Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Молдованы селт эттирген митинг


Кишиневдун борборунда 1990-жылдардан берки эң ири митингдин бир нече миң катышуучусу кала берүүдө. 6-сентябрда президенттин жана өкмөттүн отставкасын талап кылган акцияга он миңдеген киши чогулган.

Митингчилердин бир бөлүгү дүйшөмбүгө караган түндү Молдова баш калаасынын борбордук аянтына тигилген 30 чакты чатырларда өткөрүштү. Уюштуруучулар өлкөнүн «бийлиги толугу менен алмашмайынча» массалык чыгууларды токтотпосун айтышууда.

«Ар-намыс жана адилеттүүлүк» деген жарандык кыймыл жекшемби күнү аянтка 100 миңге чейин киши алып чыкканын ырасташууда. Полиция болсо чогулгандардын саны алда канча аз болгонун, 60 миңге чамалаганын билдирүүдө. Митингчилер өлкөнүн үч ири банкынан 1 миллиард евронун чет өлкөгө чыгарылышына бийликтин тиешеси бар деп эсептешет. Алар «Өлкөбүздү кайтаргыла!», «Олигархтар кетсин!» - деген ураандарды чакырып турушту.

"Интерфакс" кабар агенттигинин маалымдаганына караганда, митингчилер Башкы прокуратурага карай жүрүш жасап, полициянын кордонунан өтүүгө аракеттенгенде кагылышуу чыгып кеткен. Бир нече киши кармалып, бир канчасы жарадар болгон.

Айрым маалымат каражаттары бийлик митингди үзгүлтүккө учуратуу үчүн Кишиневдун борборунда акысыз концерт уюштурууга аракеттенген. Бирок артисттердин көбү ага катышуудан баш тартышты.

Кыймылдын лидерлери президент Николае Тимофтинин, Улуттук банк, Башкы прокуратура, Антикоррупциялык мекеменин жетекчилигинин кызматтарынан кетишин, кийинки жылдын мартына чейин кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Өкмөт башчы Валерию Стрелец паракорлук менне күрөшүүгө, митингчилердин талаптарын караштырууга убада берди. Сөз болгон акча 2014-жылкы парламенттик шайлоонун алдында табышмактуу жагдайда жок болуп кеткен. Тагыраак айтканда, каражат коммерциялык үч банктан​ чыгарылып кеткен.

"Кылым аферасы" деген атка конгон окуядан кийин улуттук валютанын куну качып, инфляция өскөн, бул өз кезегинде элдин жашоо деңгээлин кыйла төмөндөткөн. Бир миллиард евро – өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн сегизден бир бөлүгүнө барабар.

Ага удаа үстүбүздөгү июндун ортосунда премьер-министр Кирилл Габуричтин отставкага кетиши саясий кризиске алып келген. Анын алдында премьер банк жаңжалына тиешеси бар деп айыпталып жаткан бир катар жетекчилердин кызматтарынан кетишин талап кылган. Ошондон кийин тергөөчүлөр өкмөт башчынын жогорку билим жөнүндөгү дипломдоруна кызыга башташкан.

«Ар-намыс жана адилеттүүлүк» кыймылы өзүн батышчыл деп эсептегени менен азыркы бийликке оппозицияда болуп келатат. Бул саясий күч коррупцияга, калктын жакырлануусуна каршы күрөшүүнү максат кыларын айтып келет.

Кыймыл бул өңдүү митингди ушул жылдын май айында өткөрүп, анда ага 30 миңдей киши катышкан.

Бир нече айга созулган саясий кризистен кийин Молдовада демократиялык жана либерал-демократиялык партиялардан турган өкмөт куралган.

XS
SM
MD
LG