Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:10

Көбөнов: Алтын медаль үчүн күрөшөм


Грек-рим күрөшүнөн Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов Лондон олимпиадасында алтын медаль алууга үмүттөнүүдө.

«Азаттык»: Данияр, Лондон олимпиадасына даярдык кандай?

Данияр Көбөнов: Жакшы, акыркы машыгуу калды, анан Лондонго учканы атабыз. Учурда даярдыктар жакшы.

«Азаттык»: Эмне себептен грек-рим күрөшүн тандап алдыңыз?

Данияр Көбөнов: Биздин Жети-Өгүз районунун Саруу айылда грек-рим күрөшүнүн машыктыруучусу келип мектеп ачкан. Ага чейин эркин күрөштүн машыктыруучусу бир жылдай иштеп кетип калган. 10-11 жашымда Аскар агайым - машыктыруучум келип дайыма сабак берди, ошону менен грек-рим күрөшүн тандап калдым. Эгерде эркин күрөштөн устатым кетпегенде, балким эркин күрөшчү болмокмун.

Президент Атамбаев Данияр Көбөновго Кыргызстандын туусун тапшырууда. Бишкек, 16-июль, 2012.
Президент Атамбаев Данияр Көбөновго Кыргызстандын туусун тапшырууда. Бишкек, 16-июль, 2012.

«Азаттык»: Балбандык, баатырлык деген тукум кууган касиет эмепси, бабаларыңызда балбандык, баатырлык сапаттар бар беле?

Данияр Көбөнов: Менин таятам чоң, күчтүү киши болгон, толуп турган учурунда салмагы эле 110-120 кг. экен. Азыр 90 жашка жакындап калды. Атамдын тайкелери жагынан да балбан, чоң кишилер болгон. Ошондон улам балбандык тагдырга туш болсом керек.

«Азаттык»: Алгачкы ийгилигиңиз качан жаралды, чоң спортко кандайча аттанып калдыңыз?

Данияр Көбөнов: Алгачкы ийгилигим 1998-жылы Москвадагы Эл аралык балдар, уландар оюндарында болду. Ошондо 3-орунду алышым аябай түрткү, секирик болду. Ошентип чоң спортко кадам таштадым.

«Азаттык»: Азия оюндарын, Дүйнө чемпионатын утуп келгенде “Бишкектен үй беребиз”- деп айтышты эле. Ошол үй колуңузга тийдиби, мурда убара кылып бербей жатышканын айткан элеңиз?

Данияр Көбөнов: Кечиктирсе да жетекчилер үй берди, колума бир жылдан кийин гана тийди, азыноолак сыйлык да берди.

«Азаттык»: Башка мамлекеттерден чакыруулар болду беле?

Данияр Көбөнов: Жок, андай чакыруулар болгон жок, ортодо ар кандай сөздөр боло берет. Өзүң туулуп-өскөн жерге эч нерсе тең келбейт. Өзүбүздүн жерибиз жакшы. Канча жерде жүрүп атабыз, бирок бири да Кыргызстанга жетпейт.

«Азаттык»: Күрөштөн, машыгуудан тажаган учурлар болобу, бош убактыңызда эмне кыласыз?

Данияр Көбөнов: Кээде чарчаган убактар болот. Эс алган убактарда кино көрүп, бассейнге барып, тынч уктап, көлгө сүзүп, кээде тоого барам.

«Азаттык»: Лондон олимпиадасында кимдер негизги атаандашыңыз болот?

Данияр Көбөнов: Негизги атаандаштар Орусиядан, Түркиядан, Армениядан тандалган балбандар болот. Бир аз убакты калды, даярданып алып, аларды утса болот.

«Азаттык»: Кээ бирлер атаандаштарын видео камерага тартып алып, атайын адистер талдоого алышат экен. Сизде да ошондой мүмкүнчүлүктөр барбы?

Данияр Көбөнов: Аны өзүбүз деле тартабыз. Мен ар бир атаандашымдын күрөшүн, кандай ыкма жасаарын интернеттен көрдүм. Алар менен кандай күрөшүү керектигин талдоого алып, азыр машыгып атам.

«Азаттык»: Эми Лондондо Кудай буйруп алтын медаль утуп, олимпиадалык чемпион болуп калсаңыз 200 миң доллар, анан баалуу сыйлыктар болот экен, аны эмнеге жумшайын деген тилек-ойлор бар?

Данияр Көбөнов: Башкы максат - биринчи кезекте азыр олимпиаданы утуш керек, калганы андан кийин...

«Азаттык»: Олимпиадага даярданууга толук
мүмкүнчүлүктөр болдубу, машыгууга каражат жеттиби?

Данияр Көбөнов: Мурдагы олимпиадаларга салыштырмалуу жетиштүү болду. Толук мүмкүнчүлүк бар. Эми калганы өзүбүздөн болот.

«Азаттык»: Спортчулардын көбү тамак-ашты тандап жейт, сиздин рационуңуз кандай?

Данияр Көбөнов: Биз мелдешке чыгаарда майлуу тамак, камыр жебейбиз. Шорпо ичип, майлуу эмес эт жейбиз, калориялуу витаминдерди Москвадан алып келип, дарыгерлер бизге куят. Азыр акырындык менен башталып атат, медицина жактан карап, көңүл буруп атышат.

«Азаттык»: Грек-рим күрөшүнүн эрежелери 3-4 жылда 2-3 жолу өзгөрүп жатат, ошол дагы таасирин тийгизеби?

Данияр Көбөнов: Бул илгертен эле өзгөрүп турат. Ута турган балбан эрежелерге карабай утат, анан эреже өзгөрүп калды деген бул шылтоо гана.

«Азаттык»: Көпчүлүк мелдештерде калыстар калыссыздык кылып койгон жагдайлар болот. Олимпиадада, дүйнө чемпионаттарында деле калыстар калыстыктан тайып коюшу мүмкүн да, ошондуктан эмне кылыш керек?

Данияр Көбөнов: Андай жагдай, кырдаал ар бир жерде боло берет. Андай болбош үчүн атаандашты таза жеңиш керек. Ошондо калыстар эч нерсе кыла албайт.

“Азаттык”: Президенттин колунан Кыргыз туусун алып, команданын капитаны болуп дайындалдыңыз...

Данияр Көбөнов: Чынында эле мага абдан чоң жоопкерчилик, милдет жүктөлдү. Кыргыз туусун алган соң, аны олимпиадалык таймашта утуп, жогору көтөрүүм керек. Кыргыз элинин ишенимин актоого абдан аракет кылам.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG