Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Нобел Тынчтык сыйлыгы үч айымга ыйгарылды


Либериянын президенти Эллен Жонсон Серлиф, либериялык активист Лейме Гбови, йемендик укук коргоочу Таввакул Карман дүйнөлүк мартабалуу сыйлык ээлери аталды.

Бул үч айым “аялдардын коопсуздугу жана аялдардын тынчтык орнотуу аракеттерине толук кандуу катышуу укугу үчүн күрөштү зордук-зомбулуксуз жүргүзгөнү үчүн” талбас эмгеги менен жогорку баага татыды.

Эллен Жонсон Серлиф - Африканын тарыхында президенттик кызматка демократиялык жол менен шайланган туңгуч аял саясатчы.

Ал Либериянын президенттигине 2006 –жылы жалпы элдик шайлоонун натыйжасында келген.

Нобел комитети белгилегендей, ал президенттик кызматында өлкөдө тынчтык орноосу, экономикалык –социалдык өнүгүү жана аялдардын коомдогу ордун бекемдөө үчүн көп нерселерди жасады. Комитеттин төрагасы Турберн Ягланд Ослодо Тынчтык сыйлыгынын быйылкы ээлерин жарыялап жатып, буларга токтолду:

- БУУнун Коопсуздук кеңеши 2000-жылы 1325-резолюцияны кабыл алган. Ал резолюцияда аялдарга карата куралдуу жаңжалдар учурундагы кыянатчылыктар биринчи ирет эл аралык коопсуздуктун маселеси катары каралган. Анда аялдар тынчтык жараяндарына эркектер менен тең шартта катышуусу зарылдыгы баса белгиленген. Эллен Жонсон Серлиф Африканын демократиялык жол менен шайланган алгачкы аял президенти. Кызматына 2006-жылы киришкенден тарта ал Либерияда тынчтык орноотуу, экономикалык-социалдык өнүгүүнү колдоо жана аялдардын коомдогу ордунун күчөшү үчүн салым кошту.

72 жаштагы Эллен Жонсон Серлиф АКШдагы Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү. 1980-жылдардын орто ченинде Либериянын аскерий режимин сындаганы үчүн он жылга кесилип, бирок кайра түрмөдөн бошотулуп, өз өлкөсүнөн чыгарылган. Мекенине 1997-жылы Дүйнөлүк банктын жана “Ситибанктын” экономисти иретинде кайтып келген. Президенттик шайлоого алгач 1997-жылы катышып, анда Либериянын ошол кездеги мамлекет башчысы Чарлз Тейлорго 10% айырма менен утулду деп жарыялаган. 1997-жылдан 2005-жылга чейин Эллен Жонсон Серлиф президент Тейлорго оппозицияда болгон.

Лейме Гбови - либериялык активист. Ал тууралуу Нобел Тынчтык комитетинин төрагасы Турберн Ягланд мындай дейт:

- Лейме Гбови Либериядагы узакка созулган согушту токтотуу үчүн этникалык жана диний жактан түрдүү жээкте турган аялдарды моблизациялап, уюштурду. Ал ошондой эле аялдардын шайлоого катьышуусун камсыздады. Ошондон бери ал Батыш Африкада аялдардын согуш учурунда жана согуштан кийин таасирин көтөрүү үстүндө иштеди.

Таввакул Карман - йемендик журналист. Сыйлык комитетинин төрагасы Турберн Ягланд журналситтин эмгегин мындайча баалады:

- Өтө оор шарттарда, “Араб жазына” чейин жана андан кийин Таввакул Карман Йемендеги демократия жана аялдар укугу үчүн күрөштө чечүүчү роль ойноду.

Үч баланын энеси Таввакул Карман быйыл апрель айында атайы “Эркин Европа жана Азаттык” радиосуна берген маегинде мындай деген:

-Бул кыянатчылыктар демонстранттардын психологиясына оң таасир берди. Алар абдан ачууланып, атүгүл мурдагыдан да туруктуу болуп калышты. Эркиндикке жана режимдин кулашына жетишип, мыйзамдуу талаптарын ишке ашыруу үчүн эрк керек деген бүтүмгө келишти.

Йемен араб дүйнөсүнүн элдик толкундоолор каптаган өлкөлөрүнүн бири. Бул өлкөдө январдан бери президент Али Абдулла Салехтин кызматтан чегинишин талап кылган демонстрациялар уланууда. Таввакул Карман ошол нааразылык акцияларын уюштуруунун башында турган адамдардын бири.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG