XXX жайкы Олимпиада оюндары башталды. Британ баш калаасы 3-ирет тоскон дүйнөлүк спорт майрамына даярдыктар 7 жыл жүрдү.
Лондондун Олимпиада стадионундагы 3 саатка созулган театрлашкан салтанатка 80 миң көрүүчү күбө болсо, жер шарында 1 миллиардан ашуун киши сыналгыдан тиктеди. 70 күн жол жүрүп, дүйнөнүн төрт бурчун айланган Олимпиада шамаласын көтөргөн атлеттер Темза дарыясы аркылуу өтүп келип, стадиондогу XXX жайкы Олимпиа оюндарынын отун жандырды. Олимпиада оту мелдеш өткөн 16 күн бою жаркырап күйүп турат.
Олимпиада шамаласын көтөргөндөр мэр Жонсон менен
Дүйнөнүн 204 өлкөсүнөн келген 10 миңден ашуун спортчу Олимпиаданын алтын, күмүш жана коло медалдары үчүн таймашат.
Лондон шаарынын мэри Борис Жонсон Кытайдын ССТV каналына сүйлөп жатып, британ баш калаасы 4 жылда бир жолу өткөн жайкы Олимпиада оюндарына толук даярдыгын билдирген:
- Олимпиаданын тарыхында оюнду өткөргөн башка шаарлардай эле биз бул майрамга даярбыз жана биздин камылгабыз мактанаарлык. Мындай чоң иште баары тегиз шайма-шай деп айтуу да кыйын. Андай болсо дагы бизде баары жайында десек болот.
Олимпиаданын коопсуздугун 40 миңден ашуун атайын күчтөр, анын ичинде 18 миң аскер камсыздайт. Британ тарыхында бейкут заманда мынчалык күчтүн атайын операцияга биринчи тартылуусу.
- Эгер сиз Олимпиадага катышкан атлеттерди сөзгө тартып көрсөңүз, алар өздөрүн коопсуз сезээрин айтышат. Командалар болсо машыгууда. Атлеттер менен куралданган коопсуздук кызматкерлери чогуу-чаран өз милдеттерин так аткарууда.
XXX Олимпиа оюндарын ачуу салтанатында Европадагы эң чоң коңгуроо кагылып, дүйнөлүк спорт майрамына байсалдуу сапар тиледи. Британ канышасы Элизабет II менен канзаада Филип Букингэм сарайында олимпиаданын ачылышына келген мамлекет жетечилери жана өкмөт башчыларын кабыл алышууда.
Лондонду жаркылдаган оттор коштогон театр менен музыканын мухитине айлантууга 27 миллион фунт сарпталды. Көптү күттүргөн мындай жомокту көрөм дегендерге билеттин баасы 1 жарым 2 миң фунт турат.
Кыргызстан Лондонго 14 спортчусун аттандырды. Алар спорттун 10 түрү боюнча таймашат. Өлкөбүз жайкы олимпиадага аялдар күрөшү жана жел кайык спорту боюнча алгачкы ирет катышууда. Кыргызстандын көп улуттуу курама командасынын эң кенжеси – сууда сүзүүчү Дарья Таланова 16 жашта болсо, 19 жаштагы балбан Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк мелдешке кыргыз аялдарынын ичинен биринчи аттанат. Ал эми Данияр Көбөнов, Арсен Эралиев, Магомед Мусаев дүйнөнүн мыкты балбандарынын катарында аталып жүрөт.
Кыргызстандын олимпиадачылары
1/16Данияр Көбөнов - Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны. Грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарынын чемпиону (2010), бир катар эл аралык таймаштардын жеңүүчүсү.
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
2/16Бекзат Осмоналиев - оор атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Лондондо Олимпия оюндарынын ачылыш аземинде кыргыз желегин көтөрүп чыгат.
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
3/16Дарья Таланова - Кыргызстандын улуттук командасынын эң жаш мүчөсү, суучул. 16 жаштагы Дарья Бишкекте студент.
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
4/16Дмитрий Александров - сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону.
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
5/16Юлия Андреева-Архипова - жөө күлүк. Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
6/16Эржан Аскаров - жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
7/16Чингиз Мамедов - дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медал уткан. Эл аралык таймаштардын көп жолку жеңүүчүсү.
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
8/16Илья Игнатьев - жел кайык айдоо боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Кыргызстан спорттун бул түрү боюнча алгач ирет Олимпиадага катышууда.
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
9/16Магомед Мусаев - эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында биринчи орунду алган. Эл аралык мелдештердин көп жолку жеңүүчүсү.
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
10/16Руслан Исмаилов - ок атуу боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Борбор Азия оюндарында 2 алтын медал уткан (2003).
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
11/16Арсен Эралиев - грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарынын көп жолку чемпиону.
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
12/16Руслан Абдраим - таэквондо боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону. 2004-жылы Кореяда өткөн ачык чемпионатта күмүш медалга ээ болгон.
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
13/16Айсулуу Тыныбекова - аялдардын эркин күрөшү боюнча Кыргызстандан Олимпиада оюндарына биринчи жолу катышууда.
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
14/16Юрий Краковецкий - дзюдо боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону.
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
15/16Президент Атамбаев мамлекеттик тууну Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Данияр Көбөновго тапшырууда. 16 июль, 2012-жыл
Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
16/16Кыргызстандын улуттук командасы президент Атамбаев менен жолугушууда. 16-июль, 2012-жыл