Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Молдова: орусиячылдар ойгондубу?


Молдовадагы нааразылык акциясы. 20-январь, 2016-жыл
Молдовадагы нааразылык акциясы. 20-январь, 2016-жыл

Молдовада парламент кечээ жаңы өкмөттү бекитиши нааразылык менен коштолуп, баш аламандыкта он адам жаракат алды.

Парламент сыртында турган демонстранттардын бир тобу кечинде полиция тосмосун бузуп өтүп, имараттын ичине кирип барган. Бирок атайын даярдыктагы күчтөр аларды кайра сыртка сүрүп чыгарды. Мындан улам жаңы өкмөт түн жамына жабык жыйынга чогулуп, ант берүү менен ишке киришти. Бүгүн өлкөнүн укук коргоо органдары парламент сыртындагы жана ичиндеги кечээки башаламандыктар боюнча кылмыш ишин козгоду.

Парламент саясий кризиске чекит койдубу?

Молдова парламенти 20-январда Павел Филип баштаган европачыл багытты карманган жаңы өкмөттү бекиткен. Жаңы өкмөттү парламенттеги 101 депутаттын 57си колдоду. Башкаруучу Демократиялык партиянын төрагасынын орун басары, 49 жаштагы Павел Филип буга чейин телекоммуникация министри болуп иштеген.

Филип Павел премьерликке шайланар алдында буларды айтты:

- Мен бул жерге өз командам менен алда канча татаал тапшырманы, чоң жоопкерчиликти өз мойнубузга алганы келдим. Балким бул пафос менен айтылып жаткандай туюлушу мүмкүн, бирок өкмөт түзүү жоопкерчилигин сунуштаганда мен бул ушундай зор милдет экенин сездим.

Филип Павел ошентип бул өлкөдө акыркы бир жылдагы үчүнчү премьер болуп калды.​ Жаңы өкмөттү бекитүү менен парламент өлкөдөгү саясий кризиске чекит койгону айтылган. Молдова былтыр октябрда Валерий Стрелет баштаган өкмөт коррупциялык чатактан улам кызматтан кеткен соң саясий кризиске кептелген эле. Буга чейин президент сунуштаган эки талапкерди шайлоо үзгүлтүккө учураган. Эгер бул жолу да парламент өкмөттү шайлай албай калса, анда президент Тимофти парламентти таратып, жаңы шайлоо жарыялоого аргасыз болмок.

Молдовадагы нааразылык. 21-январь, 2016-жыл
Молдовадагы нааразылык. 21-январь, 2016-жыл

Орусиячыл оппозициялык социалисттер бул жолу да шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракеттенди. Бир канча оппозициялык депутаттар эрте шайлоо өткөрүүнү талап кылган жазууларды көтөрүп турушту.

Коомдук пикирди сурамжылоолор мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү Молдова менен Евробиримдик ортосундагы ассоциация тууралуу келишимди кайра карап, Москва менен тыгыз кызматташууну көздөгөн орусиячыл партиялардын утуп чыгышы ыктымалдыгын көрсөткөн. ​

Канткен менен парламенттеги кечээки добуш берүү полициянын жүздөгөн кызматкеринин коргоосунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өттү. Анткени тышта миңдеген демонстранттар эрте шайлоо өткөрүү талабы менен турушкан.

Орусиячылардын "ойгонушу"

Митингди орусиячыл оппозициялык саясатчылар уюштурганы менен арасында европачыл маанайдагы демонстранттар да болду. Алар жаңы өкмөт да ошол эле башкаруучу партиядан куралганына нааразы жана мурдагы өкмөттүн коррупциялык тажрыйбасын сындыра аларынан күмөн санап турушкан.

Бул акцияда турган "Ар-намыс жана ишеним" платформасынын лидерлеринин бири Василе Настасе журналисттерге буларды айткан:- Биз өлкө криминалдын колуна өтүп кетишине жол бербешибиз керек. А эгер Павел Филип премьер-министр болсо буга жол берет. Андан соң катуу диктатура орноп, аны кансыз жол менен кетирүүгө мүмкүн болбой калат. Бул Молдова эле эмес, бүтүндөй региондогу бейстабилдүүлүктүн булагын пайда кылат.

Молдова
Молдова

Акцияда тургандардын дагы бири Лора Жосан депутаттар сыртта турган элди көзгө илбей койгонуна нааразы:

- Парламент сыртында ушунча киши каршы болуп турганына карабай элдин тагдыры үчүн жоопкерчилик ала турган өкмөттү кыска убакытта тандап койгону - бул бизди кемсинткендик. Алар бизди паска уруп коюшту.

Молдованын дагы бир жараны Василе Чиоргхита депутаттар сырттагы эл менен эсептешпей койду деген пикирде:

- Алар уурулардай иш кылышты. Алар баарын жарым саатта чечип коюшту. Ушул кантип болсун. Алар сырттагы эл менен сүйлөшө алган жок. Буга чыдоо мүмкүн эмес.

Парламент жаңы өкмөттү бекиткен соң кечинде тыштагы демонстранттардын бир тобу полиция тосмосун бузуп өтүп, имараттын ичине кирип барышты. Бирок полициянын атайын күчтөрү аларды андан ары өткөргөн эмес.

Бул башаламандыкта жети полициячы менен демонстранттардын үчөө жаракат алды. Алардын арасында Либералдык партия жетекчиси, мурдагы убактылуу президент Михай Гимпу да бар.

Бул тополоңдон кийин жаңы өкмөт түн жамына жабык жыйынга чогулуп, ант берүү менен ишке киришти. Түнкү ант берүү аземине президент Николай Тимофти да катышканы кабарланууда.

Бирок кырдаал али тынчый элек. Бүгүн, 21-январда да Кишиневдо жети миңдей адам чогулганы, алар кайра эле мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү талабы менен турушканы маалымдалды.

Молдова: өкмөткө каршы нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:03 0:00

Өлкөнүн укук коргоо органдары болсо парламент сыртындагы жана ичиндеги кечээки башаламандыктар боюнча кылмыш ишин козгоду. Мындан сырткары тополоңдо келтирилген чыгымдар да эсептелүүдө. Өлкө баш прокуратурасы күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопкерчиликке тартууга убада берди. Молдова мыйзамдарында массалык баш аламандык уюштургандарды жана ага катышкандарды сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Мурдагы союздук республикалардын бири, үч жарым миллион калктуу Молдова Украина менен Румыниянын ортосунда жайгашкан. Жогоруда учкай айтылгандай, Валерий Стрелец баштаган өкмөт былтыр октябрда өлкө банктарынан бир миллиард доллар кумга сиңген суудай жоголуп кетишине байланыштуу кызматтан кеткен. Ошондон тарта өлкө өкмөтүн беките албай келиши Европанын эң жакыр бул өлкөсүндө орусиячыл күчтөрдү ойготуп, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү талабын козгоду.

Молдова өкмөтү 2014-жылы Москванын катуу каршылыгына карабай Евробиримдик менен ассоциация боюнча тарыхый келишимге кол койгон.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG