Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Лондон кыргызстандык спортчуларды сынайт


Лондондо 30-жайкы олимпиадалык оюндардын ачылышына бир апта калды. Бул ирет 14 спортчу Лондонго аттанып жатат.

Советтер Союзунун учурунда кыргызстандык спортчулар Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпакова, Александр Блинов, Александр Мелентьев, Николай Чернецкий, Мария Кулчунова, Сергей Фокин олимпиада чемпиону болуп, Сатымкул Жуманазаров, Александр Абушахметов байгелүү орундарга жеткен.

Советтер Союзу урагандан кийин 1992-жылы Барселона олимпиадасында Шериктеш өлкөлөрдүн командасынын катарында кол тобунан Талант Дүйшөбаев менен баскетболчу Елена Баранова олимпиада чемпиону аталган.

Кыргызстан эгемен өлкө катары алгач ирет 1996-жылы Атланта олимпиадасына катышты. Атланта олимпиадасына спорттун 9 түрү боюнча катышкан 33 спортчунун көбү Кыргызстандын жарандыгын алышкан орусиялык легионерлер болушкан. Кыргыз туусун олимпиаданын ачылыш аземинде даңазалуу балбан, маркум Раатбек Санатбаев көтөрүп чыккан. Катары арбын болгону менен олимпиадачылардын бирөө да ийгилик жарата алган эмес.

Атлантадан кийинки Сидней олимпиадасында да орусиялык легионер спортчулар арбын болуп, 48 спортчу барып, катышуу жагынан Кыргызстандын рекордун жаңыртышкан. Казак балбан, легионер Айдың Смагулов дзю-до күрөшүнөн 60 кг. салмакта эгемен Кыргызстанга алгачкы коло байге утуп берген. Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов:

- Айдың Смагулов экинчи таймашта кубалык Маноло Пулотуга аз упай менен алдырып койгондо бармак тиштеп, өкүнүп калган элек. Бирок кубалык балбан финалга чыгып, Айдыңдын коло байге үчүн күрөшүүгө жолу ачылган. Калган 40тан ашуун спортчу Австралияга турист сыяктуу гана барып келишкен.

2004-жылы олимпиаданын мекени болгон Грекиянын Афина шаарында өткөн 28-жайкы олимпиадага Кыргызстандан 29 спортчу жолдомо алган. Алар спорттун 9 түрү боюнча мөрөй талашканы менен ийгиликке жеткен эмес. Велоспорт боюнча Азияда мыкты болуп жүргөн Евгений Ваккер да 23-орун менен чектелген. Афинада балбандардан Канат Бегалиев, Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев, Надырбек уулу Улан да олимпиадалык байгеге жетпей калышкан.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында 2008-жылы Бээжинде өткөн 29-жайкы олимпиада жемиштүү болду. Мында 21 спортчу өлкө намысын коргоп, грек-рим күрөшүнөн Руслан Түмөнбаев коло байге утса, Канат Бегалиев финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган. Канат Бегалиевди финалда калыстар басынтып койгонун башкы устат, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкулов ар дайым айтып, калыстарга нааразы болуп келет.

Бээжинде эркин күрөштөн Базар Базаргуриев да байге алып калышы мүмкүн болгон. Бирок үчүнчү орун үчүн таймашууда аз упай менен утулуп, коло байгени колдон чыгарган.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, Лондон олимпиадасына спорттун 8 түрү боюнча 14 спортчу жолдомо алып, күчүн, чеберчилигин сыноонун алдына турушат.

Олимпиадачыларды узатуу салтанатында президент Алмазбек Атамбаев белгилегендей, өтө жооптуу мелдеште 205 өлкөнүн тандалган спортчулары менен таймашка чыгып, байгелүү орундарга ээ болуу кыйынга турат.

Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркулов быйыл Лондонго жолдомонун аз болуш себебин мындайча түшүндүрдү.

- Жылдан жылга жолдомо алуу кыйынга турууда. Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүндө спорт өнүгүп, атаандашуу курч болууда. Олимпиадага башка өлкөлөр 4 жыл мурда даярдык көрүп, шарт түзөт. Кыргызстанда бир жыл калганда даярдана баштайт. Спортчулардын жеке даярдыгы, чеберчилиги төмөн.

Улуттук спортту өнүктүрүү борборунун жетекчисинин орун басары Касымкул Оболбековдун пикиринде, Лондондо балбандардан Данияр Көбөнов менен Арсен Эралиев байгелүү орунду ээлеши мүмкүн.

Чынында эле дзюдочулар Чыңгыз Мамедов менен Юрий Краковецкий Айдың Смагуловдун ийгилигин кайталап, байгелүү орундарга жете алабы? Балбандар Данияр Көбөнов менен Арсен Эралиев Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев чапкан жолду кеңейтип, олимпиадалык алтын байге утуп келишеби? Жеңил атлетчилер Мария Кулчунова менен Сатымкул Жуманазаровдой бийиктиктерди багынта алышабы?

Арсен Эралиев
Арсен Эралиев
Лондон олимпиадасынын ачылыш аземинде кыргыз туусун көтөрүп, команданы баштап чыга турган оор атлетчи Бекзат Осмоналиев 1980-жылкы Москва олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдей кыргыз элин кубантабы?

Эки олимпиадага катышып жаткан таэквондочу Расул Абдураимдин жылдызы Лондондо жанабы? Же орусиялык күрөш мектебинен таалим-тарбия алган эркин күрөштөн Азия чемпиону болгон Магомед Мусаев Лондон олимпиадасынын чемпиону болобу?

Мунун баары алдыдагы олимпиадалык таймашууларда анык болот.

“Азаттык” радиосунун жамааты да олимпиадачыларга ак жол каалап, ийгиликтерге жетүүсүнө тилектеш.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG