеңеши Косоводогу кырдаалды чукул жыйында талкуулайт. 27-июлда Косовонун түндүгүндө полиция менен серб улутчулдары кагылышкан.

Шаршембиде кечинде беттерин кара кап менен чүмбөттөгөн улутчул сербдер тобу Косовонун түндүк тарабында чек арадагы күзөт жайына чабуул койгон. Бульдозер айдап алган 50 чакты ашынган улутчулдар чек ара түйүнүн тепселетип, анын тегерегиндеги имараттарга өрт койгон. Окуя болгон жерге шашылыш жетип барган бейпилдик күчтөрү аларга каршы ок атылганын кабарлашты.

Косовонун өкмөт башчысы Хашим Тачи чабуулдун артында Белграддагы серб өкмөтү турат деп айыптады.

Косовонун премьер-министри Хашим Тачи, Приштина, 11-феврал, 2011-ж.

- Сербиядагы көмүскө уюмдар жетектеп, серб өкмөтү шыктандырган уюшкан кылмыштуу топтор адегенде номур биринчи чек ара түйүнүнө кол салып, андан кийин номур 3-чек ара постуна чабуул коюшту. Бул кыянат иштер Сербиянын жогорку саясий мекемелери тарабынан башкарылып, ишке ашырылды.






Косовонун премьери Тачи анткен менен, ошол эле шаршембинин кечинде Сербиянын Косово боюнча министри Горан Богданович да кол салууну экстремисттер менен кылмыштуу топтордун чагымы катары айыптады. Окуя болгон "Яринье" чек ара постуна шаршембиде кечинде жетип барган Богданович кол салгандар жергиликтүү сербдер эмес экенине басым жасады.

- Бүгүн түнү болгон окуя айыптоодон башкага арзыбайт. Соңку 48 саат ичинде биз жасаган аракеттер текке кетти. Бул ишти экстремисттер менен кылмыштуу топтор жүзөгө ашырды. Кыянат ишке жергиликтүү элдин эч тиешеси жок. Окуя Косоводогу бейпилдикке от жакты. Эмнеси болсо да, биз өз укугубуздан пайдаланып, чөлкөмдө мыйзамдуулук менен тартипти орнотуу жаатындагы күрөштү уланта беребиз.

Косовонун түндүк тарабындагы Метохия районун башынан эле жергиликтүү сербдер көзөмөлдөп келатат.

Сербия-Косово чек арасындагы Яринье бекети өртөлдү, 27-июл, 2011-ж.
Шаршембидеги кагылышуу – баш ийбеген аймакка Косовонун борбордук бийлиги атайын этник албандардан куралган полиция жиберип, көзөмөл орнотуу аракетин жасагандан улам келип чыкты.

Кагылышуу маалында албан улутундагы бир полиция офицери курман болуп, косоволук атайын күчтөр түндүк чек арадагы бир гана түйүндү өз көзөмөлүнө алып, серб топтору жолдорду бууп салгандыктан, калган эки чек ара түйүнү тарапка кире алган жок.

Үч жыл мурдараак Косовону көз карандысыз чөлкөм деп жарыялаган жергиликтүү албандар өкмөтү сербдер басымдуулук кылган бул аймакта бийлигин орното албай келатат. Расмий Белград 1999-жылы согуш оту тутанган Косового НАТОнун аскерлери киргизилгенден тарта чөлкөмдү өз карамагынан чыгарып ийген.

Ушул тапта чөлкөмдүн түндүк тарабында 60 миңдей сербдер жашайт. Алардын көбү Косовонун көз карандысыздыгын тааныбай, Белградды дале өз башкалаасы деп эсептешет.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштондун басма сөз өкүлү Косовонун бийликтери чөлкөмдүн түндүгүн өзүнө кайтаруу боюнча аскердик операция баштаар алдында Брюсселден кеп-кеңеш сурабай өз алдынча чечим кабыл алганын билдирүүгө ашыкты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG