Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Киото протоколу 2020-жылга чейин узартылды


Бишкек жылуулук борборунан чыккан кара түтүн
Бишкек жылуулук борборунан чыккан кара түтүн

Доха шаарында эки жүзгө жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышкан эки аптага созулган конференцияда Киото протоколун 2020-жылга чейин узартууну чечишти. Абага чыккан көмүр кычкыл газын азайтуу боюнча 1997-жылы кабыл алынган эл аралык документтин мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын башында аяктаган. Кыргызстан Киото протоколуна 2003-жылы кошулган.

Эки аптага созулган Доха конференциясынын катышуучулары климаттын өзгөрүүсү боюнча кризистен чыгуунун жолун издеди. 15 жыл мурун кабыл алынган Киото протокулунун мөөнөтү 2012-жылдын 1-январында аяктагандыктан, жыл бою эл аралык коомчулук жаңы макулдашууга жетүүнүн жолун таппай буйдалды.

13 күнгө созулган талкуулардан кийин 192 өлкөнүн өкүлдөрү Киото протоколун 2020-жылга чейин узартуу чечимине келишти. Доха конференциясынын төрагасы Абдулла бин Хамад ал-Атия ишембидеги макулдашуу глобалдык климаттын жылышына каршы күрөшүүдөгү “өтмөк” болоорун белгиледи:

- Дохадагы конференция келечекке карай алгалоону көргөздү. 2020-жылдан ары карай дагы көйгөйдү кантип чечүү жана кандай жол табууга өтмөк болду - анын жыйынтыгын дүйнө жүзү баалайт.

Дүйнөдөгү өндүрүшү өнүккөн 34 өлкөнү катуу кысмакка алган келишимден Орусия, Канада, Жапония 1 жыл мурун чыгып кеткен. Кошмо Штаттар болсо ар бир мамлекет өз алдынча милдеттеме алсын деген идеяны карманып, Киото протоколун ратификациялаган эмес.

Евробиримдик өндүрүшү өнүккөн мамлекеттер Киото пртоколунун биринчи фазасында көрсөтүлгөндөн дагы катаал милдеттемелерди алган жаңы келишимге жетишүүгө үмүт арткан. Улуттар Уюмунун эксперти Николай Дронин дүйнөдө абаны эң көп булгаган чоң өлкөлөр андай келишимди жактыра коюшу күмөндүгүн айтат:

- Орусия жаңы келишимге кошулаары өтө күмөн. АКШ дагы эч кандай ынтызарлыгын көрсөткөн жок. Индия, Кытай сыяктуу мамлекеттер дагы жаңы келишимге каршы болушат. Эгер аталган өлкөлөр колдобосо - кандай гана протокол болбосун эч майнап чыкпайт.

Адистердин эсептөөсүндө 2020-жылга чейин өндүрүштөн чыккан көмүр кычкыл газын кыскартууда эл аралык коомчулук жигердүү иш аткарбаса, глобалдык климаттын өзгөрүүсү тездейт. Учурда адистер климаттын орточо жылышы 0,7 градустун тегерегинде деген көрсөткүчтү айтышат. Ал эми жердеги бейпил жашоо үчүн бул көрсөткүчтү 2 градустан өткөрбөй кармап туруу керек.

Дохадагы конференциянын катышуучулары 2013-жылы жаңы Киото протоколун кабыл алууга макулдашты. Ал 2020-жылга чейин көмүр кычкыл газын 20 жыл мурункуга (1997-жыл) салыштырганда 18% азайтууну көздөйт. Үстүбүздөгү жылы абага чыккан СО2 газы 2,6% өскөн, бул 1990-жылга салыштырганда 58% арбын. Көмүр кычкыл газын азайтууга эл аралык алкакта аракеттер көрүлсө дагы, анын көрсөткүчү тескерисинче өсүп жатканы кооптондурат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG