Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Кыргыз "коммунизми" Италияда


"Коммунизм мунарыгы" сериясынан, Алимжан Жоробаев, Лаура Булиани галереясынан аманат сүрөт
"Коммунизм мунарыгы" сериясынан, Алимжан Жоробаев, Лаура Булиани галереясынан аманат сүрөт

Италияда бүгүн кыргыз сүрөткеринин көрсөтмөсү ачылды. Милан шаарындагы галереяда фотограф Алимжан Жоробаевдин «Коммунизм мунарыгы» деген көргөзмөсү жыл аягына чейин созулат.

Италияда коммунисттер бар, бирок коммунизм эч качан болгон эмес. Деген менен кыргызстандык сүрөткердин көргөзмөсүнө болгон кызыгуу албетте бир гана коммунизм менен түшүндүрүлбөйт. Көпчүлүктө дагы деле табышмак бойдон кала берип жаткан Улуу Жибек жолуна жана жалпы эле алыскы Борбор Азияга болгон ынтаа да бар.

"Коммунизм мунарыгы" Италияда
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00
Түз линк

Алимжан Жоробаевдин айтымында, «Коммунизм мунарыгы» сериясы Кыргызстан көз карандысыздык алгандан кийин Бишкектин борбордук аянтындагы алгачкы массалык намазга жыгылуудан тартылган сүрөттөрдөн башталган:

- Бир жолу аянтка барып, Лениндин эстелигинин жанында, Орозодон кийинки болгон Курман айттагы чоң намазга барган чалдарды көрүп, биринчи сүрөтүмдү тарткам. Бир айдан кийин дагы келип тартып, бул серияны чогултуп келатканыма 15-жыл болду. Бул экспозицияга Апрель окуясынан тартылган сүрөттөрдөн бир-экөөсү да коюлду.

"Коммунизм мунарыгы", Алимжан Жоробаев, Лаура Булиани галереясынан аманат сүрөт
"Коммунизм мунарыгы", Алимжан Жоробаев, Лаура Булиани галереясынан аманат сүрөт
Көргөзмө өтүп жаткан Миландагы Лаура Булиан галереясында буга чейин Кыргызстандан Гүлнара Касмалиева, Муратбек Жумалиев, Марат Раимкулов, Казакстандан Саид Атабеков өндөнгөн заманбап өнөр устаттарынын чыгармалары коюлган.

Галереянын ээси Лаура Булиандан мен анын Борбор Азиялык заманбап көркөм өнөргө болгон кызыгуусунун себебин сурадык:

Лаура Булиан: Мен борбор азиялык сүрөткерлер менен көптөн бери иштешип келатам. Менимче, алар өтө таланттуу сүрөткерлер, ошол эле убакта аларды Батыштагы көркөм өнөр чөйрөсүндө биле беришпейт. Бул көргөзмөдө Алимжан Жоробаевдин сүрөттөрү аркылуу биз Кыргызстанда Советтер Союзу кыйрагандан кийинки тарыхый окуялардын күбөсү болобуз.

Жаңыл Жусупжан: Мындай кызыктуу сүрөттөрдү жана алардын авторлорун кантип табасыз?

Лаура Булиан: Meн Виктор Мизиано деген көркөм өнөр кураторун жакшы билем.
Жоробаевдин сүрөттөрү аркылуу биз Кыргызстанда СССР кыйрагандан кийинки тарыхый окуялардын күбөсү болобуз....
Лаура Булиан.

Ал борбор азиялык өнөрпоздорду Венециядагы эки жылда бир өтүүчү Биенниал көркөм өнөр жарманкесинде көрүп калытыр. Ал аркылуу 2006-2007-жылдары да мен борбор азиялыктар менен тааныштым, бара-бара аларга кызыгуум артты.
Владимир Куприянов, Вадим Фишкин, Анастасия Хорошилова сыяктуу орусиялык сүрөткерлер менен да ушундайча таанышып, көп жылдардан бери иштешип келатам.


Жаңыл Жусупжан: Мындан бир канча убакыт мурда Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде коюлган көргөзмөдө инсталяциялардын биринде куурап калган бактын сөңгөгүн колдонушкан экен, аны бир көрөрман “бул жыгачка убал эмеспи” деп ийнин куушурганы эсимде, заманбап өнөр Борбор Азияда көпчүлүккө түшүнүксүз, обочодо калган көрүнүш эмеспи?

"Коммунизм мунарыгы", Алимжан Жоробаев, Лаура Булиани галереясынан аманат сүрөт
"Коммунизм мунарыгы", Алимжан Жоробаев, Лаура Булиани галереясынан аманат сүрөт
Лаура Булиан: Бул муунга жараша го дейм. Муну ушул жайда биздин галереяда Кыргызстандан Марат Раимкулов деген сүрөткердин көргөзмөсү болгондо байкадым. Улуу муун Советтер Союзу кулагандан кийинки иденттүүлүк маселесине көбүрөөк кызыгат.

Көркөм өнөр аркылуу алар “Биз кимбиз” деген суроого жооп издешет. Ал эми жаңы муун көбүрөөк глобалдашкан. Алар бийликтин маңызы, капитализмдин таасири деген сыяктуу проблемаларга кызыгышат. Бул биздин жашообуздагы күнүмдүк маселелер эмеспи. Ушул көз караштан алганда бул сүрөткерлер обочодо калган эмес, алар турмуштун кайнаган чордонунда жүргөн адамдар.

Жаңыл Жусупжан: Демек заманбап көркөм өнөр ээлери азыркы заманды
Сүрөткерлер биздин жашоону түшүнүүгө көмөктөшөт, алар турмуштун кайнаган чордонунда жүргөн адамдар...
Лаура Булиан

анализдеп, бизге бул дүйнөнү түшүнүүгө көмөктөш болушат турбайбы?

Лаура Булиан: Ооба, алар биздин жашоону анализдешет, заманбап өнөрдүн мааниси ушунда. Биз бул өнөр аркылуу азыркы жашоонун күңгөй тескейин даанараак баамдайбыз. Коммунизм азыр жок. Бирок мунарыгы калган. Алимжандын сүрөттөрүнөн биз күнүмдүк турмуштан ошол мунарыктаган коммунизмдин элесин көрө алабыз. Бул сүрөттөрдө күнүмдүк турмуштагы байкалбаган карама-каршылыктарды сезебиз. Алар биз өз турмушубуздун күбөсү болобуз.

Көргөзмө 22-декабрга чейин созулат.

Кошумча маалымат бул жерде: http://www.laurabuliangallery.com/
Алимжан Жоробаевдин жеке сайты: http://photo-aa.kg/j-index.php
XS
SM
MD
LG