Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 01:57

Топон суу каптабасын десек...


Артика деңизиндеги муздун спутниктен тартылган сүрөтү.

Катардын борбору Дохада бүгүн Улуттар уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча жылдык кеңешмеси ачылды. Быйылкы жыйын өтө чукул шарттарда өтүп жатат. Анткени булганыч газдардын абага бөлүнүшүн кыскартуу боюнча буга дейре кабыл алынган жалгыз эл аралык документ - Киото протоколунун мөөнөтү быйыл бүтүүдө.

Дохага 200гө жакын өлкөнүн делегаттары жыйналды. Алар бүгүндөн тартып алдыдагы күндөрү Киото протоколунун иштөө мөөнөтүн узартуу жана аны болочокто алмаштыруучу жаңы келишимдин долбоорун даярдоо аракетинде болушат.

Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУ конференциясынын учурдагы президенти, Түштүк Африканын тышкы иштер министри Маите Нкоана-Машабане жыйынды эскертүү менен ачты:

- Кийинки муун глобалдык катастрофага кабылбасын десек, чукул чараларды көрүү зарыл. Биз бул чакырыкты кабыл алуу боюнча чечкиндүүлүгүбүздү көргөзүүдө олку-солку боло албайбыз. Климаттын өзгөрүшү - биздин замандын туруктуу өнүгүүсүнүн көйгөйү.

Эски келишимдин мөөнөтү бүттү, жаңысы жок

Дохадагы азыркы жыйынды утурлай глобалдык климаттын абалы боюнча бир нече баяндама жарыяланды. Аларда азыркы саясат улантыла беришинин кесепеттери боюнча айтылган жаңы эскертүүлөр жыйындын күн тартибиндеги маселенин олуттуулугун көтөргөндөй болду.

Быйыл мөөнөтү аяктап жаткан Киото протоколу 1997-жылы кабыл алынганда климатты сактоо ишиндеги чоң бурулуш катары бааланган. Документ дүйнөнүн өнөр-жайлуу мамлекеттерин Жердин температурасы жогорулашына алып баруучу көмүр кычкыл газын жана башка газдардын бөлүнүшүн кыскартууга милдеттендирген.

Бирок экономикасынын көлөмү жагынан биринчи орунда турган АКШ анын терс кесепеттеринен жана дүйнөнүн экинчи ири экономикасы - Кытай булганыч газдарды кыскартуу боюнча милдеттеме албаганынан улам документти ратифакациялаган эмес.

Канада, Жапония, Орусия сындуу өнөр-жайлуу өлкөлөр да башында протоколго кошулушканы менен кайра андан чыгып кетишкен.

Документтин мындай алсыз жактарына карабай Дохага жыйналган делегаттар Киото протоколунун мөөнөтүн узартууну көздөшүүдө. Бул эски документ жаңы келишим күчүнө киргенче иштей берет дегенди туюндурат.

- Биз Киото протоколу боюнча милдеттемелердин экинчи мезгилине жетишүүбүз керек. Биз 2007-жылы Бали конференциясында башталган ишти аяктообуз, 2011-жылы Дурбанда кабыл алынгандар боюнча алдыга жылуубуз абзел. Бул максаттарга жетүү үчүн биз болгон шарттарды түзүүгө аракеттендик, - деди конференциянын конок ээси, Катардын премьер-министринин орун басары Абдулла бин Хамад ал –Аттия.

Эске сала кетсек, былтыр Түштүк Африканын Дурбан шаарында болгон жыйында дүйнө өлкөлөрү Киото протоколун алмаштыруучу документти 2015-жылга даярдап, 2020-жылдан тарта күчүнө киргизүүнү макулдашышкан. Ага чейин 2007-жылы Балиде булганыч газдарды кыскартуу боюнча аракеттенүү планы жактырылган.

Анткен менен британдык “Гардиан” басылмасынын пикиринде, Дохадагы конференция ич ара ишенбөөчүлүк атмосферасында өтүп жатат. Берилген убадалар, алынган милдеттемелер аткарылуусу арсар.

Бул абройлуу гезиттин жазганына караганда, 2009-жылы эле дүйнөнүн бай мамлекеттери жакыр мамлекеттер климаттагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусу үчүн 2020-жылга чейин 100 миллиард доллар ажыратууну убада кылган.

Бирок алар азыркыга чейин ошол төлөмдүн эң төмөнкү чеги деп каралган 30 миллиард долларды берише элек.

Ысыган аба

БУУнун Метеорология боюнча уюму 20-ноябрда жарыялаган баяндамасында 2011-жылдын жыйынтыгы менен булганыч газдардын атмосфера курамындагы көлөмү эң жогорку чекке чыкканын белгилеп, дүйнө океандарынын келечекте аларды сиңирип алуу кубатына тынчыздануу билдирген.

Бул уюмдун иликтөөчүлөрүнүн бири Кристиан Блондин мындай дейт:

- Биз өзүбүз байкагандардын негизинде жыйынтык чыгарсак, оптимизм азыраак сценарий боюнча кетүүдөбүз. Ал сценарий боюнча демография өскөнүнөн жана башка себептерден улам булганыч газдар болжолдонгондон көп бөлүнүүдө. Андыктан убакыт өтүп жаткандыгын эске алсак, температураны эки градустан ылдыйкы чекте кармоо татаал болчудай.

Дүйнөлүк Банк Доха конференциясын утурлай 18-ноябрда жарыялаган баяндамасында азыркы саясат улантыла берсе, 2100-жылга карата глобалдык температура орточо 4 градуска көтөрүлөт деп болжолдогон.

Жердеги аба өткөн кылымга салыштырмалуу ысый баштаганынын соңку мисалдары катары адистер АКШдагы урагандарды, кургакчылыкты, Британиядагы кургак жаз менен жамгырлуу жайды, Кытай, Индия, Австралиядагы ири суу ташкындарды, Артика деңизиндеги муз 1979-2000 жылдагыга салыштырмалуу 50 пайызга жукарганын мисалга тартышат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG