Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Дүйнө Жаңы жылды этияттык менен тосту


Франция боюнча 60 миңдей күч органдарынын өкүлдөрү Жаны жыл түнү күзөттө турушту.
Франция боюнча 60 миңдей күч органдарынын өкүлдөрү Жаны жыл түнү күзөттө турушту.

Жаңы жыл түнү дүйнөнүн ар кайсы бурчунда теракт уюштурушу мүмкүн деген коркунучтардан улам көптөгөн чоң шаарларда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, кошумча аскер күчтөрү тартылды.

Мюнхенде жаңы жыл түнү теракт болушу мүмкүн деген коркунучтан улам жабылган эки вокзал тең ишке киришти. Полицияга ишенимдүү булактардан шаарда теракт уюштуруу коркунучу бар деген маалымат түшкөн. Болжолдуу объекттер деп эки темир жол бекети аталган соң дароо вокзалдагы адамдар эвакуацияланган. Полициянын айтымында, шектүү террорчулар тууралуу кандайдыр бир маалымат берүү азыр эрте жана алардын саны жетиге чейин барат. Алардын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна катыштыгы бардыгы айтылууда.

Бавариянын ички иштер министри Йоахим Херрман чукул чечимди мындайча түшүндүрдү:

- Мюнхендин полициясы элге поезд каттамдарына чектөө киргизилгенин айтты, чектөөлөр Пазинг вокзалында жана Мюнхендин башкы темир жол бекетинде киргизилди. Биз конкреттүү коркунучтар бардыгын билгендиктен эч кандай тобокелге бара албайбыз жана өз чечимибизди туура деп эсептейбиз.

Мюнхенде болжолдуу объекттер деп эки темир жол бекети аталган соң дароо вокзалдагы адамдар эвакуацияланган.
Мюнхенде болжолдуу объекттер деп эки темир жол бекети аталган соң дароо вокзалдагы адамдар эвакуацияланган.

Ал тапта Бельгияда теракт уюштурууну көздөгөн деген шек менен алты адам камалды. Ага чейин шейшембиде дагы эки адам ушундай эле шек менен камалган. “Саид С” жана “Мохаммад К” аттуу эки шектүүнүн камактагы убактысын дагы бир айга узартуу чечимин сот бейшембиде чыгарды. Расмий маалыматтарга караганда камалгандар Kamikadze Riders байкерлер тобунун мүчөлөрү. Шаршембиде Брюсселдин мэриясы ар кандай коркунучтардан улам Жаңы жылдык салютка тыюу салган.

АКШда федералдык жана жергиликтүү коосуздук күчтөрү эл арбын топтолгон Нью-Йорктогу Таймс-Сквер көчөсүндө, Лос- Анжелестиги “Роуз боул” стадионунда тартип чараларын эки эсе күчөттү. Таймс-Скверде өткөн негизги иш-чараларга 6000дей полиция кызматкери тартылды. Коопсуздук чаралары Австриянын баш калаасы Венада да күчөтүлгөн.

Дубайдагы өрт

Жаңы жыл майрамын белгилеп жаткан учурда Дубайдын 63 кабаттуу The Address Downtown отелин өрт чалып, 60тай киши жараат алды. Өрттүн себептери азырынча белгисиз. Мейманкана дүйнөдөгү эң бийик имарат Бурж Халифага чукул жайгашкан.​

Жаңы жыл түнү Дубайдын 63 кабаттуу The Address Downtown отелин өрт чалып, 60тай киши жараат алды.
Жаңы жыл түнү Дубайдын 63 кабаттуу The Address Downtown отелин өрт чалып, 60тай киши жараат алды.

- Биз чындыгында Бурж Халифа тараптан жаңы жылдык фейерверктерди күтүп жатканбыз. Анан эле калың түтүн каптап, мейманкана тараптан өрт тутанганын байкадык, кийин эки жардыруу угулду. Биз эч нерсе түшүнбөй нес болуп калдык. Абдан коркунучтуу болду, - деди өрткө күбө болгон адамдардын бири. ​

13-ноябрдагы катар болгон терактан кийин өзүнө келе элек Парижде майрамды тынч өткөрүштү. Шаар бийлиги расмий салтанаттарга жана фейерверк аттырууга тыюу салган. Ал эми жалпы Франция боюнча 60 миңдей күч органдарынын өкүлдөрү Жаңы жыл түнү күзөттө турушту.

Палестинанын Газа тилкесинде бийликтеги ”Хамас” партиясы Жаңы жыл ислам динине туура келбейт деген негизде аны майрамдоого тыюу салды.

Ар кандай эскертүүлөргө карабастан лондондуктар чоң салюттарга күбө болушуп, негизги салтанаттарга эл арбын чогулду.

XS
SM
MD
LG